КАЙНЕНЕ-КЕЛИН КАНТИП ТИЛ ТАБЫШУУ КЕРЕК?

Кайнене менен келиндин канга сиңген тиреши үй-бүлөнүн урашына эле алып келбей, кээде криминалдык түскө да өтүп кетүүдө. Бир аз убакыт мурун «кайненеси жашатпай койду» деп кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан келиндин кылыгы коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Канткенде бул таймашты жок кылып, бир үй-бүлөгө айлануу керек? Психолог АЙЗАДА ТАНАЕВА менен чогуу жооп издедик.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК КЕЛИП ЧЫГАТ?

  • Эркек аялзатынын идеалы катары өз энесин көргөндүктөн, энесине окшош кызды издейт. Эгерде энеси жана келинчеги жумшак болсо, маселе жок. Ал эми экөө тең күчтүү мүнөздүн ээси, лидер болсо, үй-бүлөдөгү чечүүчү орун үчүн эки аял өздөрү байкабай күрөшөт.
  • Кайненелер 50-55 жаштарда келин алышат. Бул учурда аялзатынын эң оор абалы – климаксты башынан өткөрүп жаткан учуру болот. Тез жини келип, болбогон нерсеге кыжырланып баштайт.
  • Келин үчүн башка эрежелер, башка үй. Анын психологиялык абалы туруксуз. Ордун тапканча убакыт керек болот.
  • Айрым кайнене өзүнүн карып баратканын, үй-бүлөдө жаш аял келгенин, анын таасири бар экенин кабыл алгысы келбейт. Кызганычтык менен карап келинин атаандаш катары карайт.


КЕЛИНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ

1. Сиз бул үйгө келин болуп келдиңиз, үйдүн салтын, эрежесин кабыл алууңузга туура келет. Жаштардын «кааласаң да, каалабасаң мен ушундаймын, кабыл ал» деген жакшы көргөн фразасын үйдүн босогосун аттап жатканда эле таштап коюңуз. Ордуна улуулардын «Ким ийилбесе, ал сынат» деген макалын акылыңызга жазып коюңуз.
2. Кайнене монстр эмес. Биринчи күндөн эле кайненеге каршы стереотип менен барган туура эмес. Үйрөнүүгө, кабыл алууга даяр болуңуз. Ал сизден тиричиликти, алыш-беришти, карым-катнашты жакшыраак билет эмеспи.
3. Кайненеңиздин психологиясын, эмнени жакшы көрөт, эмнени жаман көрөт, сүйүктүү сериалы кайсы, кайсы абысыны менен өч, иликтеп койсоңуз жардамы тиет. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда бир тема жаралышына жардам берет.
4. Кайнененин көзүнчө уулу менен кучакташып, өбүшүп турганыңыз болбогон нерсе. Анын энелик сезимдерин аяп, башка жерден эмоцияңызга жол бергениңиз акылдуулук.
5. Жактырбай жатканын билсеңиз деле үмүт өчүрбөңүз. Күлүп-жайнап, чайын сунуп, абалын сурап мамилени өзгөрткөнгө аракет кылсаңыз бир күнү болбосо, бир күнү өзгөрөт. Күйөөңүздү сүйсөңүз, аны төрөгөн аялдын да бир жакшы жагын сөзсүз көрө аласыз. Жок дегенде сиздин аракетиңизди күйөөңүз баалап ыраазы болот.
6. Энесин күйөөңүзгө жамандабаңыз. Башыңыздан сылап «сеники туура» дебейт. Эркектер аялдай стресске туруктуу калк эмес. Жашоосундагы эки жакын адамдын бирин жакшы, экинчисин жаман көрө албайт. Эркек үчүн бул чатак чечилбеген дилемма, андыктан колдон келишинче эки аялдын ортосундагы нерсени эркектин кулагына жеткирбей бүтүргөнгө аракет кылгыла.
7. Батпай жатасыңарбы, «өзүбүзчө бөлүнөлү» деп ачык айтыңыз. Өз алдынча болуп тиричилик кылуу жаш үй-бүлө үчүн пайдалуу чечим.
8. Күйөөңүз абалыңызга кайдыгер карап, кайненеңиз менен тил табышууга мүмкүн эмес болсо, башкача айтканда, абалды оңдоонун башка такыр жолу жок болсо, криминалдык жолго барбастан, абал оңолгуча кетип калганыңыз оң. Баш менен дубал сүзгөн абалга караганда, өзүңүздү сактап калуу үчүн майдандан чыга турууга туура келет.
9. «Кайнене үчүн ажыраштым» дешет. Сиз кайненеге эмес, күйөөгө тийдиңиз, эмне үчүн кайнене үчүн күйөө менен ажырашыш керек? Ал эми сиздин үй-бүлө, ал үчүн күрөшүү сиздин колуңузда.

ИДЕАЛДУУ КАЙНЕНЕНИН ПОРТРЕТИ

  1. «Керегем, сага айтам, келиним, сен ук». Кыргыздар келинге нааразычылыгын кыйыр мааниде айткысы келгендиктен ушул макал келип чыккан. Кайнене келинди бооруна тартып, кемчилигин жымсалдап, ыгы менен акырын айтканы оң. «Колуңдан келбейт турбайбы, энең үйрөткөн жок беле?» деген кер какшыктын ордуна, «үйрөнүп кетесиң, баарыбыз эле ушинтип үйрөнгөнбүз» деп койсо алда канча акылдуулук.
  2. «Келиндин келгендегиси эстен кетпейт» дейт. Кайнене биринчи күндөн эле «кызым» деп кайрылганы оң. Каарын чачпаса, ага ишенип, кабыл алганын билдирсе, келин үчүн чоң бакыт.
  3. Ден соолугу чың тукум алып келиши үчүн кайнене келиндин ден соолугун карап, боюнда бар учурда, андан кийинки кырк күн оор жумушка салбай аяганы туура. «Биз деле ат чаап жүрүп төрөчүбүз, өлүп кетпейт» дебеш керек. Мурункулар ат жалында жүрүп төрөсө, азыркы аялдар бардык шарты бар төрөтканаларда төрөп жатышат. Бирок төрөттөн каза болгондор көп.
  4. Идеалдуу кайнене келин менен уулдун ортосунда болгон ички иштерине кийлигишпейт. Эгерде чатактары ырбап бара жатса гана уулуна тартпай, экөөнө тең калыс сөзүн айтат.
  5. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» деген кеп бар. Жакшы кайнене келинин кайын эже, кайын сиңди, абысын, коңшу-колоңдун ушагынан коргойт. Аны «тигинин келини минтиптир, сен эмне антпейсиң?» деп салыштырбайт. Анын келбетин, арыгын-толугун, сулуу-ырайы сууктугун башкалар менен талкуулабайт. Уулу ошол аялды тандаса, демек, бир татыктуу жери бар экенин эске алат.
  6. Өзү менен келинин салыштырбайт, атаандашпайт.
  7. Келинге кызматкер катары карабайт. Чарчаса аяп, «эс алып ал» деп айтат. Замандын агымы менен болот.
  8. Уулунун бактысы үчүн келиндин кемчилигине көз жума алат же тарбиялап чыгарат.
  9. Акыркы жана эң негизгиси, чын жүрөктөн келинин сүйүп өзүнө татыктуу орун басар катары көрөт.


КАНДАЙ КАЙНЕНЕСИЗ?

Жаркын Балыкбаева, актриса:
– Укмуш кайненемин дебейимби (күлүп). Келиндериме үн катпайм, эркин коём. Ал дагы бирөөнүн баласы, жүрөгүн ооруткум келбейт. Өзү билип кылса кубанып калам, кылбаса капа болбойм. Мурункуга салыштырмалуу келиндерден ыйман кетти. Өзүмдүн апам келиндерин катуу кармачу. Жууркандарын сыйрып ыргытып, «тургула» деп кыйкырып катуу башкарчу. Келиндери үн катышчу эмес. Азыркы келиндер бирди айтсаң, сага экини айтат. Эки ооз сөз чыга электе тейтеңдеп түйүнчөгүн түйүп «кетем» деп баштайт. Ажырашкан азыр оңой болуп калбадыбы, мурункулар жабышып эле оокатын кылып үй-бүлө болуп кетишчү.
Антейин десем, кайненелердин деле каары кээде далай жерге алып барат. Күйөөсү келинчегине жардамдашса кайненеси «сен жөн отур, бул үйгө кызмат кылганы келген, жасасын» дейт экен. Эми ушу жакшыбы, экөөнүн баласын колунан алып соорото турса жаманбы?

СИЗ КАНДАЙ КЕЛИНСИЗ?

Назми, ырчы:
– Мен кандай келинмин? Жакшы келинмин. Жалгыз кыз болгондуктан өз апам мага үй тиричилигин эрте үйрөттү. Баарын билип эле турсаң кайненең деле сага ыраазы болот экен. Мен кайненемден кызматымды аябайм. Апам мени жакшы көрөт, сыймыктанат. Башка кайненелердей болуп ушактап, ички иштерге такыр кийлигишпейт. Мен кайнене болгонумда деле келиниме аябай түшүнүү менен карайт болушум керек. Азыр кайнененин ишеничине кирсең, кийин алар сен үчүн да опол тоодой тирек болуп берет. Ошон үчүн кайненени жакшы көрүш керек, сыйлаш керек. Келиндерге кеңешим, жаман нерсе издебеш керек. Көп нерсени көз жума билиш керек, жакшылык эле кыла бериш керек, жакшылык баары бир жеңип чыгат жана айланып келет. Мен апама жакшы келин болсом, кийин мага жакшы келин туш келет деп ишенем.


Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (92)
ZHaziko
2017-09-23 02:04:47
Прописканды алып кет деди, макул алдым уйго коеюун десем кайна эне койдуртпай койду- Эмне кереги бар деп кыйкырып жолдошума уй кайна энеге жазылган.5-6 жолу кайрылдым басып кетти унчукпай ошентип 7-8 айдан кийин Алыстагы туугандарымдыкына койдум менин жумушума гор. прописка керек эле ансыз албайт ошентип иштен айрылдым. Жолдошум апасын созун угат 2 жолу ЗАГС тан отолу десе апасы кыйкырды болбой койду баласын бузуп, мейли дедим. Бир куну келди кышылдап кун ыссыкта, кайдан келдиниз десем Силердин
+3
ZHaziko
2017-09-23 02:10:09
Силердин тагдырынарды чечип келдим. Деди корсо козу ачыктарга барып дуалатса керек.- Мен силерди ары же бери кылам деп басып акшыя кирип кетти уйго. Туулган кунум келди ошентип куйоом менен урушуп кеттим Бир аз апасы келип калып кайним экоо урганга чейин барды, кийимдеримди ыргытып кочого салды, кайна эне суйлонуп: Оф уга менен ажыраш десе эле ажырашпайт, кетир деп канча айттым, канча уруштурсамда табышып алат кайра эле. Шылтоо таппай жаттым эле, жакшы болбодубу деп мени кочого чыгарып коюушту
+2
ZHaziko
2017-09-23 02:15:36
Ыйлай албай же кулон албай шок болуп самсалап подружкам жакын жашайт эле ошого бардым чонтогумдо 3 сом бар экен. Ыйлап стресс болуп жатып калдым, канча акча канча мээнетим кетти эле Ошо уйго жашайм деген учун мен акча коротком. Эми нолдо талаада ара жолго таштап койушту, 2 кундон кийин курдаштарым урушуп бар акчанды берсин де бар уйуно деди баргым келбей аран бардым ачка болчум барып ыйладым акчамды бергилечи уят эмеспи десем, кайсы акча сен Бир сом кошкон эмессин дейт.
+2
ZHaziko
2017-09-23 02:21:49
Ыйлап жатсам куйоом жинге тийип телефонунун камерага тартып отурат. Ужас. Учоолоп уруп салды. Эсимде жок козум ачсам больницада жатыпмын кок ала денем. Башым ооруп кускум келет.Милиция келди заявление жаздым. Бирок эч Ким караган жок Корсо заявление тушкондо эле куйоомо чалыптыр милиция Лар тааныш курсташ достору экен. Мен. Караганда жок. Мейли кудайым салдым дедим болницага карыз болдум 5000 дей залогко таштайын десем алтындарыман бери алып коюушкан айла жок убактылуу паспортмду таштадым,
+2
ZHaziko
2017-09-23 02:26:32
Куйоом чалды коркутуп Заявление ал болбосо ининдин чонтогунон наркотик салып каматам деди. Мен уккан кулагыма ишенбедим ыйлап жатып калдым. Мен суйгон Адам, мен ага жолукканда ичимен соз бергем мен ага жомоктогудай жашоон у тартуулайм бактылуу кылам деген. Бала торойм озуно окшош деп кыялданчу элем. Мына Ошо Адам мага кылган кесепети мен озумон да аны суйчумун. Алдым заявление ни кетип кал деди мени чет жака, Бир туруп келип ыйлайт кайра жашайлы деп кайра башканы суйлойт.
+3
ZHaziko
2017-09-23 02:29:06
Ошентип эмне кылмак элем мени баарыбир бу жакта карманан эч Ким жок деп кетип калдым чет олкого. Мына 23 сентябрда 7 ай болот экен буйруса шугур машина алам деп кайра акчамды чогултуп жатам. 2-3 айдан кийин кетем кыргызстага кесибим менен иштейм машинамды чекчейип айдап.
+2
ZHaziko
2017-09-23 02:33:45
Мен ойлойм ЗАГС созсуз ото тургандай кылып койсо окмот балким мен оз мээнетимди алар элем,4000$ оной акча эмес Бир участок келет эле уй салып алат элем. Ошо ЗАГС жок канча кыздар кор болуп жатат мендейден миндей эркектер эмне алар коркпойт колдонуп кетет мендей болуп кочого калтырып салат экен.аябай коркуп калдым баардык эркек ушундай болсо анда билбейм. Окмот Бир чара корбосо кыздар аябай кор болуп кеттик
+3
ZHaziko
2017-09-23 02:34:56
Суранам мурунку закон келсин. ЗАГС жок баласын роддомдон чыгарбай турган Ошо закон жакшы эле.
+2
ZHaziko
2017-09-23 02:47:35
Арманымды айтып женилдеп калдым. Окуугандарга Рахмат. Комментарии , суроо кутом.
+3
Gugi
2017-09-23 21:51:13
ZHaziko, ушундай макоолор менен жашап, ден соолугундан ажырагандан коро, жалгыз тынч жашаган жакшы. Чакчайып жаны машиненди айдап, жакшынакай журо бер. Кудай бир эшикти жапса, экинчисин ачат дейт. Сен созсуз бактылуу болосун!
+1
ZHaziko
2017-09-25 02:51:07
Gugi, Рахмаат
0
Nurkyz1977
2017-09-24 11:02:34
ZHaziko,кундун тени жарык,тени карангы кыйынчылыктын артында созсуз эн жакшы кундор бар. Мен арманымды айтпай эле коюун бирок сеникинен да оор эле,эч кимге айтпай ыйлап балдарымдын жашоосун ойлоп журуп акыры Жаратканым баарына жакшы тушунук берди,менден кийинки келиндери мендей чыдай албады,азыр кайненем откон кундор учун кечирим сурайт,балдарым чоноюуп студент апалап турат. Мен да жакшы кайнене болгум келет азыр жашоом баары жакшы Аллага шугур. Сабыр керек сабырдын тубу сары алтын.
+2
kiki080808
2017-09-25 12:30:44
ZHaziko,сиздин окуяныз менин окуяма аябай эле окшош экен. Мен да азыр кызым менен чет олкодо жашайм. Убагында аябай кордошкон. Сиз айткандай Бишкектеги милициялар арызымды карабай койгон, канча уруп бармактарымды сындырганга жеткен, нерв болуп озумду озум олтургум келген кундор болгон. Апасы баткендик, бакшыдан башы чыкпаган жинди, экоолоп урган кундор толтура болчу, жеген тамактарымдан бери эсептеп, элдин козунчо калп эле жакшы болуп, уйдо канымды ичишчу, апамдардын колунда жок болгонун билип
0
kiki080808
2017-09-25 12:36:32
ZHaziko, оюна келгенин кылышчу. Эх кайран жаным, кызым атасыз калбасын деп болгон кучумду жумшагам, ыйлай берип карып да кеткем. Кудайга салдым, азыр 6 жыл болду акыркы жолу кубалап жибергендерине. Мага да апасы загс кийин аласынар деп той да, загс да кылдырбаган, кийин мени кубалап жибергенден кийин бир баткендик кызга уйлонуп, мага чалып мен кыйынмын, мен баймын, мен бактылуумун, сен кочодо калган бомж, проститутка , мен сени менен каалагандай ойнодум деп жургон, акыры телефонумду и почтамды
0
kiki080808
2017-09-25 12:44:13
ZHaziko, очурдум,болгон связьды токтоттум, кызыма ушундай атанын кереги жок экенин тушундум. Аябай акчага муктаж болуп ,кичине тамак ашка жардам бер десем жугунду жалко, мага кызындын кереги жок менин уул балдарым болот деген.Ошондой эле азыр эки баласы бар экен.Мурун аябай капаланчумун,бирок азыр ойлобойм да.Сиз коп кайгырбаныз, жашоо деген ур, токмок, кайгы эмес, буюрса сиз да озунузго ылайык адамды жолугаттырсыз.Орустар айтмакчы, все к лучшему.
0
aiman1983
2017-09-23 12:02:05
Бизде да кайын эне бар, келинди кулдай жумшап, какшык создон башка жакшы созу жок. Тамакты тандап жеп, нан жапсан жактырбай кесек деп жеген. Уйуно баруудан журогун титирейт, дагы эмне деп жиберет деп, айла жок укчуубузду угуп ичи бизден ызааланып сыртыбыздан жылмайып ары жок адамдай кайра уйубузго келебиз. Жакшы дагы уйубуз болок. Оо кудай ошончо кордук кордук, озубуз кандай кайын эне болот экенбиз?
+4
Tyty1990
2017-09-23 18:38:56
Уйлонбой эле коюш керек
+2
aziza0428
2017-09-24 22:43:35
азыркы заманда баласынын бактысын ойлогон кайненелер азайып кеткендей мага
+2
Aitun
2017-09-25 19:27:15
Кеч болсо деле менин кайненем жонундо эки ооз соз жаза кетсем. Кайненем укмуш алтын аял. Мурда жаман коро берет элем суйлоно берет деп. Бир куну эшике чыгып мороженое жеп келгиле деп кызым экообузго 500с берди. Озу ооруп атсада ишке кетип атат. Мен иштебей бала менен уйдо болчум. Кайненем кеткендеин ойлоп карасам почти кундо акча берет кийим сатып берет продукты кылып келет только жакшылык эле кылат. Анан озумо айтым значить мен эч нерсени корбогом мен жаманмын деп. Азыр эне кыздайбыз мама деп
0
saltu25
2017-09-26 00:51:34
Менин кайненеме да соз жок, канча жакшылылык кылып, ич кийиминен бери жанылап кийим кече алып берсем да кордум же рахмат дебейт, патасын беришин да билбейт, кийим кечем толтура тебелеп кийип койгом дейт, хотя начар эле журчу
+1
toma95
2017-10-21 23:07:38
а менин кайненем алтын.Аман болсун бар болсун омуру узун болсун торубуздун корку болуп ысык чайымды ичип бактылуу карылыкты корсун.Кайнеме мин мертебе ырахмат айтам балсын ушинтип тарбиялагандыгы учун.Балдарымдын атасын суйуп туруп анан кантип энесин сыйлабай жакшы мамиле кылбай койушум керек?
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан