– Марат агай, саламатсызбы? Жакында тартылып бүткөн «Саякбай» тасмасында улуу манасчынын ролун аткардыңыз. Роль сизге кандайча тийип калды?– Саламатсыңарбы? Мени кесиптештерим, тааныштарым «сен Саякбайга окшошсуң го, барып көрбөйсүңбү» деп жатып кастингге жиберишкен. Барганда эле кинонун режиссёру Эрнест Абдыжапаров «Саякбайдын ролун аткарганга даярсыңбы?» деди. Бул да болсо режиссёрдун көрөгөчтүгү болсо керек, мага чейин кастингге келген бир нече актёрдун ичинен мага көңүлү түшүптүр. Жыйырма жаштын тегереги болсо керек, Мелис Убукеевдин «Улуу манасчы» деген киносунда Саякбай Каралаевдин ролун аткарган болчумун. Ошол кинодон үзүндү монолог айтып бердим. Режиссёр дароо «Марат, мен сени тандадым» деди. Бирок продюсерлер «Марат Жанталиев куудул да, Саякбайды кантип аткарат?» деп менин талапкерлигиме каршы чыгышып, анын айынан эки жолу чогулуш болуптур. Баары бир жыйынтыгында мен ойнодум.
– Кинодо Саякбай атабыздай эле толук көрүндүңүз, атайын салмак коштуңузбу?
– Мен кастингге барганда 70 килограмм болчумун. «Съёмка башталгыча толуп кел, болбосо манасчыга окшошпой каласың» дешти. Ал учурда гастролдо жүргөнбүз. Кээде ач калабыз дегендей, салмак кошпой эле кайра арыктап келиптирмин. Анан тамакты даамдуулап, майлуулап жей баштадым. Эч нерсени ойлобой, бейкапар жүрө бердим. Натыйжада 16 килограммга толдум.
– Буга чейин чалагайым адамдардын ролун да көп аткардыңыз, кимисин ойноо татаал?
– Чалагайымдардын образын ачып берүү, окшоштуруу, жеткире ойноо, көрөрманды ишендирүү бир топ эле оор. Бирок жөнөкөй адамдардын образын ачып берүүдө «кандай ойноп жатам, окшоштубу?» деп ойлонбойсуң, сарсанаа болбойсуң. Ал эми тарыхый инсанды ойноо бардык жагынан оор экен. Саякбай атабыздын ролун жаратууда бир топ бушайман болдум. Бирок, чынын айтайын, бетиме грим жасап, костюмду кийгизишкенде эле өзүмдү көзөмөлдөй албай калдым. Бардыгы менин оозума, колума сала бергендей шар болду. Сүйлөгөнүм өзүнөн-өзү кетти. Кенедей да тоскоолдук болгон жок. Балким, улуу манасчынын арбагы колдодубу, ким билет. Бүркүттү да өмүрүмдө кармап көргөн эмесмин. Аны менен 10 чакты күн жүрүп өзүмө көндүрдүм. Учурунда билинген эмес, ал кишинин ролун коркпой кантип аткардым деп эми коркуп жатам.
– Улуу манасчынын ролун аткаруу менен ал кишинин арбагын козгоп койдуңуз, түшүңүзгө кирген жокпу?
– Чынын айтайын, андай эч нерсе болгон жок. Мелис агабыздын киносунда ойногондо эле «Саякбайдын ролун сен аткарасың» деп мага буюруп койгон окшойт.
– Эң көп тапкан гонорарыңыз канча болгон?
– Эң чоң гонорарды «Саякбай» фильминен алдым, канча экенин айтпайм.
– Учурда жашообузга виртуалдык дүйнө деген түшүнүк кирген. Интернетте активдүүсүзбү?
– Активдүүлөрдүн катарын толуктачумун. Бирок WhatsApp`ты калтырып, башкасын өчүрүп салгам. Тажатып жиберишти. Уктайын, сахнага чыгайын, тамак ичейин деп жатсаң деле кайра-кайра чалышат, СМС жазышат. Үнүн өчүрүп салсам, телефонум жарылайын деп калат, анан бардык социалдык тармактардагы баракчаларымды өчүрүп салгам. Бирок баары бир керек экен, бүгүн кайра ачтым.
– Өзүңүздү мекенибиздин патриоту деп эсептейсизби?
– Кыргыз болуп Кыргызстанда туулганыма сүйүнөм. Мекенимди сүйөм. Мен Орусияда же Казакстанда туулсам ал жакта деле өз мекенимди сүйгөн патриот болмокмун. Мен ушул турган турпатым менен патриотмун. Патриот болгон үчүн көчөдөгү кичинекей кагазды да алып таштанды челекке салам. Канча айлык албайын топук кылып, башка кесиптин эшигин какпай, чет өлкөгө кетпей иштеп келе жатам.
– Өткөнгө көз салганда эмнени сагынасыз, балким, жаштыгыңызды?
– Жаш кезин ким сагынбайт? Андагы сүйүүнү, сүйүүдө күйүп-жанган мүнөттөрдү, жолугушууга шашылган күндөрдү ушунчалык сагынам. Бирок ал кездеги сүйүү өчкөн жок. Ал сүйүүм балдарымда, жубайымда. Атам менен апамды, алардын жаш кезин сагынам. Атамдын көзү өтүп кеткен. Алланын буйругу экен, иним да о дүйнө салды. Азыр ашын берүүгө даярданып жатабыз.
– Өзүңүзгө кайсы сапатыңыз жакпайт?
– Жөнөкөйлүгүм, анан ишенчээктигим жакпайт. Ушундай адам экенимди кийинчерээк түшүндүм. Өзүмдүн үстүмдөн ушул сапаттарымды жоёюн деп иштеп аракет кылып эле жатам, бирок болбойт экен. Алданганымды айтсам көптөр таарынат го. Көптөр деп коём, окуяга тиешеси барлар дегеним. Көчөдөгү шылуундарга да канча алдандым. Бир жолу стакандардын ичине шариктерди катып ойнотуп жаткандарды кызыгып карап калдым. Бирөө мени карап «шарик мобул стакандын ичинде, ачыңыз, ачыңыз» деди. Мен да ошону болжоп турдум эле, тигинин шыкагы менен ачып жиберсем эч нерсе жок. Ошону менен томсоруп туруп калдым. Мен оюмду жыйгыча бирөө колумдагы күмүш шакегимди чечип кеткен.
– Эгерде дүйнөлүк жылдыздар менен киного бирге тартылуу сунушталса кимди тандайт элеңиз?
– Андай сунуш түшсө «Титаник» тасмасында ойногон Кейт Уинслет менен өнөктөш болмокмун. Нурбек Эген тарткан «Атанын керээзи» тасмасында Изабелге арак ичирип салган адамдын ролун жаратпадым беле, ошондогу Наташа Ренье менен чогуу бир тасмада роль жаратканыма кубанам.
– Жакында эле көпчүлүк артисттерге наам берилди. Айрымдардын сизди татыктуу деп айткандарын уктум, жазгандарын окудум. Сиздин оюңузду да уккум келип жатат.
– Качан эле таланттар убагында бааланчу эле? Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов деген жылдыздарыбызды учурунда ким баалап, барктап алган? Негизи эле бул илгертен келе жаткан илдетибиз окшойт. «Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» деген элибизде таамай айтылган сөз бар. Адамдын баасы, баркы, эмгеги жаш өтүп калганда же көзү өтүп кеткенде эмес, жаш кезинде бааланышы керек. Жаш артисттерге берилип жатканын колдойм.
– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg