«Энджи» тобу: «КЫРГЫЗ ПРОДЮСЕРЛЕРИ БИЗГЕ ИШЕНИШКЕН ЖОК»

Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөмөк тургай, «Backstreet Boys» тобунун, Shakira жана башка дүйнөлүк жылдыздардын ырларын кавер ырдап интернет жылдызына айланган «Энджи» тобунун кыздары бүгүн биздин маек төрүбүздө. Келечектен көптү үмүттөндүргөн кыздар алгачкы кадамдары жана өздөрү тууралуу баяндап беришти.

Аты-жөнү – Аймарал Каарманова
Туулган күнү, жылы – 2-февраль, 1998-жыл
Билими – Борбор Азиядагы Америка университетинин бизнес жана башкаруу факультетинде 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 7 бир тууган


Аты-жөнү – Айгерим Сардар кызы
Туулган күнү, жылы – 11-декабрь, 1996-жыл
Билими – Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетинде 4-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 4 бир тууган


Аты-жөнү – Жанайым Ашымова
Туулган күнү, жылы – 18-октябрь, 1999-жыл
Билими – Борбор Азиядагы Америка университетинин кино жана телеберүү факультетинде 1-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 7 бир тууган


Аты-жөнү – Аида Ясынова
Туулган күнү, жылы – 2-март, 2000-жыл
Билими –Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия факультетинде 1-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 4 бир тууган


– Салам, кыздар! Силер менен таанышканымда ар башка адистик боюнча билим алып жатканыңарды айттыңар. Орто мектепте окуп жүргөндө музыкалык билим алдыңар беле?

Аймарал:
– Ооба, биз Шубин атындагы музыкалык мектептин фортепиано жана скрипка классында окуганбыз.
Айгерим: – Бирибиз чоң класста, бирибиз кичине класста окучубуз. Бирок музыкадан сабак берген мугалимибиз жакшы ырдагандарды топтоп, студиядан ырдатчу. Ошентип төртөөбүз 5 жылдан бери чогуу ырдап жүрөбүз.

– Анда «Энджи» тобунун кантип түптөлгөнү тууралуу айтып бербейсиңерби?

Аймарал:
– Музыкадан берген устатыбыз ар кандай кароо-сынактарга жиберип турчу. Сынактарда «Angry chipmunks» тобу деп чыкчубуз.
Айгерим: – Ошол аталыш менен 5 жыл жүрдүк. Бирок масштабдуу долбоорлорго катышкан эмеспиз. Жаз мезгилинен тартып менеджер менен иштешип баштаганда топтун атын өзгөртөлү дедик. Көп ойлондук, кыскарталы деп «энджи» деген сөзгө токтолдук. Маанисин карасак араб тилинен которгондо «бермет» дегенди түшүндүрөт экен. Биздин топту «Angels» (периштелер) деп кабыл алгандар да жок эмес.

– Эмнеге музыкалык билим алууну уланткан жоксуңар?

Айгерим:
– Мектепте окуп жүргөндө ырдоону хобби катары көрчүбүз. Качандыр бир кезде чоң сахнага чыгып калабыз деп ойлогон эмеспиз. Бирок өзүбүз сүйгөн кесипти жакындан таанып окуп баштаганда, кошумча кызыгуу менен алектениш керек экенин түшүнүп, музыкага ыктадык.

– Силер жаңы чыгып баштаганда топто Толгонай Арзыкеева жана Айыма Айылчиева да бар беле? Канча жыл иштештиңер?

Аида:
– Айыма биздин топто болгон эмес. Биз ырдап чыккан маалда Айыма да сахнага чыккан. Ал эми Толгонай биздин топто бир жылга жакын ырдап жүрдү. Шартка байланыштуу ал топтон кетип, төртөөбүз калдык.

– 5 жылдан бери ырдап жүрөсүңөр, өзүңөр ыр жаздырып, клип тарттыңарбы?

Айгерим:
– Буга чейин кандай ырларды аткарбайлы жөнөкөй эле роликтерди тартып, интернетке жүктөп койчубуз. Жакында Жамиля Муратованын «Ак кайың» деген ырын аткарып, ага клип тарттык.

– Ыр жаздырууга каражатты кайдан аласыңар?

Айгерим:
– Каражатты өз чөнтөгүбүздөн чыгарабыз. Топтогу гитарачы Чыңгыз деген жигит бекер эле кызмат көрсөтүп, жардам берет.
Аида: – Туруктуу демөөрчүбүз жок, бирок жардам берген адамдар көп.

– Казактардын белгилүү музыканты Батырхан Шукеновдун ырларын попурри кылып аткаргансыңар. Ошол видеодон кийин «Казакча ырларды акцент менен ырдабай эле койгулачы!» дегендер болду. Мындай сөздөр жаш кыздарды сындырып койгон жокпу?

Айгерим:
– Жок. Эгер биз мындан да жаш болсок, анда жүрөгүбүзгө жакын кабыл алмакпыз. Казак тили биздин эне тилибиз эмес да. Балким, чындап эле жакшы аткарбай койгон чыгарбыз.
Аида: – Биздин дарекке айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алабыз. Анткени ар бир адам жакшыбы, жаманбы өзүнүн оюн айтканга укугу бар.

– Попурри ырдоодо сөзүн жаттап, бир ырдан экинчи ырга өтүү кыйынбы?

Аида:
– Ооба, аябай эле татаал. Попурри аткарарда биринчи ырларды тизмектеп алып, скелетин түзөбүз. Айрым учурда сөздөрүн унутуп калабыз. Бирок бири-бирибизди көзүбүз менен түшүнүп, ыңгайсыз абалдан чыгып кетебиз.

– Талантыңарды интернеттен гана көрөбүз, эл алдына сахнага эмнеге чыкпайсыңар?

Аида:
– Сахнага чыгуу оңой эмес экен. Жардам берип, жол көрсөткөн продюсер, каражат жактан колдоо көрсөткөн демөөрчү керек болду. Бизде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. 5 айдан бери менеджер менен иштешип жатабыз, буюрса, келечекте калың элге талантыбызды тартуулайбыз.

– Кимге рахмат айткыңар келет?

Аймарал:
«Продюсер керек» деп көп адамдарга кайрылганыбызда кыргыз продюсерлери бизге ишенген эмес. Ошондо топтун ишин токтотуп, интернеттеги видеолорубузду да өчүртөбүз деп калдык. Бирок кандайдыр бир сыйкырдын күчү болдубу, Мирзада Майчинова деген эже байланышка чыгып, жардам берем деди. Жарым жылдан бери иштешип келатабыз.

– Маегиңерге рахмат, ийгилик!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nanei
2017-09-19 12:11:08
Тилин чыгарып тушкоедор Жакпайт такыр.
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан