Дүйнө элин «Despacito» деп ырдаткан популярдуу ырды кыргыз кызы да майын чыгара аткарып, интернет айдыңында мактоолорго арзый алды. Мукам үнү менен күйөрман топтой алган бийкечтин аты-жөнү Толгонай Арзыкеева.Аты-жөнү – Толгонай Арзыкеева
Туулган күнү, жылы – 11-февраль, 1998-жыл
Билими – Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетинде 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 5 бир тууган
Хоббиси – Сууда сүзүү
– Кандайсың, Толгонай? Маегибизди дароо эле пуэрто-рикалык ырчы Луис Фонсинин ырынан баштасак. «Despacito`ну» эмнеден улам аткарып калдың?
– Жакшы. Негизи мен жан дүйнөм каалаган иштерди жасайм. «Despacito» ырын биринчи укканда эле жагып калды. Анан курбуларым, интернеттеги күйөрмандар «ырдап көрбөйсүңбү» дей беришти. Ал кезде мен ырдын маанисин, сөздөрүн толук билчү эмесмин. Кайырмасын аткарып, Инстаграмдагы баракчама жүктөп койдум. Кийин ырдын текстин карап чыгып, ушул ырды аткарганым үчүн уялып калдым. Бирок жыйынтык жаман болгон жок. 2 ай аралыгында баракчама катталгандардын саны эки эсе көбөйдү.
– Ошол каверден кийин иштешүүгө сунуштар болуптур...
– Көптөгөн каттар келди. Орусиялык продюсер «кыздардан турган топко үнү, келбети сендей кыздар керек, командабызга кошул» деп сунуш кылды. Мындан тышкары казактардан да сунуш түшкөн. Апама айтсам, «сени билем, чет өлкөдө иштей албайсың» деп көңүлдөнбөй койду.
– Алгач ырчы эмес, актриса катары таанылдың окшойт...
– Актриса эмесмин, актёрлук чеберчилик боюнча билимим жок. Бирок кичинекей кезимден бери эле ырдайм. 2015-жылдан тартып интернеттин активдүү колдонуучусу болуп, жаккан ырларды аткарып, видеолорду жүктөп баштагам. Видеолорду көргөндөн кийин жарнамалык роликтерге чакыруулар болду. Эң биринчи «Ата» кондитердик фабрикасынын жарнамасына тартылдым. Андан кийин Нурмат Садыров, Данияр Эрматовдун клиптерине, анан «Кокуй кошуна» тасмасына тартылдым.
– Азыр чыгармачылыгыңа жардам берген адам барбы?
– Учурда бир адамды менеджерим деп айта албайм. Чыгармачылыгыма апам түшүнүү менен мамиле кылып, менеджерим болуп жүрөт. Бирок менеджер дайыма жанымда жүрүшү керек, апамда андай шарт жок. Себеби мен үйдүн улуусумун, менден кийинки бир туугандарым кичинекей болгондуктан, аларга кам көрүүдөн убактысы ашпайт. Апамды кыйнап «мага жардам бер» дей албайм. Азыр жаңы эки ыр жаздырдым. Бирок ал ырларга клип тартып, анан гана элге тартуулагым келет.
– Рахмат маегиңе!
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg