90-ЖЫЛДАРДАГЫ ЕВРОРЕМОНТТУ УНУТУҢУЗ!

Учурда үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп же жүргүзүүнү максат кылып жаткан окурмандарыбызга кандай каталарга жол бербөө жана эмнелерди эске алуу керектиги тууралуу Бишкектеги “Mossebo» курулуш-жасалгалоо (отделочный) компаниясынын прорабы ЭРМЕК РЫСКУЛОВ өз кеңешин берет.

ЖАҢЫЧЫЛДЫКТЫ ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!

Улуу адамдардын биринин “адамзат өткөнү менен күлүп коштошот» дегени бар. Анын сыңарындай 90-жылдарда оңдоо-түзөөлөрдө колдонулган айрым элементтер менен күлүп коштошууга эбак мезгил келген. Анда эмнелерди эске алуу зарыл?

  • Шыптын бийиктигин сактоого аракет кылуу керек. Шыпта гипсокартондон толкун, оймо, фигура, бассейн жасоонун кереги жок. Андай шып устундар уркуюп чыгып кала турган болсо гана керек. Анда да аны бетондон жасап, гипсокартонду унутуңуз.
  • Ашканадагы шыпты пластикалык панелден жасоо да модадан чыккан. Мурун ал жууп-тазалаганга ыңгайлуу катары эсептелгени менен, ысыкта күйүп кетчү. Анын ордуна керме шыптарды орнотуңуз. Бул узакка колдонулат жана ысыкта күйбөй, бырышып эле калат.
  • Ванналардагы темир түтүктөрдү пластик түтүктөргө алмаштыруу оң. Анткени дат баспайт, чирибейт, узакка кызмат кылат.
  • Кабат үйдө жашагандар эски темир батареяларды биметалл эмес, чоюн (чугун) батареяларга алмаштыруулары керек. Себеби суу түтүгүндө суунун басымы чоң, ага чоюн батареялар гана туруштук бере алат. Жылуулук электр станциялары (ТЭЦ) суу түтүктөрү чирибеши үчүн сууга жегич (щелочь) кошот, ал жегич биметаллды жеп коёт (ичинен жукарат). 1 жылдан соң батарея атылып кетиши мүмкүн. Биметаллды жер тамга эле колдонгон оң.
  • Эски алюминий кабель, өткөргүчтөрдү жезден жасалганына алмаштыруу сунушталат. Себеби азыркы үй тиричилик техникаларынын кубаты күчтүүрөөк. Бир эле мезгилде бир нечесин колдонуудан алюминий өткөргүчтөр эрий баштайт.
  • Кагаз обоилердин да модадан чыкканын айта кетели. Азыр сатыкта винил жана флизелин обоилери бар. Булардын артыкчылыгы – сүртүлөт жана жуулат.


ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ КИРИШЕРДЕН МУРДА ДОЛБООР ТҮЗҮҢҮЗ

Үйүңүзгө оңдоо-түзөө иштерин баштай электе дизайн-долбоор түзүңүз. Анда розеткалардын жана эмеректердин жайгашуу орду, жылуу пол орнотуу, сатып алынуучу керектүүлөрдүн тизмеси жана аларга кетчү акча эсеби сыяктуулар болот. Долбоор иш ортолоп же аяктайын деп калганда акча каражатынын жетишпей токтоп калуусунан жана айласыз арзан курулуш материалын колдонуп жиберүүдөн сактайт. Долбоор түзсөңүз канча акча кетерин, канча убакытта бүтөрүн тагыраак билип, ошого жараша иш кыласыз. Каражат жетпей турганы билинсе, айрым бөлмөнүкүн кийинкиге калтырып, берки бөлмөлөрдүкүн толук кандуу оңдоодон өткөрөсүз.

Сантехниканын арзанын албаңыз. Бат сынып калуу жана суу ага берүү коркунучу бар.

Водоэмульсиондук красканын кымбатын алсаңыз, жууганда орду ак ала болбойт. Бул өзгөчө кичине балдары барларга керек. Анткени алар колдору менен дубалдарды кармалап кир кылып ийишет.

Бөлмөлөрдө, анын ичинде ашканада розеткалардын көп болушу зарыл. Бирок бөлмөлөрдө эмеректер кайсы жакта турарын так пландабай туруп розеткаларды орнотуу каталык. Эмерек орнотулгандан кийин розетка жабылып калса, узарткычтарды сатып алып, алар болсо бөлмөдө чубалып адамга жолтоо болот.

Розеткаларды полдон 35-40 сантиметр, ал эми жарыкты өчүрүп-жандыргычтарды полдон 90 сантиметр бийикке орнотсоңуз балдарга колдонуу ыңгайлуу.

Жуунуучу бөлмөдө фен үчүн да розетка орнотуу керек. Болбосо узарткычка күн түшөт.

Электрощитте ар бир бөлмө, кондиционер, кир жуучу машина, аристон үчүн өзүнчө автомат болсо жакшы. Мисалы, бир бөлмөдө чыңалуудан улам токтун кыска туташуусу (короткое замыкание) күтүлсө, ошол бөлмөнүн эле жарыгы өчөт. Андыктан электрощит сатып аларда андагы автоматтардын санына көңүл буруңуз.

Уктоочу бөлмөдө бир лампочкага 2 жарыкты жандырып-өчүргүч болушу шарт. Бири кире бериште болсо, экинчиси керебеттин баш жагында болот. Бул жарыкты ордуңдан турбай эле өчүрүүгө мүмкүндүк түзөт. Керебеттин жанында розетканын да болгону оң. Бул светильникти пайдаланууга же телефонду зарядга саюуга мүмкүндүк берет.

Үйдө гардероб үчүн бөлмө бөлүү оң. Анда кийим жана бут кийим салынуучу шкафтарды коюңуз. Балдарга алардын бою жетерлик жерден орун берүү же боюна ылайыктап шкаф жасатып берүү жакшы.

Асма шам тандоодо горизонталдуу плафондуусун албоо керек. Аларга чаң топтолуп, чымын-көпөлөк сыяктуулар жабышып өлүп калып, жаман көрүнөт.



Кабат үйлөрдө жашоочулар даараткана менен ваннанын шыбын керме шып кылышса жакшы. Мисалы, өйдө жактагылар суу каптатып жиберишсе суу керме шыпта топтолот. Сантехниктерди чакырсаңыз, алар шыптын бир бөлүгүн чыгарып, сууну төгүп, кайра шыпты орнотуп коюшат.

Түтүн соргуч
(вытяжка) плитадан 60 сантиметр бийиктикте болушу шарт. Андан бийик болсо жакшы сорбой калат, андан жакын болсо түтүн соргуч өзү бат ысып, бузулат.

Ашканада полго ламинат төшөбөңүз. Суу төгүлсө эле көөп чыгат. Анын ордуна кафель төшөңүз, анын алдында жылуу пол төшөсөңүз жакшы.

Обоилердин ордуна дубалга декоративдүү кыш, плитка (курамы гипс үбөлөндүсү же упасы, керамика, керамогранит, акрил сыяктуулардан түзүлөт) жабыштыруу модада. Бул бөлмөгө өзгөчө көрк берет, узакка колдонулат, бирок обоиге караганда кымбат.

Алтындай жылтыраган түстү орду менен колдонгонду билбесеңиз, колдонбоңуз. Мисалы, андай жандырып-өчүргүчтөр жөнөкөй эшик кармагычтар менен коошпой калат. Эгер мындай түстү колдонсоңуз, анда эшиктин туткасы, сууну чабыштыргыч (смеситель воды), жарыкты өчүрүп-жандыргычтардын да ошондой өңдө болушу шарт.

Ар бир бөлмөнүн полун ар түрдүү кыла берүү ашыкчалык кылат. Айталы, конок бөлмө менен уктоочу бөлмөнүн полу бирдей болсо (мисалы, ламинат же паркет), ашкана, ванна жана дааратканага плитка жаткырылса жакшы.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kuba-savai87
2017-09-19 12:05:12
Эн жакшы маалымат
+6
Bintu.Ibrahim
2017-09-20 22:30:58
Билип койгону жакшы маалымат экен.
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан