МУХАММЕТКАЛЫЙ АБУЛГАЗИЕВ Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал ушул жылдын 26-августунан тартып президенттин кеңешчиси болуп иштеп баштаган эле.
2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдө 2 миңден ашуун жаран КУРГАК УЧУККА кабылганы маалымдалды.
Жыл башынан бери өлкөдө 2557 ӨРТ КЫРСЫГЫ катталып, 44 киши каза болгон. Маалыматты ӨКМдан тастыкташты.
Өлкөдөгү ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 300 байкоочусу көз салмакчы.
БУУда ортомчулук кылуу боюнча жогорку деңгээлдеги комиссиясы түзүлдү. Ага дүйнө жүзү боюнча 18 адам кирген. Алардын арасында экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА да бар.
Жыл башынан бери мамлекеттик карыздын көлөмү 221,3 миллион долларга өскөн. 31-июлга карата МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДЫН көлөмү 4 миллиард 286 миллион долларга барабар болгон. Маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.
2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча, КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ менен ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин ортосунда 1 миллиард 302 миллион долларлык товар алмашылган. Бул 2016-жылкыдан 14,7 пайызга көп.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ менен Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИН 14-сентябрда Орусиянын Сочи шаарындагы иш-чарада жолугушат.
Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп АКРАМ МАДУМАРОВ дайындалды. Ал буга чейин Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы жаңы ачылган «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 12-сентябрь күнү 5 миң жаран жана 300 автоунаа эки өлкөгө өткөн.
Башкы прокурордун биринчи орун басары КЫЛЫЧБЕК ТОКТОГУЛОВ кызматынан бошотулду. Анын ордуна БӨКӨНБАЙ КАЗАКОВ дайындалды. Буйрукка президент кол койгон.
20-сентябрдан тарта Бишкекте туура эмес жерге токтоткон УНААЛАРДЫН дөңгөлөгүн блокировкалоо башталат. Ага салынуучу айыптын көлөмү 1000 сом. Маалыматты ИИМдин Патрулдук милиция кызматынан таратышкан.
Улуттук банктын төрагасы болуп КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ шайланды. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.