Ырчылардын көчөсүндө майрам. КИМ КАЙСЫ ТАЛАПКЕРГЕ ЫРДАЙТ?

Ушул жылдын 15-октябрында өлкөбүздө президенттик шайлоо өтөрү белгилүү. Шайлоонун үгүт иштери башталды дегиче ырчылардын “ити чөп жеп”, капчыгы калыңдаары маалым. Президенттик шайлоодо ким кайсы талапкерди колдоп ырдаарын тизмектедик.

ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУ МИРБЕК АТАБЕКОВ, АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ БАШТАГАН ӨНӨРПОЗДОР СҮРӨЙТ

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп ырчылар Мирбек Атабеков, Курал Чокоев, Ильяз Абдыразаков, Урмат Усенов, Неля, Нурмат Садыров жана куудул Абдылда Иманкулов үгүт иштеринде кызмат кылып жүрүшөт. Көпчүлүк ырчылар ким көп төлөсө, ошол тарапка агылат эмеспи. Бирок Бабановду колдогон айрым ырчылар буга чейинки шайлоолордо деле анын партиясына ырдап келишкен. Саясатчы туруктуу ырчылардын армиясын түзүп алган көрүнөт.

ЖЫЛДЫЗДАР ПАРАДЫ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДО

Президенттикке дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков үчүн Самара Каримова, Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбеков, Бактияр Токторов, Съездбек Искеналиев, Гүлнара Тойгонбаева, Иса Өмүркулов, Гүлзада Рыскулова, Сайкал Садыбакасова, “Кыз-Бурак” тобу сыяктуу популярдуу ырчылар ырдашат. Ырчылардын көбүн өз тарабына имерген Жээнбеков ыр сүйүүчүлөрүнө майрам тартуулаары турган иш.

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВДИН ТӨРҮНӨН ОРУН АЛГАНДАР

Бакыт Төрөбаевдин командасынын сап башында ырчылар Аваз Акимов, Темир Назаров, төкмө акын Азамат Болгонбаев бар. Бул талапкер ырчыларга короткон каражатты башка жакка жумшагысы келдиби, айтор, азырынча ушул өнөр адамдары менен чектелиптир.

АДАХАН МАДУМАРОВГО АЛП КУУДУЛДАР ҮГҮТ ЖҮРГҮЗӨТ

Ажо болом деп турган дагы бир талапкер Адахан Мадумаровду колдоп куудулдар Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев, “Беш тапан” тобунун жигиттери элге күлкү тартуулашат. Адатта саясатты “чымчып” турган куудулдар Мадумаровдун канатынан орун алган соң ошол курч тамашаларынан жазбаса болду.


ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ...

ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВ, алпаруучу:
– Бул жолку шайлоодо кайсы бир талапкер менен иштешип, үгүт ишине катышуудан баш тарттым. Анткени бир да талапкердин программасы менен тааныша элекмин. Үгүт иштерине катышуунун артында өнөр адамдарынын чоң жоопкерчилиги турат. Мисалы, шайлоочу саясатчынын кылган ишин билбеши мүмкүн, бирок ырчыны жакшы билет, балким, добушун ошол ырчы колдоп ырдаган талапкерге бергиси келет. Үгүт иштеринде ырдоо – бул ошол талапкердин көз карашын, идеясын тең бөлүшүү деген сөз. Мына, өнөр адамдары “наамдарды туура эмес берди” деп чырылдап жатышат, мен айрымдарын уруштум. “Өзүңөр күнөөлүүсүңөр, өзүңөр ким көп төлөсө ошого чуркап ырдап жүргөндүн кесепети” дедим.

ОМАР, ырчы:
– Ырчылар үгүт иштеринде элдин маанайын, көңүлүн көтөрүү максатында гана барып ырдашат. Бул биздин ишибиз. Биз эч бир шайлоочуну мажбурлап бир талапкерге кол койдуруп жаткан жокпуз. Башкысы, ким кандай убада бербесин, ким кандай ырдабасын, мен шайлоочуларды жүрөгү каалаган талапкерге добуш берүүгө чакырат элем.


СОҢКУ СӨЗ
Адатта үгүт иштери башталганда эле ырчыларды борбордон таппай калчу элек. Бул жолку шайлоодо ырчылардын соодасы анча жүрбөй калган, сыягы. Дегенибиз, көпчүлүгүнө байланышканыбызда, “тойго буйрутмалар көп”, “шайлоодон тапкан акчаны тойдон деле таап алам”, “сунуш түшкөн, бирок ойлонуп жатам”, “иштерим көп” деген жөнөкөй себептерин айтып жатышты. Кыязы, талапкерлер ырчыларга мурункудай каражат короткусу келбей калган окшойт. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ырчылар 2 миң доллардан 30 миң долларга чейин алганын уккан жайыбыз бар. Ал эми бул жолку шайлоодо президенттикке талапкерлер ырчыларды 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин ырдатып жатышканын эшиттик.
Ал эми президенттикке талапкерлердин калганы атактуу ырчы, чоорчулары жок эле жер-жерлерде эл кыдырып, программалары менен тааныштырып жүргөнүн айтышты.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
Janusia
2017-09-22 00:23:29
Чуркаган албайт, буйруган алат деп койчу беле
+1
teleios94
2017-09-22 15:24:55
а мен болсо ойлоп журупмун эмнеле баары ырчы бийчи артис болуп жатат биринин артынан бири озуп корсо кеп мында турбайбы
+2
admin_portal
2017-09-22 17:33:14
Arlen92, порталдын башка колдонуучусун кемсинтүүгө болбойт! Эскертүү!
0
Myrzashka95
2017-09-22 21:13:30
Омурбек Бабанов татыктуу талапкер
-3
AlihanElmirbekRamiz
2017-09-22 23:38:05
Биринеда ишенбейм тынч еле болушсун
0
Azatbek83
2017-09-23 15:27:53
Бир жалганчы ажыдаар кетип ордуна экинчи жалганчы ажыдаар келет урушуп эмне кыласынар.Кордук 6 жылда кыйратты эмикиси жыргатабы?!Баары оз кызыкчылыгын ойлогондор элди ойлобойт алдашат.Мигранттар орустарга тен укуктуу женилдик болду дешет.Корот элем оздору же балдары мигрант болуп тентишсе укуктуу женил экенин .Шайлоону ар торт жылда кылыш керек.Акмактардын бири да президенттике татыктуу эмес баары аферистер!!!
0
diar_1113
2017-09-24 02:53:20
Кыргызстанды онуктуро турганы келсекен эми.
0
Lion.
2017-09-24 12:43:41
Бабанов болот буйруса биздин президентибиз.))
-1
admin_superstan
2017-09-25 10:12:00
dinajanka, порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
0
Ainash_Bakyt
2017-09-25 13:53:37
Бабанов татыктуу президент
-1
Aiel
2017-09-25 19:51:03
Кимисине ишенерибизди билбей калдык негизи кабина чечет ошондой экенин билип туруп жетекчилер неге кысымга алат тушунбодум,аларга оюбузду ачык айта албайбыз эгер айта турган болсок алар жок шылтоо менен иштен ала турганы айдан ачык. Ким болсо да заманыбыз тынч болсун.
0
AzKumFerDan
2017-09-25 23:00:59
Кыргызстан деген президент келселе болду
+1
enka
2017-09-26 00:49:18
Ушуларга кеткен кайран доллар)
0
kasymaliev
2017-10-04 16:04:58
А.Мадумаров президент болсо жакшы болмок деп ойлойм
0
Krai
2017-10-04 16:07:23
30.000 доллар дейби ырчыларга эле ээ эмне эле ырчыларын байыйт десе корсо ушинтип тез эле байып алышат тура оозу мурдун кыймылдатып эле фонограмма менен илгери ырчылардын уйу машинеси деле болчу жмес эле
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан