HI-TECH NEWS

«APPLE» 1000 ДОЛЛАРЛЫК IPHONE X ТЕЛЕФОНУН ЖАРЫККА ЧЫГАРДЫ

iPhone X – «Apple’дин» жаңы юбилейлик чыгарылышы деп аталат. Ал Х – 10 деген маанини түшүндүрөт. Стив Жобс тарабынан чыккан биринчи айфонго он жыл болгонун түшүндүрөт. Аталган үлгүдөгү телефон ноябрда сатыкка чыгып, баштапкы баасы 1000 доллар болот. Аппараттын экранынын диагоналы 5,8 дюйм болуп, экранынын сапаттуулугу 2436*1125 пиксель. Бул ирет айфондордун тарыхында биринчи жолу “үй” деген баскычы жок телефон чыкты. Мындан тышкары анын негизги өзгөчөлүгү катары телефонду блоктон чыгаруу үчүн аппараттын ээсинин жүзүн таануучу функция кошулду. Компаниянын өкүлдөрү бул функция ээсин караңгыда да тааный аларын айтышты.
iPhone X менен катар 7-айфондун жаңыланган варианты катары iPhone 8 жана iPhone 8 Plus элге тартууланды. Бул жолу компания 8-айфон электр чубалгылары жок электр кубаттагыч менен кошумчаланганын билдиришти.


«JAGUAR LAND ROVER» КОМПАНИЯСЫНЫН БАРДЫК МОДЕЛДЕРИ 2020-ЖЫЛГА КАРАТА ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧТУУ БОЛОТ

Guardian басылмасы «Jaguar Land Rover» компаниясы 2020-жылга чейин гибриддүү же электр кыймылдаткычтарга ээ болорун билдиришкенин жазып чыкты. Мындай максатты компания Шотландия өкмөтүнүн “2032-жылга чейин кадимки кыймылдаткычтуу унааларды жок кылабыз” деген билдирүүсүнөн кийин кылышканын билдиришкен. “JLR” компаниясынын өкүлдөрү бул долбоордун биринчи электромоторлуу унаасы Jaguar I-Pace болуп, ал 2018-жылы сатыкка чыгат дешет. Мындай электрокарларды буга чейин «Теsla» компаниясы чыгарып келген.

WI-CHARGE ТЕХНОЛОГИЯСЫ БӨЛМӨНҮ ЭЛЕКТР ЧУБАЛГЫЛАРЫ ЖОК КУБАТТАГЫЧКА АЙЛАНДЫРАТ

Aталган технология интернет тараткан Wi-Fi кандай иштесе, ошондой иштейт. Болгону бул бөлмөдөгү аппараттарды интернет менен эмес, электр кубаттагыч менен камсыздайт. Wi-Charge жабдыгы кайсы бир бөлмөнүн шыбына жармаштырылып, андагы аппараттарга кубат берүүгө жөндөмдүү. Энергияны ар бир аппарат ар кандай ылдамдыкта жана өлчөмдө аларын эске алган негиздөөчүлөр Wi-Charge’ди Light, Kiik, Rayo деп кубатына жараша 3 түргө бөлгөн. Учурда бул жабдыктын адамдарга терс таасири бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.

XIAOMI MI MIX 2 ТЕЛЕФОНУ РАСМИЙ ЖАРЫЯЛАНДЫ


11-сентябрда элге тартууланган бул телефонду өндүрүүчүлөр алкаксыз деп аташканы менен, башкалар аны “дээрлик алкагы жок телефон” деп баалашты. Бул жаңы моделдин дисплейи 5,99 дюймду түзүп, экран алдыңкы панелдин 95 пайызын ээлеп, 64, 128, 256 ГБ көлөмдө сунушталат. Негизги камерасы 20 мегапиксель. Ал эми телефондун ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан фронталдык камера 5 мегапиксель. Mi Mix 2 Special Edition чектелген нускада ак жана кара түстө чыгарылып, баасы 5000 юанды (болжол менен 50 миң сомдой) болот.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
janat.kg
2017-09-19 10:35:17
Самсунг компаниясында да эмне жанылык бар экенин жазсанар жакшы болот эле.
+2
admin_portal
2017-09-19 10:45:58
janat.kg, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан