МИРЗАТ МЕНЕН АЙЗУУРА УУЛДУУ БОЛУШТУ

«Жашообуздун эң маанилүү күнү болду. Биздин үй-бүлөбүз дагы бир адамга толукталды. Уулдуу болдук» деп төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызынын кызы Айзуура кубанычтуу кабары менен бөлүштү. 11-сентябрь күнү жарыкка келген наристенин атасы, алпаруучу Мирзат Муканов: «Сүйүнүчүм коюнума батпай турат. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Уулума чоң атасы Мырза деген 6-чоң атасынын ысымын ыйгарды»,- дейт.
Наристе үнү жаңырган майрам ырчы Мерген Тургандын да үй-бүлөсүндө орун алып, ал бизге чоң ата болгонун сүйүнчүлөдү: «Неберем 8-сентябрда төрөлдү. Үйүбүз наристе жыттанып, өзүнчө эле бапырап жатабыз. Неберемдин атын өзүмдүн апамдын атынан Үмүт деп койдум»,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
fanatka19
2017-09-19 10:23:48
Бешик боолор бекем болсун.
+4
Lilia11
2017-09-19 15:10:24
Бешик боонор бек болсун! Жыл айланбайле жакшы жанылыкка кубо болуп калдык го.. омуру менен берген боосун!
+4
Kroxa
2017-09-19 17:35:21
Октябрда уйлонушкон менимче...сентябрда балалуу болушту...бек болсун боосу..ишинерге ийгилик..
+2
love_you
2017-09-21 15:48:51
Kroxa,эмненин башын кылтыйтымыш болуп атасыз. при чем тут октябрь, ноябрь? биз деле август уйлонуп, июнь балалуу болгонбуз. балам ак никеден эле торолгон.)
+3
kelemdedin
2017-09-19 23:06:11
Сонун парасынар коз тийбесин
+3
Pandora
2017-09-20 12:05:15
Эки дуйно бактылуу болгула.Бешик боонор бек болсун
+2
Bintu.Ibrahim
2017-09-20 17:15:27
экоо тен пара бактылуу болгула уулунардын омурун берсин.Мерген акенин небереси да бактылуу кыз болуп чонойсун
+2
Attokurova17
2017-09-21 19:14:31
Бешик боолору бек болсун.
+2
jon.as
2017-09-22 10:50:14
Бешик боолору бек болсун!
+1
ais9
2017-09-23 14:06:29
Бешик бооңор бек болсун!
"Мырза" "Үмүт"кандай жакшынакай ысымдар! Акыркы убакытта кыргызга кыргызча ысым да буйрубай калды эле(
+2
NURDANCHIK
2017-09-25 10:41:54
бешик боонор бек болсун коз тийбесин сонун паралар
+1
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан