«Энеси бар адам карыбайт». Алдымда апасы жөнүндө сөз кылганда көздөрү жайнап, өзүнүн балалыктагы тентектигин эстеп жылмайып, бирде ата-энесинин жашы өтүп баратканын токтото албаганына кейиген Жамиля Муратова отурду.
«МУЗЫКАНТ БОЛГОНУМ АПАМДЫН СҮТҮ МЕНЕН ӨТКӨН»
- Ата-энем экөө тең музыканттар. Атам Эдил Муратов, апам Хадима Берикбаева экөө тең өмүр бою Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде эмгектенип келишти. Азыр эми ардактуу эс алууда. Мен үйдө тун кызмын, мага кесип тандоо апамдын сүтү аркылуу эле берилип, андан башка тандоо деле болгон эмес. Кичинекейимде ырчы болом деп ойлочу эмесмин, музыкадан берген мугалим болом дечүмүн. Ал тилегим ишке ашып, музыкант болгонума 32 жылдын жүзү болду.
Кичинекейибизде атам акча таап, бизди бардык керектүү нерсе менен камсыздап иштеп жүрчү. Ошондуктан бизди тарбиялап, келечекке көбүрөөк багыт берген апам болду. Союз кезинде аялдар декреттик өргүүдө 2 ай эле жүрүшчү да. Анан апам жумушка эрте чыгып, кичинекей бөбөктөрүмдү карап мен үйдө калчу элем. Эсимде, 5-кабатта балкондон апам келер маалда карап турчумун. Апамдын балдарына шашканын ушундан бил, подъездге жакындаганда эле сумкасын бир колуна алып, бир колу менен пальтосунун боорун чечип бала эмизгенге даярдана баштачу.
«АПАМ ДААМДУУ ЭМЕС ТАМАК ЖАСАЙ АЛБАЙТ»
- Апам даамдуу эмес тамак жасай албайт, андай учурду көрө элекмин. Анткени эң жөнөкөй тамакка да болгон дитин, жүрөгүн салып бапестеп жасайт. Азыр үч баласы тең үйлүү-жайлуу болуп, өз-өзүнчө бөлүнүп кеткенбиз да. Бирок апамдыкына барганда кичине балдарга айланабыз, стол тегеректеп отуруп калабыз. Жашы бир топко барып калса да кыймыл-аракети тың, элпек. Уул-кыз, небере-чөбөрө дебей баарыбыздын тамакка болгон табитибизди жакшы билет. «Сен коюу тамак жакшы көрөсүң, сен суюк» деп эринбей өз-өзүнчө тамак жасай берет.
«СЕН КЫЗСЫҢ ДА, ЭМНЕ МЫНЧА ТЕНТЕКСИҢ» ДЕП КАПАЛАНЧУ»
- Мектепке барганда аябай тентек болдум. Апам эртең менен чачыма ак бантикти тыпыйта байлап, форма, апакай фартук кийгизип мектепке алып келет. Кетерде бантигимдин бири чечилип калган, фартугумдун топчусу үзүлгөн, чаң болгон кебетем менен апамды тосуп алчумун. Мугалим эжей «Муратова, сенин тартибиң жок» деп класстын бурчуна тургузуп коёр эле. Анда да жөн турбай маскарапоз болуп көрүнгөндү туурап классташтарымдын көңүлүн ачканга жетишчүмүн. Мугалим «чык эшикке» деп сыртка чыгарып салса мектептин чатырына чыгып, жер төлөсүнө түшүп же башка жакка кыдырып кетер элем. Күндөлүктө «2», «3», «4», «5» деген баалардын баары бар болчу. Ага кошумча «сабакта тынч отурбайт, тентек кылат» деген эскертүүлөр байма-бай жазылып турчу. Аны көрүп апам «сен кызсың да, эмнеге мынча тентексиң?» деп капаланат эле. Апам үчүн ошол чоң трагедия болсо керек.
«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ СЫНЧЫМ, КЕҢЕШЧИМ АПАМ»
- Апам бизди үйдүн да, сырттын да жумушун жасатып, эмгекчил кылып чоңойтту. Мен чектен ашып баратканда кичине какыс-кукус кылып деле койчу. Апамдан таяк жеп, тарбия алып, эркелеп, мээримине бөлөнүп эле чоңойдум. Мага баары жетиштүү болду. Азыркы балдарды уруп көрчү...
Апам дайыма «бала менен сүйлөшүп тарбия бергиле, анткени бала чоң кишиге караганда анча-мынчаны жакшы түшүнөт. Өзүңөрдүн башыңар ооруп, маселеңерди чече албай жатсаңар аны баладан чыгарбагыла. Улуулардын көзүнчө баланы урбагыла, шалпылдатып бети-башынан өппөгүлө» деп турат. Бул насаатты биз өз балдарыбызга, неберелерибизге колдонуп келебиз.
Апам башка балдарына караганда мага жакыныраак, анткени бизди эне-бала дегенден сырткары музыка байланыштырат. Андыктан көп темаларга экөөбүздүн оюбуз бар, кеңешчү суроолор бар. Мен жаңы чыгарма жаратканда эң биринчи сынчы, комиссия, кеңешчим, сырдашым апам. Ал баарын ачык, адилет айтат «бул жери мындай болуптур, муну минтип оңдоп койсоң болот» деп.
«АПАМ БИЗ ҮЧҮН БЕРЕКЕНИН СИМВОЛУ»
- Апамдын мүнөзү аябай жумшак, сабырдуу, жайдары, куудулдук жайы бар, ток пейил, берекелүү. Биз апамдан канча эсе көп акча табабыз деп кой, бирок бат эле жок болуп кетет, жетпей калат. Өзүбүздүкүн коротуп салып апамдан сурайбыз, анткени анда дайыма акча бар, кантип баарына жеткирет түшүнбөйсүң, береке деген ушу да. Апам биз үчүн берекенин символу. Дагы бир сонун сапаты – сырга бекемдиги, бирибиздин сырыбызды экинчибизге айта бербейт.
«САГЫНЫЧ...»
Асыл Орозбекова
star@super.kg