Президенттик шайлоого карата Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бирикти. Эгемендүү Кыргыз тарыхында көрүнүктүү саясатчылар күтүүсүз учурда тил табышып, же тескерисинче, тарапташтарынан алыстап, саясий кырдаалды курчутуп же курч кырдаалды жөнгө салып келишкен. Буга чейин дагы кандай тандемдер түзүлдү эле, алар максатына жеттиби, өткөн окуяларга көз чаптырдык. ТЕКЕБАЕВ – КУЛОВ
Мындан 17 жыл мурун, 2000-жылдын октябрында Кыргызда президенттик шайлоо өткөн. Анын алдында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Ар-намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен биригип, шайлоого тандемде барышкан. Бул тандемдин жаралуусуна ошол жылдан тартып «президенттикке талапкер мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу керек» деген эреже да түрткү берген. Феликс Кулов ал кезде Аскар Акаевдин шайлоого карата башкы атаандаштарынын бири эле, андыктан ага карата акаевдик режимдин саясий куугунтугу башталат. Азыркы учурда президенттикке талапкерлер тапшырып, өтүүсү шарт болгон мамлекеттик тил боюнча сынак дал ошол 2000-жылы Куловду шайлоо жарышынан сүрүп чыгаруу үчүн ойлоп табылган. Феликс Кулов мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруудан баш тартып, президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаев менен тандем түзүп, шайлоого чогуу барышкан.
Эгер Өмүрбек Текебаев шайлоодо жеңишке жетсе, анда ал Куловду өкмөт башчылыкка алып келмек. Шайлоо жыйынтыгында Аскар Акаев 74,47 добуш алып жеңип чыккан. Өмүрбек Текебаев жарышка катышкан 6 талапкердин ичинен 13,89 добуш алып экинчи орунду алган. Ошентип тандем максатына жетпей калган.
БАКИЕВ – КУЛОВ
2005-жылдагы Март революциясындагы эйфория ошол күнү эркин микрофондо КТР каналында түз эфирде көрсөтүлүп, революциянын шарапаты менен абактан бошотулган Феликс Кулов студияга спорттук кийимчен кирип келген. Эл Куловду туткундан бошотулган баатыр сыяктуу кабыл алып, темир тордон туура эле Ак үйгө келип түшкөн «ар-намысчыны» Жогорку Кеңеш өлкөдөгү күч түзүмдөрүнүн координатору кылып дайындаган. Мунун баары президенттик шайлоого 2 фаворитти жаратып, Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов олуттуу атаандаштарга айланышкан. Өлкөдө Түндүк-Түштүк ажырымын пайда кылбоо максатында Бакиев менен Куловдун ортосунда тандем жаралып, Феликс Кулов Курманбек Бакиевдин пайдасына президенттикке талапкерлигин койбой турганын жарыялашкан.
Шайлоодон утуп чыкса Курманбек Бакиев президент, ал эми Феликс Кулов премьер-министр болот деп убадалашышкан. Бакиев утуп чыгып президент болгонуна карабай эки саясатчынын тандеми көпкө узабады. Феликс Куловдун министрлер кабинети 2006-жылдын декабрында «кризистик абалдан эртерээк чыгуу, реформаларды тездетүү» максатында отставкага кеткен. 2007-жылдын январында президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке Куловду өкмөт башчылыкка 2 ирет сунуштап, экөөндө тең өткөрө албай, премьерликке башка адамды сунуштоого аргасыз экендигин жарыялаган. Муну Куловдун тарапташтары чыккынчылык катары баалашкан. Өкмөт башчылыктан кур калган Кулов нааразычылык акцияларын уюштурууга өткөн. Бирок Бакиев буйругу менен 2008-жылдын май айында «ар-намысчыны» Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча долбоордун директору кылып дайындаган. Ошентип Куловдун Бакиевге нааразычылыгы токтогон.
АТАМБАЕВ – УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ
Оппозициялык күчтөрдүн нааразычылык митингдери 2010-жылы 7-апрелде революцияга өсүп жетип, Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Андыктан революциялык «Ата Мекен» жана КСДПнын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев 2011-жылкы президенттик шайлоодо фавориттер эле. Президенттик жарышка катышарын билдирген Өмүрбек Текебаев шайлоого аз калганда талапкер болуп чыкпай турганын жарыялаган. Ал «реваншисттик күчтөр бийликке келүүгө аракет кылышууда, прогрессивдүү күчтөр биригип, шайлоодо бирдиктүү фронт менен чыга албай койгон өткөн жылдагы парламенттик шайлоодогу катачылыктарды кайталоого акыбыз жок» деген. Ошентип, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге башкы атаандаштар реваншисттер катары саналган Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев болгон. Бакиевдик кланды бийликтен кетирүүгө салымы жок Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Садыр Жапаров баштаган «Ата Журт» партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо эң көп мандат алган эле. Демек, Текебаев талапкерлигин алып салуу менен электоратын революциядагы санаалашы Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген деп айтууга болот.
ТЕКЕБАЕВ – МЫРЗАКМАТОВ
2010-жылдагы Июнь каргашасынан кийин Ош шаарын калыбына келтирүү процессинде мэр Мелис Мырзакматов жергиликтүү баатыр болуп чыга келди. Бакиевчи деп саналган бул адам «Улуттар биримдиги» деген партия түзүп, республикалык деңгээлге чыгууга аракет кыла баштады. Бул аракет бийликке жакпай, шаар башчысына Ош шаарына курула баштаган эстакадалык көпүрөнүн шылтоосу менен кылмыш иши ачылды. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 5 пайыздык босогону араң өтүп парламентке келген «Ата Мекен» 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо тегерегине бийликке нааразыларды чогултуу менен элдин добушун алганга аракет кылды. Ошентип Текебаев-Мырзакматов тандеми түзүлүп, түштүк жергесинде колдоочусу көп Мелис Мырзакматов партиянын талапкерлер тизмесинде алдыңкы орунга коюлду. Ошол маалда Мырзакматовго карата Ош облустук сотунун чечими шашылыш чыгарылып, ал соттолгон адам катары депутаттыкка талапкерлер тизмесине киргизилбей калды. Ошентип, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинен улам чет өлкөгө жашырынып кеткен Мырзакматов депутаттык кол тийбестик макамына жетпей, өлкөгө кайрылып келбей жүрөт.
МАДУМАРОВ – САЛЫМБЕКОВ
2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстандын» башчысы Адахан Мадумаров 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен союздаш болду. Бирок мында да ийгилик жылмайбады. Кийинчерээк, 2016-жылы Келдибеков жана Ташиев менен бир мунасага келишкенин билдирип чыккан эле. Ал биригүү да жыйынтык бере элегинде урады. Өткөн аптада Адахан Мадумаров кичи мекени Өзгөндө шайлоочулар алдына Өмүрбек Бабанов менен бирге чыкты. Мындай кадамын ал «Кокту-колотко бөлүнүүнү токтотуп, Кыргыздын татыктуу уулун тандашыбыз керек» деп түшүндүрдү. Ошентсе да Мадумаров президенттик шайлоого өз алдынча барарын же бир талапкер менен биригерин ачыктабай турат.
ТӨРӨБАЕВ – МЫРЗАКМАТОВ