"Кызганчаактык – оору" дешет психологдор. Бул оорунун айынан канча деген үй-бүлө ажырашып, ал гана эмес, айрымдар бири-бирин өлтүрүүгө чейин барып жатканын турмушта кездештирип келебиз. Эл көзүндө, эл оозунда жүргөн адамдардын күйөрманы, сүйөрманы бар дегендей, аларда бул жагдай жөнөкөй адамдарга караганда бир топ оор болсо керек.
Кубаныч Ажыбаев, ырчы: «ЖУБАЙЫМДЫ МУРУНКУ ЖИГИТТЕРИНЕН КЫЗГАНА БЕРЧҮМҮН»
-Cүйүү бар жерде кызганыч сөзсүз болот. Мен ырчы, тамада катары эл көзүндө көп жүрөт эмесминби, мага тийишкендер көбүнчө 40-50 жаштагы, менден жок дегенде 10 жашка улуу эжекелер. Алар мени сырткы келбетиме карап өздөрү менен тең деп ойлошот болуш керек. «Сулууларга суктанууга акым бар» деген ырды ырдасам эле элдин баары «кыздарга жакын» деп ойлойт окшойт, менден тойго келген эркектер аялдарын кызганышат. Ыр ошондой болгону менен, өзүм токтоомун. Жубайым Султан Садыралиев ырдаган «Сүйгөнүмдү ала качты» деген ырымдан кызганат. Ыр башымдан өткөн окуядан улам жазылган. 1-2 жолу радиодон угармандар «автордун өзүнүн аткаруусунда да уккубуз келет» деп ырдатышкан. Ошол ыр радиодон берилип калса, үйдө «жарандык согуш» башталып, казан-аяк калдырап, чыны-аяк ыргыйт.
Кептен кеп чыгып отуруп келинчегимдин мурунку жигиттерин билип калгам, ошолордон кызганган учурум болгон. Балалык сезим экенин түшүнүп турсам деле «анан, дагы, чогуу каяка барчу элеңер?» деген суроолор менен кызгана берчүмүн. Кызганычты мен сүйүү деп түшүнөм. Сүйүү бар жерде кызганыч болот, бирок эмоцияга алдырбаш керек. Эки адам тынч отуруп сүйлөшүп, бир түшүнүккө келсе эле үй-бүлө ынтымакта жашайт.
Асел Турдалиева, ырчы: «МУРУНКУ ЖОЛДОШУМ ЖИНДИ ЭКЕНМИН, СЕНИ ЖӨН ЭЛЕ КЫЗГАНА БЕРИПТИРМИН ДЕП КАЛАТ»
-Мурунку жолдошум менен кызганычтын айынан жашай албай калгам. Кызганыч – баш оору, жүрөк оору сыяктуу эле өнөкөт илдет. Эгер бул оору аялда болсо, эркектен да жаман жорукка барат, аны турмуштан көрүп жүрөм. Апамдан «атам 2-3 күндөп иш сапары менен кетчү эле, кызганчу белеңиз?» деп азыр сурасам, «жок, мен ага ишенчүмүн» деп камырабайт. Апама окшоп мен дагы өмүрүмдө бирөөнү кызганып көргөн эмесмин. Мага сезимин билдирген адамдын кызганчаак экенин байкап калсам, дароо кол үзүп «кереги жок» деп ачык айтчумун. Анткени жолдошумдан кийин айранды үйлөп ичип калгам. Мурунку жолдошум мени тирүү жандын баарынан, ал гана эмес зым карагайдан да кызганчу. Кызганып, мээмди жей берчү. Кызганып турбаса башы ооручу. Мен болсо терезени карап ыйлай берчүмүн. Мен ыйлаган сайын «күчтүү аял терезенин жанында ыйлап турат» деп каткырып күлчү. Эгерде жашоомду ошол нукта улай берсем, психикалык жактан жабыркап калышым мүмкүн эле. Ошон үчүн беш жыл жашагандан кийин ажырашып кеттим. Мен ага өкүнбөйм, кызым бар. Мурунку жолдошум негизи жакшы адам, азыр деле үй-бүлөсү менен сүйлөшүп турам. Өзү «мен жинди экенмин, сени жөн эле кызгана бериптирмин» деп калат.
Рахман Разыков, сатирик: «КЫЗГАНЫЧ БОЛУШ КЕРЕК, БОЛБОСО НИКЕ БУЗУЛАТ»
-Менимче, батыш өлкөлөрүндө кызгануу биздегидей чоң көйгөй эмес. Азыр бизде «кызганычка көп көңүл бурбай, өзүңөрдөн оңой өткөргүлө» деген саясат жүрүп жаткансыйт. Биз аны кабыл албашыбыз керек. Болгону кызгануунун маданиятын үйрөнүшүбүз зарыл. Кызгануу болуш керек, болбосо нике бузулат. Бирок бири-бирин өлтүрүп салганга жеткирбеш керек. Эми элестет, "кызганып жатам" деп бири-бирин өлтүрө беришсе адам калабы? Кызганам деп ар кандай себептерди издей берсе ага манжа чак келбейт. Биринчиден, кызганууга алып келүүчү себептерди издөөдөн качуу зарыл. Минткенде кызганбай калат деп эреже жазып коюу да акылга сыйбаган нерсе. Жазылган мыйзамдардан сырткары жазылбаган да мыйзамдар бар. Менин оюмча, аял заты дагы, эркек дагы бул жаатта тарбияны бала кезде ата-энеден алат. Көз карашы, түшүнүгү үй-бүлөдөн калыптанат.
Роза Шакирова, ырчы: «АДАМ ӨЗҮ КАНДАЙ ЖҮРСӨ, СҮЙҮКТҮҮСҮН ДА ОШОНДОЙ ЖҮРӨТ ДЕП ОЙЛОЙТ»
-Күйөөсүн ашыкча кызганып жүрүп ооруп калган бир эжени билем. Ошондон улам ашыкча кызгануу ооруга алып келет деп ойлойм. Тойлорго барганда кезек күтүп калам, ошондо жолдошум түшүнчү эмес. «Кирип эле ырдап чыга бербейсиңби. Бирөөгө жолугуп калдың да» деп сүйлөнө берчү. Мындай учурда «аялым тойго кетти» деп эле ар кайсыны ойлой бербей, эркек да карманышы керек. Эгер бирөө менен кармап алса, анда ага жазанын кайсы түрү болбосун жарашат дегим келет. Аялдын андай кылыгын көрбөгөндөн кийин, анын артынан түшүп, чукуп кызганбаш керек. Адам өзү кандай жүрсө, сүйүктүүсүн да ошондой жүрөт деп ойлойт. Жолдошум ашыкча кетип бара жатканда «баланча жерге келип кал, кезегимди күтүп машинада отурам» деп жаныма чакырып жүрдүм. Акыры биздин жумуштун кандай экенин өз көзү менен көрдү. Ошондон кийин кызганычы азайып, менин үйгө кеч келгениме түз карап калды. Тескерисинче, «башың ооруган жокпу? Ысык чай ичип ал, биринчи ден соолук, анан ырдайсың» деп калды. Мен деле башында андан кем калбай кызганчаак болчумун. Ар нерсени элестетип алып «каяктасың?» деп телефон чалып жатып калчумун. Азыр андай эмес. Ортобузда чени, чеги менен сый, кызганыч бар.
«КОРКОК АДАМДАР КЫЗГАНЧААК БОЛУШАТ»
Психолог Самат Аалканов кызганыч туурасында төмөндөгүлөргө токтолду:
– Кызганычтын себептери негизинен абдан көп болушу мүмкүн. Кызгануунун артында бир нерседен айрылып калуу коркунучу бар. Коркунуч болгондо адамда агрессия пайда болот да шекшип, тинтип, текшерип баштайт. Ал коркунучту адам бала кезинде пайда кылышы мүмкүн. Ар түрдүү кырдаалда «менин керегим жок, мени үйгө таштап кетишет, мен жалгызмын» сыяктуу ойго кабылып, психикасына терең сиңирип алат. Кийин кичине кезиндеги калыптанып калган ойлору сыртка чыккан сайын коркуу сезими күч алып, кызганчаактыгы күчөйт. Муну «көп ойлонбо, шекшинбе, кулагыңдын сыртынан кетир» деген өңдүү акыл үйрөтүүлөр менен чече албайбыз. Психологго кайрылып, маселени тереңинен таап чыгуу керек.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg