Кенже Көбөкова, ырчы: «ЖАН ТАТТУУ ЭКЕН, ТЕРЕЗЕДЕ АСЫЛЫП 3-4 МҮНӨТ АПАЛАП КЫЙКЫРЫП ТУРДУМ»

Ырчы Кенже Көбөкова 3-кабаттан кулап кетип, ооруканада эле. Абалын сурап барганыбызда ырчы ден соолугунун жакшырып калганын айтып, жайдары тосуп алды. Кызын карап апасы жанында экен. «Буюрса, эртең үйгө чыгам» деген ырчы 1 айдан кийин толук айыгып кетерин айтат.


– Кандайсың, Кенже? Ден соолугуң жакшыбы?

– Жакшы, рахмат. Өзүң көрүп тургандай маанай сонун. Көрүп келгендер сырттан кабактарын бүркөп, эки буту гипсте, кыймылдай албай жатат деп элестетип келип, мени көргөндө «ии, жакшы эле турбайсыңбы» дешти. Буюрса, врачтар эртең үйгө чыгарабыз деп жатышат. Төшөктө бир айдай жатсам, буюрса, толук айыгып кетем. Азырынча мага отурганга болбойт. Кичине туруп басам, кайра жатам.

– Эмне болуп кетти, абайласаң болмок экен?..

«Менин жанымда бир аз болгулачы» деп ата-энемди үйгө чакырып алгам. Атам иним экөө бир жакка кетишкен, үйдө апам менен балам бар болчу. Мен үй жыйнап, терезенин сырты шалтактап турганынан, бир бутумду сыртына чыгарып алып сүртүп жаткам. Бир убакта колум сыйгаланып кетти. Бирок терезени кармап калдым. Жан таттуу экен, 3-4 мүнөттөй терезеге асылган боюнча апалап кыйкырып жардам сурап жаттым. Апам байкуш кантип жардам бермек эле? Уулум экөө колумдан тарта беришти, бирок алы келген жок. Бир убакта балам белине чейин чыгып алыптыр, экөөбүз тең кулап кетебиз го деп коркуп кеттим. Анан колумду коё бердим.

– Күчтүүрөөк бирөө болгондо тартып алмак экен да...

– Ооба, иним болгондо жөн эле чыгарып алмак. «Кетирбей койсом эмне» деп калдым. Чыгам деп тырмалаңдай берип бутумдун баары сыйрылыптыр. Колумду коё бергенде «бүттү, өлдүм» деп ойлодум. Башка эч нерсе эсимде жок. Эки күндөн кийин эсиме келдим.

– Апаңдын көз алдында кулап кетсең, апаң байкуш кантти экен?

– Апамдын буту ооруйт. 3-кабатка таяк таянып бир нече жолу тынып отуруп чыкчу. Мен кулаганда таягы жок, үйдүн артына мага чуркап келиптир. Жардам сурап кыйкырып жатканда кошуналар «Тез жардам» чакыртып коюшкан экен. Алар бат эле келип, мени алып кетишиптир. Дарыгерлер «ырыстуу кыз экенсиң. 3-кабаттан кулагандар катуу келишчү эле» деп жатышат. Далым менен түшкөндүктөн бел омурткам 3-4 жеринен сыныптыр. Чын эле Кудайдын сүйгөн кызы экенмин, башка жерим аман, ички органдар таза. Кызыл-жаян болуп операция болсом эмне болмок? Үйгө чыгып барып бир аз жакшы болгондон кийин ага-тууганды чакырып түлөө берем. Андан кийин, буюрса, чыгармачылыкка киришем деп турам.

– Бат сакайып, сахнага эртерээк кайтып кел. Чың ден соолук, ишиңе ийгилик каалайбыз.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Kuba-savai87
2017-09-26 10:44:15
Менин акам дагы сиз сыяктуу болгон. Алдагы 9-этаждан асылып турган жардамга, мени тааарт дептир.
Женем жана синдиси экоолоп тарталбай кыйналышкан анан женем ременинен тартам деп айнектен белине чейин чыгып калган экен тартам деп анан акам экообуз тен тушуп кетпейли сен балдарды кара деп женемди кокурогунон туртуп озу тушуп кетиптир 3-4 минут асылып турган экен. Бирок каза болуп калган
+14
madina.87
2017-09-26 11:16:14
Kuba-savai87,кудай сактааа,окуп алып жаман
болуп кеттим...Акенин бейишин берсин.



Т.б.Кенже эже балам деп,энениз сизди балам деп,
Эхх аянычтуу ээ.
Тынч болунуз эми.
+18
engel
2017-09-26 11:33:43
Kuba-savai87, ээх жаман болуптур аганызга! Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
Shahrizaada
2017-09-26 14:23:57
Kuba-savai87 аганыздын бейишин берсин. Аябай окунучтуу трагедия болгон экен.(((
+7
surgeon777
2017-09-26 19:37:27
Kuba-savai87,абдан окунучтуу окуя экен,байкениздин арты кайырлуу болсун...
+2
chicagogirl
2017-09-27 19:41:49
Kuba-savai87, jatkan jeri jailuu bolsun. Jaman boluptur
+2
Shahrizaada
2017-09-26 14:23:10
Эне балам десе, бала балам дейт деген ушуда. Энениз сиздин деп чырылдап жатса, сиз баланызды ойлоп, куладыныз.) Жамандыктын баары ушу мн чыгып кетсин. Аманчылык тилейм.
+5
nazira...
2017-09-26 14:49:14
уй алса да, башкасын кылса да мактанышат биринен-бири калбай атандашышып, тооба айтканыма. Коз бар, соз бар дешпейт. Жакшы дагы дени карды соо экен. Ии, эми дагы Ошко барып ырдап акча, доллар таап кел озун айткандай. Ошко баргандардын баары акчалуу кайтышат.......
+1
Ma9
2017-09-26 21:46:16
кудайдын суйгон пендеси экенсиз 3 этаж кулаган Адам соо калбайт сакайып кетиниз
+1
stervella415
2017-09-26 22:26:32
Оооффф жаман болуптур..элестетип алып жаман болуп кеттим ((((айыгып кетиниз
+2
Djumaev0mur
2017-09-27 03:01:10
Бул Кенжениго тааныбайт экем, бирок бир аз арык болгондо тируу калбайт элен, толо экенсин жерге чульк этип эле тушуп калдында, толо экенине шугур кыл, эми этият бол
-8
Bak.taalai
2017-09-29 23:22:42
Djumaev0mur,Дооруйсун го
0
Djumaev0mur
2017-10-03 02:55:19
Bak.taalai,кирип атабы сага?
0
jon.as
2017-09-27 09:49:24
Кудай сактап баардыгы арта калыптыр. Жакшы болуп айыгып кетсин. Баласынын бактысына бар болсун!
+1
Aylini
2017-09-27 19:14:45
Кудай бар аман калыпсыз шүгүр айтыңыз . Чыгармачылыкты таштап дин жолуна түшүңүз
+1
nur72
2017-09-28 07:04:46
байкуш апандын абалын элестетип аяп кеттим ооруба бар бол
+1
Attokurova17
2017-09-28 15:46:17
Аллахым шыпаасын берсин
+1
rusana
2017-09-29 09:01:13
ошол терезенин сырты шалтактамактан корунбой калсынчы, жуубай эле койгула сыртын озунор! менин таанышым жаны элитный уй алып ремонт кылып бутуп, эми терезесин жууп анан конок чакырабыз деп, жууп жатып 7 этаждан тушуп кетип каза болгон. куйоосу 3 баласын уйдо ойнотуп отура бериптир байкабай. жаны уй болгондуктан эч ким тааныбай каяктан тушту деп анан скорая келгенде куйоосу билиптир. терезе жууй турган альпинисттер бар. акчанарды аябай ошолорго эле жуудургула же болбосо тура берсин!
+5
Albina90a
2017-09-29 15:05:11
Асылып турганын колун кой бергенин окуп алып денем муздап кетти Алла сактаптыр чыгармачылыка келбей эле Алла жолунда журун Аллах ыйман берсин
0
talaa11
2017-10-01 12:52:29
Бир чоогу иштеген киши айттыле Казакстанда стройкада иштеп журуп биро бийик этаждан жерге кулап тушкон экен бактыга жараша жаны тогулгон кумга тушуп аман калат.Тируу калганына суйунгон киши досторуна 100грамдан бергиси келип жолдун ар жагындагы дуконго чуркап жонойт бирок окунучтуу жолдо отуп баратканда машина сузуп кетип каза болгон экен.
0
talaa11
2017-10-01 12:56:38
Аллах сактаптыр сизди.Мындан ары кырсыктан алыс болуп,ден-соолугунуз бекем болсун
0
sapargul
2017-10-01 23:51:45
Эл батасын алган эже да. Кудай омурун берсин.
Элге кызмат кылып журо бериниз! Эртерээк айыгып кетсин белиниз!
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан