HI-TECH NEWS

«GOOGLE» «HTC’нин» БИР БӨЛҮГҮН САТЫП АЛАТ


«Google» компаниясы телефон жана планшеттерди чыгарган Тайвандын «HTC» (High Tech Computer Corporation) компаниясынын бир бөлүгүн 1,1 миллиард долларга сатып ала турган болду. «HTC» буга чейин «Google’га» таандык болгон Nexus жана Pixel телефондорун чыгарып келген. Эми келишим боюнча Pixel телефондорун чыгарган бөлүмүндө иштеп келген компаниянын кызматкерлери «Google’га» өтөт. Ал эми 4-октябрда Pixel 2 жана Pixel XL телефондорунун расмий ачылышы болот.

«PROTERRA» КОМПАНИЯСЫНЫН ЭЛЕКТРОБУСУ РЕКОРД КОЙДУ

«Proterra» компаниясына таандык Catalyst E2 электр автобустары батареясынын бир жолку кубаты менен 1770 чакырымга чейин жүрө алат. Ал мынча аралыкты Американын Индиана штатында жүрүп сыноодон өткөн. Компания учурда ири корпорациялардан 140 миллион АКШ долларын инвестиция катары алды. Каражат өндүрүштү кеңейтүү үчүн колдонулат. Өндүрүүчүлөр 400 даана электр автобустарын сатканын, учурда башка штаттардан да буйрутмалар түшө баштаганын коомчулукка билдирди. Буга чейинки электр автобустардын узакка жүрүү рекорду ушул эле компанияга таандык болуп, ал унаа бир жолку кубаты менен 570 чакырымга жүрө алчу.

10 ЖЫЛДАН КИЙИН УЛУУ БРИТАНИЯНЫН 4 МИЛЛИОН ЖУМУШ ОРДУН РОБОТТОР ТҮЗҮШҮ МҮМКҮН

«Royal Society of Arts» (RSA) уюмунун изилдөөсүнө ылайык, жасалма интеллект коомдо чоң роль ойноп, сапаттуу жана кирешелүү иш аткарганга жөндөмдүү. «RSA» компаниясынын аткаруучу директору Мэтью Тейлордун айтымында, 2030-жылдарга жасалма интеллект ээлери финансы, транспорт, жалпыга маалымдоо каражаттары жана маркетинг тармагынын ишин аткара алган негизги объект болуп калат. Жасалма интеллект тууралуу Илон Маск роботтор адамдарга салыштырмалуу ишти так жана сапаттуу аткарганы үчүн, адам ресурсун алмаштырган келечектин коркунучу экенин айткан. Ал эми изилдөөдө планетадагы жумушсуздуктун алдын алуу үчүн жасалма интеллектти катуу көзөмөлдөө керек экени айтылат.

ШВЕЙЦАРИЯДА 45 ТОННАЛЫК ЭЛЕКТР САМОСВАЛЫ ЧОГУЛТУЛУУДА

Бир нече уюмдардын өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашырылып жаткан долбоор Ciments Vigier SA деп аталып, чогултулуп жаткан унаа Швейцариядагы ири карьерлерди казуу үчүн арналган. Салмагы 45 тонна болгон унаа 65 тонна жүктү көтөрүп, саатына 700 киловатт кубат коротот. Дөңгөлөктөрүнүн диаметри 2 метрди түзгөн самосвалдын кабинасына жетүү үчүн айдоочу атайын тепкич менен чыгуусу керек. 4,5 тонна турган аккумуляторду кытайлык «Shenzen Westart» компаниясы иштеп чыккан. Phys.org сайты аккумулятор тууралуу «бул электр транспортторго салынган аккумуляторлордун эң оору жана ириси» дейт. Аталган электр самосвалы Швейцариянын өрөөндөрүндөгү тоолорго күнүнө 20 каттам жасай алмакчы. Ал Швейцариянын энергетика министрлигинин колдоосу астында «Kuhn Group» жана «Lithium Storage» компаниялары тарабынан чогултулууда.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
molorbaev
2017-09-27 08:04:50
Сонун жанылыктар экен го. Дуйно уламдан-улам ылдам онугуудо. Бизге окшогон олколордо эшек менен жумуш кылуу уланууда.
+1
Kanatbek97
2017-09-30 20:32:27
molorbaev,эшекделе жок болуп калдыго
0
Junpaipak
2017-09-29 00:17:27
Самосвалды айдай турган кабинасы корунбойтго
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан