«ТАҢ СУПАСЫ ИҢИР БЕЙКУТ». ТАСМАДАН КИЙИНКИ ТАГДЫРЛАР

Ар жылы 9-Май – Жеңиш майрамында көрсөтүлө турган 40 жылдан бери көрөрмандарын ээрчитип, ыйлатып, патриоттук сезимин курчутуп келе жаткан фильм бар. Бул “Таң супасы иңир бейкут” («А зори здесь тихие») аттуу тасма. Кан күйгөн согушта каза болгон беш кыздын чыныгы тагдыры тууралуу маалымат назарыңыздарда.

ШАЙЫР ЖЕНЯ – БАКТЫЛУУ ЭНЕ
Көздөрү ойноктогон Женя Комелькованын ролун жараткан Ольга Остроумова чыныгы турмушунда шайыр, кумарлуу жан. Актриса алгач сценарийди окуп чыгып, жактырбай ыргытып жиберет. Бирок эки күндөн кийин Андрей Мартыновдун кабагын бүркөп жүргөнүн көрүп, андан эмне болгонун сурайт. Ал «Таң супасы иңир бейкут» аттуу легендарлуу фильмге тартылганы жатканын айтканда гана бул тасманын келечегин түшүнгөн Ольга ыргытып жиберген сценарийин алып окуп, режиссёрго барат. Сценарий боюнча Женянын чачы жээрде (рыжий) болушу керек эле. Өзүнүн нукура сары чачын жээрде кылып боёгонго таптакыр макулдугун бербей койгон.
Учурда Ольга Остроумова мыкты актриса катары белгилүү. Жакында “Байкуш Настя”, “Сулуу болуп төрөлбөйт” тасмаларында да роль жаратты. Бактылуу эне жана сүйүктүү жубай.

РИТА – БИЗНЕС ЛЕДИ
Өлгөн күйөөсү үчүн өч алууну көздөп, кичине уулун таштап согуш талаасына келген Рита Осянинанын ролун Ирина Шевчук аткарган. Шайыр Женянын ролуна актриса издеп жатышканын уккан Ирина режиссёрго келгенде ал: “Сен бул ролго жарабайсың. Эгер кааласаң, массовкага кел”,- деп узатып коёт. Кийин Иринанын кайгылуу көздөрүн эстеп калган режиссёр кайра өзү издеп келет. Ролго берилген Ира өлүм дарбазасында турган адамдын образын сонун чагылдырып бергенин ушул күнгө чейин эстейт. Кызыгы, ошол каткан калыбында эсин жоготуп коюп, жанындагылар араң эсине келтиришкен.
Ирина Шевчук таланттуу актёр Талгат Нигматулиндин биринчи сүйүүсү болгон. Азыр Ирина композитор Александр Афанасьевдин жубайы. Учурда өзүнүн бизнеси менен алек жана “Киношок” фестивалынын уюштуруучусу катары белгилүү.

ЖӨПЖӨНӨКӨЙ СОНЯ
Окопто жатса да, кыялдана ырларды окуй берген Соня Гурвич тасмадагы биринчи курмандык эле. Соня окуган ырлар бул романды жазган Борис Васильевге таандык болгон. Сонянын ролун аткарган Ирина Долганова ал күндөрүн мындай эскерет: “Тасмада мен биринчи курман болушум керек болчу. Ок тийген көкүрөгүмө өлгөн торпоктун канын сүйкөп, укмуш гримдеп салышты. Канга чымындар конуп жүдөткөнүн айтпа”.
Ирина Долганова учурда айылда жашайт. Анткени театрдан өзүнүн сүйүүсүн жолуктуруп калып, ал “айылда жашайм” дегенине карабай ээрчип кеткен. “Карьера түзүүнү мен да каалайт элем, бирок мен үчүн жүрөгүмдүн ээсин табуу маанилүү болду”,- дейт актриса. Учурда күйөөсү жана уулу менен бактылуу өмүр сүрүүдө.

ГАЛЯ ЧЕТВЕРТАК – ЖАЗУУЧУ
“Апа-а” деп кыйкырып немистердин колуна өзү түшүп берген Галя Четвертактын ролун Екатерина Маркова аткарган. Бул тасма башкаларга актрисалык чыйырды түзүп берсе, Галянын жазуучу болуусуна түрткү болгон. Тасмадан алган таасирин алгач “Советтик экран” журналына жазып, кийин мыкты жазуучуга айланган. Анын “Актриса”, “Фавориттин эркелиги” аттуу китептери жана көптөгөн детектив-романдары жарык көргөн.

ФЕДОТ ВАСКОВ НЕМИС КЫЗЫНА АШЫК БОЛУП...
Башкы ролду аткарган Андрей Мартынов бул ролго бекитилгенде, болгону, 26 жашта болчу. Ал эми тасмадагы Федя 30 жаштан ашкан адам эле. Бирок Мартыновду кино тартып жаткан топтун дээрлик бардык мүчөлөрү колдошуп, ошондуктан ролго бекитилген. Немистерди жек көргөн Федянын ролун аткарган Андрей тагдырдын тамашасы менен Франциска Тун аттуу немис кызын сүйүп калып, экөө баш кошушкан. Актёрдун бул никеси көпкө созулбай, уулдуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Азыр Андрей Мартынов үч неберенин сүйүктүү чоң атасы.

ЛИЗА УЧУРДА ДЕПУТАТ
Васковдун жүрөгүн жаралаган токойчунун кызы Лиза Бричкина сазга чөгүп кеткени эсиңиздеби? Лизанын ролун аткарган Елена Драпеко жашоосунда 63 тасмага тартылганы менен, көпчүлүк аталган тасмадагы Лизаны гана эстеп калышкан. Анткени актрисанын аткарган бул ролу адамдардын жүрөгүнө сиңип кеткен. Елена бул тасма тууралуу: “Менин каарманым Лиза беттери кызыл, чымыр денелүү айылдык кыз болушу керек эле. Мен болсо илмийген чыныгы москвалык кыз болчумун. Балет менен алектенип, фортепиано ойночу элем. Мени шаардык кыздан айылдык кызга айлантуу үчүн кашымды жоонойтуп, бетиме сепкил тартып, гримдин жардамы менен толук кызга айлантышкан”,- деп эскерет.
Елена учурда Мамлекеттик Думанын депутаты, маданият жана туризм боюнча комитеттин төрагасынын орун басары. Елена: “Лиза сазга чөгүп өлгөн эмес, ал депутат!”- деп күлүп калат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Кыргызка
2010-05-11 16:56:11
Daaa ochen horohii film.Ja navernoe 3 rasa smotrela.
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан