Толук аты-жөнү – Бегалиев Талас Кубанычбекович
Туулган күнү, жылы – 28-сентябрь, 1977-жыл
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 3 уулдун атасы
Жетишкендиктери – Самбо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону (2016), Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Көк бөрү боюнча Президенттин кубогунун
3 жолку ээси, самбо жана кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери
Учурда – Көк бөрү федерациясынын Талас облусу боюнча жетекчиси, жеке ишкер
– Талас мырза, саламатсызбы? Сизди Канат Бегалиевдин агасы эле эмес, спортчу катары да тааныйбыз. Үй-бүлөңүздөр менен спортко жакын окшойсуздар?..
– Саламатчылык! Ооба, үйдө 4 эркек бир тууган болсок, төртөөбүз тең спорт чеберибиз. Буга биздин чоң атабыздын балбан болгону себепчи. Анын жолун жолдоп биз да спортко ыктап кеткенбиз. Алгач агам экөөбүз Бишкекке келип, спорт чебери, кийинчерээк Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону аталганбыз. Кийин Канат инибизди чакырып, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына окутканбыз. Үмүттү актап, Канат Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду. Учурда эки уулумду жок дегенде Канат агасындай болсун деген тилекте грек-рим күрөшү менен машыктырып, тарбиялап жатам. Экөө тең алгачкы ийгиликтерин жарата башташты.
– Өзүңүз күрөштүн самбо түрүн тандаптырсыз...
– Ооба, башында кыргыз күрөшү менен машыгып жүрүп, кийинчерээк самбону өздөштүрдүм. Былтыр Хорватиянын Пореч шаарында 35-40 жаштагы ардагерлер арасында өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталдым. Эми быйыл октябрда Грециянын Афины шаарында орун ала турган ошол эле мелдештин 40-45 жаштагылар ортосундагы беттешке даярданып жатам.
– Көпчүлүк спортчулар спорттун арты менен укук коргоо органдарында иштеп калышат...
– Атам менен агам милицияда иштешкен. Ошондуктан мен да ушул кесипти тандагам. Милиция тармагында жалпысынан 23 жыл иштеп, анын басымдуу бөлүгү опер кызматкери болуп иштедим. Акыркы жылдары Бишкек, Талас, Чүй аймактары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын бөлүм жетекчиси болуп иштеп, полковник чинине чейин жетип, ардактуу эс алууга чыкканыма 2 ай болду. Азыр жеке ишкерлик менен алектенип жатам.
– Сиз машыккан спорт түрү, кесибиңиздин ат оюндарына тиешеси жок экен. Көк бөрү федерациясына кантип келип калгансыз?
– Анын эң биринчи себеби – менин жылкы баласына болгон сүйүүм. Айылда жылкы кармачубуз, кийин Бишкектен мүмкүнчүлүк болгондо бир күлүк сатып алдым. Анан Таластын көк бөрү командасынын алсыз болуп баратканынан 2012-жылдары достор менен чогулуп, командага жардам берели деп чечкенбиз. Анан улам кызыгуу пайда болуп, өзүбүздүн жылкыларды курамга кошуп, күчтөндүрө баштадык. Кийинчерээк мени Таластагы Көк бөрү федерациясынын жетекчиси кылып дайындашты.
– Быйыл Казакстанда өткөн көкпар боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз курама командасын жетектедиңиз, ал милдет сизге кандайча жүктөлүп калган?
– Биздин өлкөдө жыл сайын «Нооруз», «9-Май» майрамдарында көк бөрү боюнча республикалык турнир болот эмеспи. Эреже боюнча бул эки чоң мелдешти ким утса, жеңген тарап ошол жылы Кыргызстан курама командасынын 50 пайызын түзгөнгө акылуу. Мисалы, Көчмөндөр оюнунда Кыргызстан курама командасында «Сары-Өзөндүн» оюнчулары басымдуулук кылган болсо, быйыл Казакстандагы чемпионатта
12 көк бөрүчүнүн алтоосу «Ынтымак» командасынан болду.
– Ошол беттеште жигиттердин жонуна камчынын издери түшүптүр. Майданда камчылашуу эрежеге туура келбесе керек, бул боюнча арызданса болот беле?
– Негизи оюн бүткөндөн кийин адилетсиздик орун алганын айтып, нааразычылык билдирип, жазуу түрүндө кайрылсак болмок. Бирок ал эч нерсе чечпеси анык болчу. Анткени беттештин ортосунда оюнчуларыбызды себепсиз оюндан чыгаруу болуп жатканда да казактардын федерация жетекчиси бизди арыздануу, даттануу үчүн жолотпой койгон. Ошондуктан жазуу түрүндө эмес, оозеки түрүндө да бизди эч ким укмак эмес.
– Ошондо жеңилүүнүн башкы себеби адилетсиздик дейсизби же айрымдарын «кыргыз тарап алсыз ойноду» дегенине кошуласызбы?
– Жигиттер жанын сайып ойношту. Ал эми жылкыларыбыз атаандаштардыкына караганда күчтүүрөөк эле. Силер телевизордон көрбөй калган учурлар көп болду. Мисалы, ташталган улакты биздин жаат эңип кетсе, калыс ышкырып оюнду токтотуп, кайра баштап жатты. Биздин жигиттер муляжды алганы баратса, тизгининен жетелеп эле сыртка түртүп коюп жатышты. Ошондой эле атаандаштардын биздин көк бөрүчүлөрдү оюн учурунда коркутуп-үркүткөнү жигиттердин шаабайын суутуп койду.
– "Кыргыз улакчылары сатылды, саясатташты» деген сындар айтылып жатты. Ушул кептерге жоопту өз оозуңуздан уксак.
– Финалдын алдында Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Икрамжан Илмиянов, Өмүрбек Бабанов жигиттер менен жолугушкан. Алар жигиттерге «намысты коргогула» деген сыяктуу колдоо, дем-күч берген сөздөрүн айтып эле чектелишкен. Эч кандай соодалашуу же дагы башка нерсе болгон эмес. Биз утулгандан кийин гана сиз айткан сөздөр тарады. Эмнеге андай болуп кеткенин биз да түшүнгөн жокпуз. Эгер алдын ала сүйлөшүлүп, чечилип калганын билген болсок, эмнеге жигиттер өздөрүнүн жанын сабап, аттарын кыйнамак эле?
– Көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз-казак көк бөрүчүлөрү бир канча жылдарга дейре фаворит катары кала берери анык. Эки түрдүү оюн эрежелери азыртадан түшүнбөстүк жаратып жатат, сиздин оюңузча бул канчага чейин улана берет?
– Бул жылы биз көкпардын шарттары менен ойногонго даяр эле болуп барганбыз. Бирок казактар өздөрү эрежелерди сактаган жок. Алсак, финалга белгиленгенден оор муляждын чыгышы, калыстардын бир тараптуулугу жана башка. Менимче, Казакстандын Көкпар федерациясынын 2-3 өкүлүнүн чечими үчүн эле эки улуттун ортосунда ушундай пикир келишпестиктер жаралып кетти. Мындан ары да казактар менен таймашууга катуу даярдык көрөбүз. Бирок тең шартта беттешүү үчүн көк бөрүнү Казакстанда же Кыргызстанда эмес, нейтралдуу аймакта ойнолушун, калыстар башка мамлекеттин өкүлү болушун талап кылабыз. Менимче, ошондо адилеттүү жана таза беттеш болот.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg