ГЭС КУРМАКЧЫ БОЛГОН ЧЕХ КОМПАНИЯСЫ ӨКМӨТ МЕНЕН СОТТОШМОКЧУ

Премьер-министр Сапар Исаков ГЭС куруучу чехиялык «Liglass Trading CZ SRO» (LTD CZ) компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу чечимин кабыл алды. Буга келишимде көрсөтүлгөн 19-сентябрга чейин чех компаниясы убада кылган
37 миллион долларды которбогону себеп болгон. Өкмөт тараткан маалыматка караганда, буга чейин күрөө катары которулган 1 миллион 147 миң доллар өлкө казынасында калмакчы.
Бирок «Liglass Trading CZ SRO» (LTD CZ) компаниясынын акыркы учурдагы жарыя, аракеттерине караганда, бул келишимден Кыргыз өкмөтүнүн бир тараптуу чыгып кетүүсү оңойго турбайт. Өкмөттүн «келишимди жокко чыгаруу менен мамлекет эч нерсе жоготпойт, зыян тартпайт» деген убадасына да ишенүү кыйын. Чех компаниясы келишим кыргыз өкмөтү тарабынан бузулганын айтып, күрөө пулду кайтарып алуу үчүн сотко кайрыларын билдирди. Чех компаниясынын тараткан маалыматына караганда, кыргыз бийлиги күрөө пулду 11-августка чейин компанияга кайтаруусу керек болгон. «Liglass Trading CZ SRO» (LTD CZ) компаниясы Кыргыз өкмөтү «РусГидро» кыргыз бийлигин сотко берерин жашырган деп, ошондон улам 37 миллион доллар которулган эместигин айтууда.
Айта кетсек, Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 10-июлунда аталган чех компаниясы менен келишимге кол койгон. Өкмөттөн таратылган маалыматтар боюнча, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курууну чехтер өз моюнуна алып, аталган курулушка «РусГидронун» 2012-жылдан бери сарптаган
37 миллион долларлык каражатын төлөөгө милдеттенген. Келишимге кол коюлгандан көп өтпөй чехиялык ЖМКлар «Liglass Trading CZ SRO» (LTD CZ) ири ГЭСтерди курууга дарамети жетпей турган, банкротко учураган компания экендигин жазып чыгышкан. Эдил Байсалов өңдүү жарандык активисттер бул келишимди жана чех компаниясынын абалын андан ары тереңдетип изилдеп, «Кыргыз өкмөтү
стратегиялык мааниси бар объекттерди кура турган компаниянын абалын иликтебей туруп кармата берген»
деп сындап чыкса, депутат Жанар Акаев "Чехияда бир тегирмен курбаган компания Кыргызстанда ГЭС курганы жатат" деп күлүп жатышат. Өкмөттүн мүчөлөрү келишимди токтотуу менен кутулуп кетпеши керек. Кыргыз тараптын убакытын уттурганы үчүн тиешелүүлөр жоопко тартылышы зарыл" деп парламентте билдирген.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан