Казакстандын президентинин расмий сайтында 19-сентябрда Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабанов менен жолугушканы тууралуу маалымат жарыяланды. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен Казакстандын президентинин бул жолугушуусу бир топ талкуу жаратып, талаштарга себеп болууда. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги аталган жолугушууга байланыштуу казак тарапка нааразычылык нотасын жиберди. Анда «бул жолугушуу менен Казакстан Кыргыз өлкөсүнүн ички саясатына аралашууда» деген нааразы пикир жазылган. Ошол күнү эле казак тараптан жооп келип, жолугушууга карата кошуна өлкөнүн тынчсыздануусуна таң калуу билдирилген. «Буга чейин да башка өлкөнүн саясатчылары менен алардын сунушу боюнча жолугушуулар болуп, коомчулукка жарыяланып келген. Мисалы, ушул жылдын 14-августунда экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу орун алган» деп айтылат Казакстандын жооп катында. Бабанов менен Назарбаевдин жолугушуусунун сүрөтү жана видеосу интернетке тарап, Бабановдун тарапташтары «Бабановду Назарбаев колдойт» деген билдирүүлөрдү жазып, упай топтоого аракет кылышса, айрымдар бул ишти кескин сындашууда. Бабановдун бул сапарында эч кандай мыйзам бузуу жоктугун айтып, маалыматты Бабановдун штабы таратпай жатканын, казакстандык сайтка жарыяланганын жүйө келтиргендер да бар.
Коңшу мамлекеттин башчысы өлкөдөгү президенттик жарыш алдында бийликтин талапкерине негизги атаандаш болуп турган Өмүрбек Бабановду кабыл алды. Бул азыркы бийликтин Казакстан менен мамиледе буга чейин эмне сепсе, ошонун түшүмүн алып жатканы деп баалагандар да бар.