БАБАНОВДУН ШТАБЫ КТРКны СОТКО БЕРЕТ

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады. Анда Өмүрбек Бабанов тууралуу атайын каралоо жүрүп жатканы айтылып, далилсиз маалыматтарды таратпоого чакырды. Ошондой эле Коомдук телерадиокомпаниясы (КТРК) шайлоо алдында далилсиз эле талапкерлердин бирин каралап жатканын мисал келтирип, аны сотко берерин жарыялады. Бабановдун штабы талапкерди коомчулукка жамандоо аракети мыйзам бузуу болуп эсептелип, административдик ресурс пайдаланылып жатканынын далили деп белгилейт.
Мындан сырткары аткаминерлер элдин Бабановго болгон жапырт колдоосун көрүп, ушундай ишке бара жатканын айтышууда. Ошондой эле КТРКдан башка ЖМКларды да так маалымат таратууга чакырышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан