Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берилип, республикалык штабдын төрагалыгынан бошотулду. Буга Зилалиевдин Баткендеги иш сапары учурунда КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго үгүт жүргүзгөнү себеп болгон. "Азаттык" тараткан аудиожазууда өзү Жээнбековду колдоорун айтып, «Президенттин саясатын уланта турган – бул Сооронбай Шарипович. Бюджеттен айлык алып иштеп жатасыздар. Суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө» деп жыйын катышуучуларына кайрылган.
Зилалиев айтып жаткан бюджет дал ошол карапайым элдин салыгы менен топтолорун, мамлекеттик акча деген эл төлөгөн салыктан, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен чогуларын, эл бийликке эмес, бийликтегилер эл үчүн кызмат кылышы керектигин вице-премьер билбейби?