Өлкөдө министрликтердин иш кагаздарынын 15-20 пайызы гана МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.
Кыргыз мамлекетиндеги 1805 айылдын 657синде ТАЗА СУУ жетишпейт. Аталган маселе 2023-жылга чейин 100 пайыз чечилүүсү пландалганын өкмөттөн маалымдашты.
БШК ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО байкоо жүргүзүүчү 38 мамлекеттен 203 адамды каттады. Эл аралык байкоочуларды каттоо 10-октябрда токтойт.
Республика аймагында 23-26-сентябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда ҮШҮК ЖҮРҮШҮ мүмкүн. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, Чүй, Талас облустарында түндөсү аба температурасы +3 градуска чейин төмөндөйт.
2017-жылдын май-август айларында өлкө боюнча 203 миң 749 адам БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТКО ээ болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 63 миңге көп. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан таратышты.
«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталып жаткан парламент депутаты АИДА САЛЯНОВАНЫ прокурорлор 8 жылга эркинен ажыратууну Бишкектин Ленин райондук сотунан сурады.
«Inter-Parliamentary Union (IPU)» союзу чыгарган рейтингде парламенттеги АЯЛ ДЕПУТАТТАРДЫН саны боюнча Кыргыз өлкөсү 100-орунга татыган. Ал эми Казакстан 57-орунду ээлесе, Орусия 127-орунда.
КМШ өлкөлөрүнөн «ТУРИСТТЕР үчүн эң таанымаал шаар» рейтингинде Бишкек 10-орунга татыды. 1-орунду Беларустун борбору Минск шаары ээлеген. Рейтингди «ТурСтат» аналитикалык агенттиги түзгөн.
2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында БАҢГИЗАТТАРГА көз каранды болгондордун саны 16,1 пайызга азайган.
Мамлекет боюнча 597 бала ВИЧ инфекциясына чалдыккан. Маалыматты Республикалык СПИД борборунан таратышты.
Кыргыз өлкөсүндө каза болгондордун 51,5 пайызы ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ооруларынан жабыркагандар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы "Баймак" көзөмөл-өткөрүү бекети 19-сентябрдан тарта эки тараптуу ачылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.