Аваз Акимов, ырчы: «АЙДАНАНЫ КАРЫЗГА БАТЫП ЭС АЛДЫРГЫДАЙ АНЫН ЖИГИТИ ЭМЕСМИН»

20-сентябрь күнү SUPER.KG порталы аркылуу күйөрмандары менен түз байланышта Аваз Акимов болду. Ырчы катышкан эфир ыр-күлкүгө бай жана күтүүсүз суроолор менен коштолду. Бир сааттык түз эфирдеги кызыктуу суроолорго ырчынын узаткан жоопторун төмөндөгү макаладан окуңуз.


– Аваз сенин кандай иш аракеттериң үчүн ата-энең аябай сүйүнгөнүн байкадың эле?
– Ата-энем «Ай-ай» аттуу ырым элге жакшы жайылып, клибим көрсөтүлүп, эл оозуна алынып калганда «азаматсың, балам, ырдап чыга алдың» деп сүйүнүшкөн.

–Сизди көпчүлүк башка жылдыздардан жөнөкөйлүгүңүз менен айырмалашат. Дагы кандай айырмачылыгыңыз бар?
– Ооба, мени көбү «жөнөкөй» дешет, анан дагы башка ырчылардан ырларым менен, көзүм менен, сөзүм менен, кебетем менен, кийинүү стилим менен айырмаланып турам.

– Жаш муундагы ырчыларга «ырчылар баары эле окшош» деген сындар айтылып келет. Мунун себеби баары бир жерден ыр жаздырып, бир жерден клип тарттырганданбы?
– Балким. Бул нерсеге кичине болсо дагы кошулам, азыр чын эле өзгөчөлүк жарата албай жатам. Бир жолу башкача өзгөчөлөнөйүн деп ойлодум эле. Анан чачымды кырып, гитара көтөрүп чыксам күйөрмандарыма, менталитетибизге туура келбей калат экен деп токтоттум. Албетте, өзгөчөлөнөлү деп аракет кылабыз, бирок замандын талабы дегендей, баары бир эле окшош болуп калууда.

– Салам, Аваз, сени кыздар ала качып кетип, калпак кийгизип койсо отурат белең?
– Эми «кызыңарды көрсөткүлө» деп бир-эки ызы-чуу салмакмын. Жакшылап аракет кылышса отуруп эле калмакмын. Жакшынакай, ыймандуу кыз болсо (күлүп).

– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар?
«Качан үйлөнөсүң?» деп бардыгы эле сурап жатышат. Ал жөнүндө азыр ойлоно да элекмин. Бойдокчулук экөөбүз катуу достошуп алыптырбыз, үйлөнгөнгө каалоом жок. Сүйлөшкөн кызым жок, бирок жактырып жүргөн бир кыз бар. Ашыктыгымды эрте билдирип алсам, ал мени жактырбай калсачы деп жүрөм.

– Сени азыркыга чейин көпчүлүк «Айганышты» ырдаган бала» деп таанышат. Сенден кийин ырдап чыккан жигиттер көп хиттерди жаратышты. Репертуар тандоодо жаңылып жатам деп ойлобойсуңбу?
– Сиз ошондой деп ойлосоңуз керек, бирок менин хит болгон андан башка бир топ ырларым жарык көргөн. Ырчы досторумдун арасында өзүмдүн ордум бар. Мактангандай болбоюн, бирок «Айганыш» Чубак Сатаев, Рыспай Абдыкадыров агайларыбыздын ырларындай элдин жүрөгүнө сиңип калган.

– Ушул ырдын жаралуу тарыхы тууралуу укканыбыз бар эле. «Ыр саптарында айтылгандай Аваз Айганыштын үйүн эмес, анын апасы иштеген Спорт сарайын айланып сүйүктүүсүн күтчү эле» деп Айганыштын апасы менен чогуу иштегендер айтып калган эле.
– Мен болгону бул ырдын аткаруучусумун. Эч кандай Айганышка тиешем жок.

– Балалык сүйүүгө кайрылып өтпөйсүзбү.
– 7-класста окуп жаткан кезде бийчи кызды сүйүп калгам. Досумдун фотоаппаратын сурап алып, мектепте эки жакка басканда ал кызды бекинип сүрөткө тарта берчүмүн. Бир күнү анын сүрөтүн чыгартып алып, артына «мен Аваз, 7-класста окуйм...» деп кыскасы, оюмдагыны жаздым. Өзүмдүн сүрөтүмдү дагы кошуп катты жактырган кызыма жибердим. Эртеси башка кыз өзүмдүн эле сүрөтүмдү алып келип берип «анын жигити бар, сиздин сүрөтүңүздүн кереги жок экен. Көптөн бери экөөнө тоскоол болуп жүрүптүрсүз» деп айтты. Ошондон кийин жүрөгүм ушунчалык сууп, күндө көргүм келген кыздан алыс кача турган болуп калгам.

– Мен сиздин ырчы досторуңуздун биринин фан-клубунун мүчөсүмүн. Бизге ошол досуңуз сыр кылып «Аваз менен Айдана Дека кыз-жигит, Аваз аны аябай сүйөт. Орусияга алпарып ойнотуп келем деп карызга батып калды» деп айткан эле. Андай эрке кызды эмне кыласыз, өзүңүзгө ылайыктуусун эле таппайсызбы?
– Ооба, Айдана экөөбүз ал жакка концерт коюп барганбыз, Москва эми ойнотуучу жер эмес го. Суроону берген киши аябай өзүнө ишенип жазыптыр. Мындай сөздөрдү менин жакын досторум айтпайт, эгерде сизге бул сөздү айткан менин айланамдагы жакын адам болсо, анда ал мага дос эмес, жөн гана жанымда жүргөн агент. "Карызга батып кетти" деген сөз дагы калп. Айдананы карызга батып эс алдыргыдай анын жигити эмесмин. Болгону ар бирибиз өзүбүздүн гонорарыбызды алып гастролго барып келдик. Бассейнге барып эс алганыбыз болсо, ал жакка бизден башка ырчы досторум дагы барды. Айдана өзүнүн ата-энеси менен жашаган, колунда бар кыз. Өзүнүн жумушу бар, менин оюмча, ал менден көп акча табат. Болбогон жерден Айдана уят болуп калышын каалабайм, ал дагы бирөөнүн кызы, ата-энесин уят кылгысы келбейт. Ошондуктан мындай обу жок нерселерге ишенбеңиздер, бул кепти айткан адамды мына ушул деп мага көрсөтүп коюңуз, өзүм эле сүйлөшүп коёюн.

–Сахна адамдары үчүн канча убакытта бир өзгөрүп туруу керек. Сизде акыркы жолу кандай өзгөрүү болду?
– Акыркы жолу футболчу Мессиникиндей кылып чачымдын араларын сары түс менен боёп көргөм. Бирок бизде «ээ, койчу ошону» деп сенин ордуңа башкалар уяла берет эмеспи. Бирок мен андайдан уялбайм. Үйдөгүлөргө деле аябай жаккан. Ошентип сары чач менен 3 ай жүргөм.

– Сахнага чыкканыңа бир топ жыл болду, Нурлан Насип ырдап чыккандан бери батир алып, чоң үй салып, бир нече жолу унаа алмаштырыптыр. Сен чыгармачылыктан кандай материалдык байлык таптың?
– Менде андай чоң үй жок, унаам жана элден тапкан кадыр-баркым бар.

–Сенин атактуулугуң туу чокусуна жетип турган кез өтүп кеттиби же келе элекпи?
– Менимче, ал учур келе элек. Мен жете турган бийиктиктер али көп. Буюрса, аракет кылып, максаттарыма сөзсүз жетем. Атактуулуктун даамын сөзсүз татам.

–Бир жолу байпак сатып иш алпарып жатам дедиңиз эле. Ал жумушуңуз эмне болду?
– Мен жеке ишкер болоюн деп байпак саткам. Тааныштарымдан арзан баада алып жакшы эле саттым. Ал ишим азыр деле бар, болгону башка адамдар алектенет.

– Обон дагы жазып жүрөсүң, эргүү кандай учурда келет жана канча обонуң бар?
– Эсебин так билбейм, 15ке жетсе керек. Обон чыгарууга эргүү кыздарды карап отурганда келет.

– Нурлан Насип экөөңөр бир кызга ашык болгон күнүңөр болду беле?
– Андай учур болгон эмес. Биз дайыма курбу кыздарды жактырчубуз. Мага жаккан кыздын курбусу ага жакчу же тескерисинче. Окуп жүргөндө ушинтип досум экөөбүз чогуу жүрүүнүн айласын издечү элек.

Эфир учурунда.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимов: "Айдананы ойното тургандай ал менин сүйлөшкөн кызым эмес"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Asman...
2017-09-26 09:20:06
Сөздөрү орундуу. Азаматсыз Аваз байке. Ишиңизге ийгилик.
0
Tyty1990
2017-09-26 10:51:15
Чубак сатаев Рыспай агайдын ырларындай айшаныш элдин эсинде калыш учун ото чооон эмгек керек.
+5
ady-88
2017-09-26 13:42:03
Че то аваз укам отто эле мактанып койбодубу дейм да. Рыспай Абдыкадыров Чубак Сатаев агаларыбыз каякта авах каякта жатат
+1
aminali
2017-09-26 15:52:58
Актаныптыр жакшы эле,Нурлан Насиптей бир куну алып чыксан уялбайбыз деле,бактылуулук каалайбыз!
+4
Kroxa
2017-09-26 23:46:36
Стилим менен айрымаланып турам???тушунбодум чё за стил обычный парень..сен Айганышка эле стилин озгочо болбосо...Рыспай агай менен Чубак Сатаевдин ХХХ ХХХ,бар бол ийгилик..аман бол!!
0
admin_portal
2017-09-27 10:01:09
Kroxa, мазактоодон алыс болуңуз!
+1
admin_portal
2017-09-27 10:01:45
lionna, жеке билдирүүнү купуя менен!
0
Ashka.
2017-09-27 17:46:36
Атабековту дагы чакыргыла.
-2
admin_portal
2017-09-28 09:26:46
Ashka., саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
0
dina1223
2017-09-27 23:53:39
мен сооннун маек болуптур... куло берип ичим ооруп кетти, ийгилик каалайм
0
Nanei
2017-09-28 10:42:54
Бир кундук ырчы. Телеге,суперге бир жыл чыкпай калса унутта калат.
+1
dinara777
2017-10-02 21:18:34
Жакшы суйлойт экен.ата энесине рахмат ушундай баланы тарбиялаган..уккун эле келет.эркек деген ушундай болуш керек
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан