Баян Максат кызы: «БИР ЖОЛУ КЫРГЫЗ ЫРЧЫГА ПРОДЮСЕР БОЛГОМ»


Жакында Бишкекке атактуу продюсер, актриса, ырчы, алпаруучу Баян Максат кызы (Есентаева) келип, «Баян. Обо мне и не только» аттуу өмүр баяны тууралуу китебинин бет ачарын өткөрдү. Эске сала кетсек, 1 жыл мурун Баян Максат кызы мурунку жолдошу Бахытбек Есентаевдин катуу ур-токмогуна кабылган. Бахытбек Есентаев бул кылыгы үчүн кылмыш жообуна тартылса, атактуу айым көпкө чейин дарылануу курсунан өтүп, психикалык абалын калыбына келтирип жүрдү. Баян айымдын борбор калаабыздын тургундары менен болгон жолугушуусу ырчы Анжелика Бекболиеванын демилгеси менен уюштурулган. Жолугушууга продюсер учурдагы жолдошу Турсенгали Алагузов менен келди. Мындан улам Баян айымдын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.

Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 9-январь

Туулган жери – Казакстан, Уральск шаары

Билими – Казак улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 кыздын энеси


«АПАМ МАГА ДАЙЫМА БИРИНЧИ БОЛУШУҢ КЕРЕК ДЕЧҮ»

Баян Максат кызы чыгармачыл үй-бүлөдө жарыкка келген. Анын апасы Уральск шаарындагы филармониянын ырчысы болсо, атасы музыкант эле. Жаштайынан өзүнүн сулуулугуна ишенген Баян «чоңойгондо сөзсүз артист болом» дечү. Бирок апасынын «мугалим болосуң» деген талабынан чыга албай, келечектеги продюсер туулуп-өскөн жериндеги училищенин филология факультетине тапшырат. Бирок 3-курста окуп жаткан кезинде ата-энесине айтпай театралдык окуу жайга которулуп алган.
Бир күнү практикага жиберип калышты. Класска кирсем 30 окуучу, анын артында комиссиянын мүчөлөрү отурган экен. «Саламатсыңарбы, балдар? Мен Баян Максатовна...» деген боюнча күлкүмдү тыя албай каткыра бердим. Албетте, комиссия мага «2» деген баа койду. Ошентип мен эч качан мугалим боло албасымды түшүнгөм. Апама келип, «эми театралдык окуу жайдын студентимин» деп айтканымда анын жүзү эсимден кетпейт, «демек, артист...» деп айтарга сөз таппай калган.

20 ЖАШТА КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК

Театралдык окуу жайдын 1-курсунда эле Баян «Махабат бекети» тасмасындагы негизги ролго бекитилет. Анын жараткан образын миңдеген көрүүчүлөр сүйүп, жаш актрисанын атагы алыска кетет. Анда Баян Максат кызы 20 гана жашта эле.
«Күйөрмандарды милиция кызматкерлери араң кармап калышчу. Мага көп көңүл бурула бергендигинен эч кимди теңиме албай, эски тааныштарыма салам бербей калгам. Көрсө, балалык кылыптырмын. Таанып турсам дагы «мен сизди эстей албай жатам» деп басып кетчүмүн. Кийин театр дагы меники эмес экенин түшүндүм, кийин журналистика факультетине тапшырдым».
Жогорку билимге ээ болгон соң Баян казакстандык телеканалдардын биринде 6 жыл жаңылыктар түрмөгүн алып барган. «Мага устаттарым «Баян, алга: таштандыга, карыяларга... Анын бардыгын басып өтмөйүнчө сен бышпайсың» дешчү. Аларга ыраазымын, себеби мен быштым». Эфирге чыга баштаган соң Баян камера алдында сүйлөө, алып баруучулук үчүн жаралганын түшүнгөн. Убакыттын өтүшү менен алып баруучу тажрыйба топтоп сахнага ырчыларды алып чыга баштайт. Продюсер катары анын көрүнүктүү эмгектери катары «КешYOU» тобун жана Жанар Дугалованы атай кетсек болот.


БИРИНЧИ ЖОЛДОШУ ЖАНА КЕЧИККЕН СҮЙҮҮСҮ

Баян мурунку жолдошу Бахытбек менен театралдык окуу жайда окуп жүргөндө таанышкан. «Ал кезде 50-60 жигиттин атын дептериме жазып араң эстеп калчу элем. Жигиттер менин айтканым менен болуп, көзүмдүн кареги менен тең айланышса, Бахытбек эч нерсе дечү эмес, атактуулугум тууралуу дагы ооз ачкан эмес. Ушундан улам мен аны тандагам».
Бул түгөйлөр 22 жыл чогуу түтүн булатып, 2 кыздын ата-энеси болушту. Тилекке каршы, бул үй-бүлө тарыхы 2016-жылдын 10-июнунда аягына чыкты. Ага Бахытбек мырзанын жубайына кол салуусу себеп. Бул окуя тууралуу Баян өзүнүн автобиографиялык китебинде буларга токтолгон: "Мен эч качан тынч жол менен ажыраша албашымды билчү элем. Жолдошум мени катуу сүйүп "сен менин жубайым бойдон өлөсүң" дечү. Кол салуу болор алдынан мен 5 күнгө Турсен менен Грузияга кетип калдым. Кийин Бахытбекке чалып ага кайрылбасымды айттым. Казакстанга учуп келип таксиге отурарым менен ал артымдан отурду. Ал мени бычак менен сайып, уруп жатканын билем. Кийин улуу кызым келип мени куткарды. Бул окуя менин ажырашууну каалаганым үчүн төлөгөн акым болду.» Окуядан 1 жыл өтпөй алпаруучу жеке ишкер Турсенгали Алагузовго турмушка чыгууга макулдугун бергендигин маалымдаган.

«КИТЕП ЖАЗУУМА КООМ ТҮРТКҮ БОЛДУ»

Жолугушууда Баян Максат кызы кыргыз күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип, ачык-айрым отурду. Баян айым менен болгон маектин кызыктуу учурлары менен бөлүшөбүз.

– Саламатсызбы, Баян? Айтыңызчы, европалык айымдар менен чыгыш айымдарынын айырмасы эмнеде?
– Биздин айымдар түшүнүктүү, мүнөзү жумшак, мырзаларга баш ийип кулак сала билгендей туюлат.

– Сиздин китеп жазууңузга эмне түрткү болду?
– Бул кадамга баруума мен жашаган коом түрткү болду. Жашоомо кызыккандардын саны арбыды. Алардын бардыгына китеп аркылуу башымдан кандай окуя өткөнүн айтып бердим.

– Сизди мыкты продюсер катары да тааныйбыз. Кыргыз ырчыларына продюсер болууну каалайт белеңиз?
– Билесиңерби, мен бир жолу кыргыз ырчысына продюсер болгом. Бирок ал гастролго жөнөп жатканда учакка кечигип калган, бир эмес, эки жолу. Жоопкерчиликсиздиктен улам аны менен иштешүүнү токтотком. Чындыгында, менде эч кандай чектөө жок. Кастинг болгондо катышыңыздар.

– Биздин апаларыбыз 43 жашында, жумшагыраак айтканда, улгайыңкы көрүнүшөт. Сиз ошондой эле куракта 28-30 жаштагы кыздардай экенсиз. Сырыңыз эмнеде?
– Мындай сөздү жаш жигиттен угуу өзгөчө жагымдуу болду... 43 жашында чоң энедей көрүнгөн айымдардын негизги көйгөйү – алар өздөрүнүн 43 жашта экенине ишенишет. Мен, мисалы, өзүмдү 25 жаштагы кыздай сезем. Улуу айым дегендерге капа болом. Бул жакшыбы же жаманбы билбейм.

Турсенгали Алагузов: БАЯН МЕНИ СЫЙКЫРЛАП АЛГАН»

Бул кечеде Баян Максат кызынын жолдошу Турсенгали Алагузовду да кепке тарттык.

– Саламатсызбы, Турсенгали мырза? Кыргыз жерине куш келипсиз, жагып жатабы?
– Саламатчылык, ооба, мен аябай Кыргыз жерин жакшы көрөм. Ысык-Көлгө келип көнгөнбүз да, бүгүн минтип Бишкекке келип турабыз. Тамактары даамдуу, адамдардын жүзү ачык, жылмайып турушат, жароокер келишет.

– «Кыргыз-казак бир тууган» деген кеп бар, ага карабай сизге эки элдин айырмачылыгы байкалгандыр...
–Тил жагынан айырма бар, өзгөчө «с, ш» тамгаларын колдонууда. Биздин мамлекет чоң, түндүк тарабында жашаган элдер олуттуу, көп күлбөгөндөй туюлат. Кыргыз эли жайдарыдай сезилди.

– Кезектеги суроом Баян айым тууралуу. Бир көргөн адамга өтө күчтүү, эч кимден көз карандысыз сезилген айым жүрөгүңүздөн кантип түнөк тапты?
– Мен бир сериалдын үстүнөн иштеп жаткам. Анан Баяндан кеңеш суроо үчүн кайрылган элем. Ошентип экөөбүз алгачкы жолу жолукканбыз. Албетте, ал өзгөчө инсан, анын өзүн алып жүрүүсү, шыңгыр күлкүсү, үнү, көздөрүнүн тереңдиги. Менимче, Баян мени сыйкырлап алды. Мен ушинтип ойлойм, себеби ошол учурашуудан кийин мен Баяндын күлкүсү, көздөрү болбосо өзүмдү толук кандуу адам сезе албай калдым.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Farm94
2017-09-26 11:26:21
Бизде деле ушундай продюсерлер коп болсун жаны идеяларга бай шоу бизнести онуктургон.Казак туугандардын шоу бизнеси бизден 2.3 кадам алдыда музыка жаатында болсун.бийи сахна жасалгасы.уюштуруусу Жогорку денгээлде.Биздин ырчы кыздарыбыз казак ырчы кыздарынан бир аз уйронушсо бийлегенди кийингенди боёнгонду (арыктоону).Кызык кайсы кыргыз ырчыга продюсер болгон экен
+10
Naiman39
2017-09-26 14:34:29
Эркек экен мурунку жолдошу
+5
Nibiru.
2017-09-26 19:28:01
22 жыл жашаган омурлук жолдошун жон гана байпак таштагандай таштап коюп, айтканын кара суйунчулогондой болуп, жон ажыраша албасымды билгем деп. Ушундайлардан Кудай озу сактасын.
-3
KIRA.
2017-09-26 22:55:49
куйоосун тенсинбей кетсе керек да.анан бычак жеди да,эркектин намысына тийип,кудайым бир куйоо менен бактылуу кылсын
+10
Arlenchik
2017-09-27 00:07:55
Куйоосу мн жашап атып тигиниси мн кетип калса анан кол салат да, озунон кетиптирда куноонун баары.
+7
Balam_bakytym
2017-09-27 01:26:45
Tan kaldym bul aiymga. Joldoshu oshoncholuk suiup turgan bolso, bul kyska omurdo jon ele jawap tursa bolot elego kunoogo batpai. Kuioosuno kyianattyk kylgany uchun tokmok jegen ekenda, yras ele kylyptyr kuioosu
+4
vivaldi
2017-09-27 02:09:03
Адамдар биз кызыкпыз. Эрди катын үйлөнгөндөн кийин бири биринин менчигине айланбайт жана бири биринин кулу эмес. Ар бир инсандын өз ыктыяры өзүндө. Көңүл өтө назик нерсе. Ал мени сүйөт деп, сүйбөгөн адам менен өмүрдү өткөрүп жиберүү керекпи? Сүйүүсүн тапкан соң, Бир келген өмүрдө сүйгөн адамың менен бир күн жашап өтүүдөн өткөн бакыт жок. Кээ бир адамдар өмүр бою сүйүү эмне экенин билбей жүрүп өтүп кетишет. Кандай аянычтуу жашоо.
+10
vivaldi
2017-09-27 02:12:12
Баян Эсентаева, эл үчүн эмес өзү үчүн жашаган, азамат аял экен. Эл эмне дейт деп темселеп жүргөндөрдөн эмес. Бакыт каалайм!!!!!
+9
pixduel1
2017-09-27 02:27:05
Бирок куйоосу да прям ангел эмес ,казинодон башы чыкпаган характери черт болчу экен( ( ( Аялынын тапканын чача берсе,аялы корунуктуу адам болгонун билсе да кызганып жашоо берген эмеско менимче.Эки адамдын оз чындыгы бар дегендей,бул жерде куноону бир адамго койгон туура эмес,экоондо тен бар.
+8
Kuba-savai87
2017-09-27 08:17:04
Адырашууга себеп болгон азыркы куйоосу турбайбы
-2
Aylini
2017-09-27 19:28:05
Аялдар да таштасында эрин , күйөөлөр эле таштай береби бир бала менен ерунда таштап жатышат. 2-3 бала менен дагы. Баян туура кылдың баркыңды билбегенди ошентиш керек
+17
kenje-888
2017-10-02 16:56:21
Aylini, туура айтасын
+2
nur72
2017-10-07 19:22:32
эрктуу аял экен эл эмне дейт дебей озу учун жашаган
0
perish
2017-10-31 08:20:44
Баян туура кылыптыр!Озунун бактысын таап!Куйоосу жаш кыздар менен журуп,казинодо аялынын тапканын уткузуп баймын деп согунуп журсо конулу калган да.Аялдарды сыйлап,суйуп турса аял кетпейт.Тем более,Баяндын байлыгы озуно жетет
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан