«Кумтөр»: ЭКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕ ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ

«Кумтөр» боюнча жаңы келишим буга чейинки келишимдерге караганда кыргыз тараптын кызыкчылыгына ооду. Анткени бул ирет экологиялык маселелердин жана инвестицияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү алдыга чыкты.

14-сентябрда Бишкек шаарында «Пикир» Кыргыз Республикасынын аймактык эксперттер клубунун демилгеси менен «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы келишим Кыргызстандын инвестициялык жана экологиялык абалына кандай таасир берет?» деген аталышта тегерек стол өттү. Жолугушууда бул келишим тоо-кен өндүрүшүнүн өнүгүшүнө кандай таасир берет деген пикирлерден сырткары өлкөнүн инвестициялык климатын жана экологиялык абалын жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

«Кумтөр» Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп берип, ал каражатты биринчи кезекте Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоочу жайларды курууга жана модернизациялоого жумшоо пландалды.
Каражатты туура жумшоо коомчулуктун көзөмөлүндө болушу үчүн байкоочу кеңеш же фонддун кеңеши түзүлүүсү керек деген маселени Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев көтөрдү. «Бул маселенин чечилиши өлкөгө башка инвесторлорду тартууда маанилүү роль ойнойт. Азыр биз туура жолду тандап алдык. Мыйзамга таяп цивилизациялык жол менен маселелерди чече аларыбызды көрсөттүк. Бул маанилүү. Анткени өлкө жаңы инвесторлорго муктаж»,- деди Акенеев.
Белгилей кетчү жагдай, бул келишимге келгичекти Кыргызстандын бийлиги менен канадалык инвестордун ортосунда узак убакыт бою «кансыз согуш» болуп келген. Узакка созулган чыр-чатак өнөктөштөрдү эл аралык арбитражга эле эмес, эки тарапка тең бир топ кесепеттерди алып келген.
«Пикир» Кыргыз Республикасынын аймактык эксперттер клубунун тең төрагасы Игорь Шестаков «Бул келишимде инвестициянын корголушу жана талаш маселелердин цивилизациялуу жол менен чечилиши сыяктуу факторлор каралгандыктан эми инвесторлор биздин өлкөгө карата болгон оюн өзгөртөт. Акыркы 7 жыл ичинде алтын кен ишкана айланасында чыр-чатактар токтобой келген. «Кумтөр» саясий манипуляциянын объекти болуп, бул чет элдик инвесторлордун биздин өлкөгө болгон кызыгуусун жоготкон. Өкмөттүн аракети менен компания экономикалык өңүттөн саясий өңүткө өткөн. Статистиканы карасак, «Кумтөр» бюджетти түзүүчү ишкана. Ал эми жаңы келишимди экологиялык маселелерди чечүүдөгү олуттуу жетишкендик деп эсептесе болот",- дейт.
Ошондой эле Игорь Шестаков инвестор иштетип жаткан жерден киреше алуудан сырткары ошол өлкөнүн алдында жоопкерчиликтүү болууну билип, ал жердин экологиясынын алдында да жоопкер экендигин сезиши керектигин айтты.
Тегерек столдо катышып жаткан «Кыргызалтын» ААКысынын мурдагы башчысы, Кыргызстандагы элдердин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов 20 жыл аралыгында кыргыз тарап биринчи жолу «Кумтөр» алтын кенин иштетүүдө олуттуу кадам жасагандыгын айтып өттү.

-Ишкана эксплуатацияга берилгенден бери 20 жыл өттү. Бул аралыкта анын айынан саясий, экономикалык, экологиялык, жадакалса моралдык кризиске учурадык. Кыргыз тарапка пайдасыз болгон бир нече келишимдерди түзүү аракетине күбө болдук. 2015-жылдын 28-29-мартын эсиңерге салгым келет, анда Бишкекте «Центерранын» жетекчилиги, «Кыргызалтын» жана Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда акыркы сүйлөшүүлөр жүргөн. Канадалык компанияга мындай шарттар коюлган: Биринчиден, 5 адамдан турган директорлор кеңешин түзүү, анын үчөө биз тараптан болушу керек эле. Экинчиси, рекультивация фондун 56 миллион долларга жеткирүү. 2009-жылдагы келишимдин негизинде төлөнүп жаткан экологиялык төлөмдөрдү 310 миңден 3 миллион долларга көтөрүү маселесин караганбыз. Үчүнчү шарт калдыктарды стабилизациялоого 5 миллион доллар төлөнүүсүн да ал талаптардын катарына киргизгенбиз. Мындан сырткары тазалоочу жабдыктар боюнча да көйгөйлөр бар болчу. Ага 10 миллион доллар бөлүнсүн дегенбиз. Эң маанилүүсү, эл аралык экологиялык уюмунун шарттарын аткаруу болчу. Мында суунун анализинен баштап жаңы калдыктарды сактоочу жайдын курулуусуна чейин пункттар бар эле. «Кыргызалтындын» позициясын канадалык компанияга расмий түрдө жөнөткөндөн кийин биздин парламентте бул ишти кайра бузуп койгон бир фракция, бир премьер-министр чыккан. Азыркы өкмөт биздин 2015-жылдагы позициябызды ишке ашырды, баарына чекит коюлуп, маселе оң жагына чечилди. Маанилүү жагдай, Канада тарап эл аралык экологиялык уюмунун талаптарын аткарууга милдеттендирилди. Бул уюмдун талаптарында буга чейин өлкөдө көтөрүлгөн мөңгүлөр, суу, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо боюнча бардык пункттар камтылган. Мындан ары «Кумтөрдө» экологиялык, өндүрүштүк жана башка маселелер жаралбайт, коррупциялык көрүнүштөр болбойт деп ишенебиз. Мындан тышкары өкмөт жана коомчулук талап кылып жаткан жер алдында өндүрүү үчүн жай курулат. Бири 2 чакырым, экинчиси 4 чакырым болгон эки алтын өндүрүлүүчү аймак курулары белгилүү болду, ага 170 миллион доллар жумшалат.
Кыргызстандын Экономика палатасынын аткаруучу директору Геннадий Карабанов да министрлер кабинетинин экс-жетекчиси менен учурдагы премьер-министрдин компетенттүүлүгүн белгилеп өттү. Анын сөзүнө караганда, бул адамдардын канадалык инвестор менен болгон талаш-тартыштарды жөнгө салуудагы кылган эмгектери өлкөбүздүн инвестициялык климатына оң таасирин берет. «Кыргызстандын жаңы өкмөтү татаал жана талаштуу маселелерди оң жагына чечүүнү иш жүзүндө көрсөтө алды. Жаңы келишим инвестиция тартууда албан-албан натыйжаларды берет», -дейт эксперт.
Дагы бир өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, келишимдин негизги пункттарынын бири боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык инвестордун ортосундагы экологиялык соттук доолор эки тараптуу чечилди. Эксперттер буга чейин деле Кыргызстандын эл аралык арбитраждык сотто утуп алышы мүмкүн эмес болчу деп айтып келишкен эле. Андан сырткары соттук териштирүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизмек.
«Жаңы келишим Кыргыз өкмөтүнүн инвесторлорго карата компромисске келип, инвесторлор менен тең укуктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала тургандыгын көрсөттү. Бул бизге бийлик тарабынан боло турган мыйзамсыз улутташтыруудан жана башка мыйзамсыз иштеринен коркуп жаткан башка да потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жеңилдетти. Себеби буга чейин инвесторлор менен болгон сүйлөшүүлөр «Кумтөр» тууралуу маселелер менен башталып, «Кумтөр» менен бүтчү», - дейт Кыргыз Республикасынын Тоо-кен өнөр-жай гильдиясынын вице-президенти Анатолий Долгов.
Иш-чаранын катышуучусу, мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов да сөз алып, ал Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» акциясы тууралуу пикирин билдирди.
-Өнүктүрүү фондунун каражаттары буга чейин Ысык-Көлдүн губернаторунун чөнтөгүнө түшүп турганын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Ал эми жергиликтүү калкка аз гана пайда түшчү. Бул ирет эл үчүн пайда алып келе турган кадам жасалды. Токтоло кетчү жагдай, «Кумтөр», «Центерра» тууралуу айтып жатканда эмнегедир Кыргызстан «Кумтөрдүн» гана эмес, «Центерранын» да чоң акционери экенин унутуп калабыз. Ал эми «Центерранын» активдери башка өлкөлөрдөгү анын карамагындагы кен байлыктарды да камтыйт. Мисалы, «Центерранын» «Томпсон Крик» компаниясын сатып алуусу бул–диверсификация. Бул Кыргызстандын «Кумтөрдө» гана эмес, «Центеррага» тиешелүү активдерде да ээлиги бар дегенди түшүндүрөт. Ал эми анын активдери АКШ, Монголия, Канада, Түркияда бар. Муну эске алуу керек. Кандай болгон күндө да «Кумтөрдөгү» алтын бир күнү түгөнөт. Бирок Кыргызстандын «Центеррадагы» акциясы калат. Муну эске алып, ушул багытта иш алып баруу керек. Анан да «Томпсон Крикти» сатып алганда акция 26 пайызга чейин түшүп кетти деп чырылдагандарга түшүнбөйм. Акция акционерлердин көбөйүүсү менен түштү да. Бул окуядан кийин атайын маалыматтарды карап чыктым, ал келишимден кийин «Центерранын» акциясы 3 пайызга көтөрүлүптүр. Мындай келишимдер ишкананын абалына оң таасирин тийгизерин айта алам. Ал эми Кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын ортосунда түзүлгөн акыркы келишим эки тараптын сүйлөшүү жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Анда төлөмдөрдүн көлөмү максималдуу түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкталды.


Жаңы келишимдин негизги жетишкендиктерин санай кетсек:

Түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү Фондуна бир жолку төлөм катары 50 миллион АКШ доллары которулат. Аны менен бирге жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражаты 310 миң АКШ долларынан
3 миллион АКШ долларына чейин өсөт.
АМЕС эл аралык экологиялык консультантынын көрсөтмөсүн ишке ашыруунун алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана кендин өзүндөгү иш чараларды каржылоо кеңейтилет.
«Кумтөр» долбоорун каржылоо боюнча калыбына келтирүү фондунун механизми так иштелип чыкты. Ага ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын финансылык башкармалыктарында сакталып, жыл сайын 6 миллион АКШ долларынан 69 миллион АКШ долларына чейин көбөйөт.
«Кумтөр» долбоорунун алкагында социалдык өнөктөштүк тармагы да кеңейет. Биринчи жыйынтыгы болуп, Кыргыз Республикасынын улуттук онкология борборун өнүктүрүү фонду эсептелет. Канадалык инвесторлор бул багытта 10 миллион АКШ долларын бөлүүгө даяр.

Перизат Музуратбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Luna15
2017-09-26 11:00:20
ошо болунгон акчаны Жетиогуз тараптын жолун ондоп,айылдарга бала бакча ачып беришсе элге жакшы болот эле
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан