САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

БАКЫТ БЕШИМОВ ЭЛЧИЛИКТЕН ЭМНЕГЕ БАШ ТАРТТЫ?

АКШдан баш паанек алган оппозиция өкүлү Бакыт Бешимов Убактылуу өкмөт сунуштаган Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан баш тартканы маалым болду. КСДПнын көрүнүктүү лидерлеринин бири болгон бул инсан Убактылуу өкмөт менен эмнеге тил табыша албаганын түшүндүрө элек.
Б.Бешимов өткөн жылы президенттик шайлоодо талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо боюнча штабынын жетекчиси милдетин аркалаган. Шайлоодон кийин “бийлик тарабынан куугунтук көрүп жатам” деп АКШга качып кеткен. Ага чейин 4-чакырылыштагы ЖКнын депутаты жана парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси болуп келген.


ЖАҢЫ ДОЛБООРДО НЕГИЗГИ 4 МАСЕЛЕ КАРАЛАТ

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев: “Жалпы элге сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда негизинен төрт маселе бар”,- дейт. Алардын биринчиси – президенттин ыйгарым укуктарын азайтуу, экинчиси – парламенттик шайлоо системасы, үчүнчүсү – өкмөттү калыптандыруу эрежелери, төртүнчүсү – Конституциялык Соттун тагдыры. “Бул маселелер боюнча Убактылуу өкмөттүн максаты бир. Буларды түздөн-түз өзгөртө албасак да, бийлик бутактарына ыңгайлуу тең салмактуулукту түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар”,- дейт Өмүрбек мырза. Ошондой эле ал аталган маселелер боюнча коомчулуктан сунуштар болсо, Убактылуу өкмөт бул сунуштарды эске аларын кошумчалайт.


ПАРТИЯЛАР ОЙГОНО БАШТАШТЫ

Убактылуу өкмөт жаңы Баш мыйзамдын долбоорун жарыялап, Кыргызстанга парламенттик башкаруу системасы керектигин жар салды. Аны коомчулук талкууга алып, айрымдары макул болушса, айрымдары терс пикирлерин билдиришүүдө. Ал ортодо Утурумдук өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев 27-июнда жалпы элдик референдум өтөрүн жарыялады. Канткен күндө да референдум болуп, андан соң 10-октябрда парламенттик (балким, бир эле күндө президенттик да) шайлоо өтөрү азыртадан белгилүү болуп калды.
Маалым болгондой, парламенттик башкаруу системасы кабыл алынса, саясий аренадагы чыныгы күрөш парламенттик шайлоодо кызый турганы анык. Бакиев бийлигине оппозиция болуп күрөшүп келген жана бийликтин кулашына түздөн-түз салым кошкон “Ата Мекен”, КСДП, “Ак шумкар” өңдүү партиялардан сырткары Кыргызстанда аты бар, заты жок 100дөн ашык саясий партия катталган. Парламенттик шайлоого карата бул партияларга көз салып көрөлү.
Учурдагы Убактылуу өкмөттүн курамында “Ата Мекенден” Өмүрбек Текебаев, КСДПдан Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, “Ак шумкардан” Темир Сариев, “Улуу биримдиктен” Эмил Каптагаев жана “Эркиндиктен” Топчубек Тургуналиев бар. Булардан тышкары “Асаба”, “Туран”, “Ар-намыс”, “ЭрК” сыяктуу акыркы 5 жылда саясат майданында көп көрүнбөй кеткен партияларды да белгилей кетүү керек. Ал эми учурдан пайдаланып Аликбек Жекшенкулов “Акыйкат үчүн!” республикалык партиясын түзсө, Мирослав Ниязов “өлүккө” айланган “Эл арманы” партиясын жаңы адамдар менен бирге кайра тикелөөнүн камын көрүүдө. Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын Кыргызстанга келип, таасирдүү адамдарга жолуга баштаганына караганда, парламенттик шайлоого чейин “Алга, Кыргызстан!” да ойгонот деген ой жаралат. Ал эми мурдагы бийликтин камчысын чаап келген “Ак жол” жана “Жаңы Кыргызстан” партиялары азырынча дымып турган кези.


КУРМАНБЕК БАКИЕВДИ ЖАКТАГАНДАР ҮН САЛДЫ

Экс-президентти коргоо боюнча комитетинин өкүлү Жанара Молдокулованын айтымында, 17-майда өтө турган митингге алардын тиешеси жок. Анын маалыматына таянсак, азыркы учурда К.Бакиевдин 1,5 миңдей тарапташтары Жалал-Абадда чогулуп, иш алып барышууда. “Биз президентибиздин келишин күтөбүз жана ал сөзсүз келет. Бирок анын кайра мекенине келүүсү калк ичинде кагылышууга алып келиши ыктымал. Ошондуктан Курманбек Бакиевге Кыргызстанга кайтууга азырынча эртелик кылат”,- деп эсептейт Ж.Молдокулова.


КЕЗЕК ИГОРЬ ЧУДИНОВДО

Баш прокуратура тарабынан мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновго карата кылмыш иши козголду. Ага “Кыргызгаз” Ачык акционердик коомунун баш директору болуп иштеп тургандагы (2005-жылдын апрель айынан 2007-жылдын 8-февралына чейин) айрым иш-аракеттери боюнча айып коюлууда. Экс-өкмөт башчы КЖКнын 171, 215 жана 211-беренелери: “Карамагына берилген мүлктү ээлеп алуу, аны орунсуз жок кылуу”, “Каржы жеңилдиктерин мыйзамсыз берүү жана алуу”, “Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин укугунан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айыпталууда. Бул кылмыш иштеринин жыйынтыгында Игорь Чудинов “Кыргызгаз” ААКсына 4,5 миллион доллар жана мамлекетке 3,5 миллион доллардан ашуун зыян келтирген” деп
а­йыпталууда.


ОРУСИЯ 10-МАЙДАН БАШТАП КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ЖӨНӨТӨТ

Кыргызстанга Орусиядан күйүүчү май алып кирүү 1-апрелде убактылуу токтогон эле. Бирок 10-майдан баштап жаңы бажы салыгы киргизилип, тактап айтканда, ар бир тоннасына 203,7 доллар төлөм акысы коюлду. Ага чейин мындай салыктын баасы 193,5 доллар экендиги айтылган эле. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан орточо эсеп менен бир жылдын ичинде Орусиядан 1,2 миллион тонна нефти продуктусун алып турат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбе­­тов билдирет. Күйүүчү майды темир жол аркылуу ташышат.


УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ИЗДӨӨ САЛАТ

Баш прокуратура, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги тарабынан оор кылмыштарга айыптуу деп саналган бир нече экс-чиновниктерге издөө салынгандыгын Укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуучу комиссиясы кабарлайт. Алар: Жаныбек Бакиев, Максим Бакиев, Ахматбек Бакиев, Каныбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Курманбек Темирбаев жана Нурлан Темирбаев. Убактылуу өкмөт тарабынан бул адамдарды издөөгө жана кармоого жардам бергендерге 20 миңден 100 миң долларга чейин акчалай сыйлык берилет. Сурап-билүү телефондору: (0 312) 62-11-71 (МУКК), (0 312) 62-38-74, (0 312) 66-30-29, (0 555) 30-46-83 (ИИМ).


ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН БИР ТУУГАНДАРЫ КАЙДА?

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, азыр экс-президенттин жакындары дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жүрүшөт. Аталган органдын маалыматы боюнча, Ахмат жана Жаныш Бакиевдер Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда жүрүшөт. “Жаныш Бакиевди кармоо биз үчүн көйгөй жаратат”,- дейт К.Дүйшөбаев. Анын айтымында, К.Бакиевдин чоң уулу Марат Казакстанда, кичүү уулу Максим Прибалтикада. Ал эми бир тууганы Марат Бакиев Европада. Калган бир тууган инилери Түркияда жүргөндүгү тууралуу маалымат бар.


КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛДЫ

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшкөн соң чек ара маселеси оң жагына чечилди. 6-май күнү саат 11:30да чек ара ачылып, азырынча жүк ташуучу транспорттук унааларды өткөрүшүүдө. Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, кыргыз-казак чек арасы толугу менен 11-майда ачылат. Н.Назарбаев Казакстан чек арасын коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгынан улам жабууга аргасыз болгондугун билдирген.


Александр Лукашенко:
“ОРУСИЯГА МҮМКҮН ДА, БИЗГЕ МҮМКҮН ЭМЕСПИ?”

Расмий Минск К.Бакиевди кайтаруу боюнча түшкөн бардык талаптарды кабыл албай тургандыгын Беларусь президенти Александр Лукашенко “Рейтер” агенттигине билдирди. “Мага расмий түрдө эч ким кайрыла элек. Кайрылуу болсо дагы, алар Лукашенконун жообу кандай болорун билишет”,- дейт ал.
Анын айтымында, экс-президент кызматынан кеткендиги жөнүндө арызды жазса дагы, Баш мыйзам боюнча аны Жогорку Кеңеш кабыл алган эмес. Демек, ал дагы эле Кыргызстандын өлкө башчысы. “Мени Орусия дагы жемелей албайт. Анткени дал Бакиев сыяктуу эле баш калкалап качкан Аскар Акаевди алар кабыл алып эле тим болбостон, жумушка да орноштурушкан. Эмне үчүн Орусияга мүмкүн да, бизге мүмкүн эмес?”- дейт Беларустун өлкө башчысы.


МАДАНИЯТ ТАРМАГЫН КАЙРАДАН МИНИСТРЛИК КӨЗӨМӨЛДӨЙТ

Убактылуу өкмөт Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү боюнча декрет кабыл алды. Аталган орган Убактылуу өкмөттүн курамына кирет. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул чечим маданият маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишмердигин жакшыртуу максатында чыгарылды.

Айбек Кочкоров, Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mikasa
2010-05-11 10:10:02
Азаматсын Батько!
0
Taalaibek
2010-05-12 07:14:25
Александр Лукашенко Бакиевди койнунда алып жата берсин. Акыры оз куносун билгенде Бакиевди котко тебиб кубат.
0
imperator
2010-05-12 14:46:02
Убактылуу окмот Лукашенкодон улгу алса боло.Силерге окщоп коркпой эле Орустарга короздонуп атат.Бироон анф=дай боло албайсыб го.Себеби,духунар жетпейт.Кун карама болу Орус аганардын козун карап отуп кетесинер.
0
Айнурочка
2010-05-12 19:31:54
император, блин, нищейший народ деп кемсинтип атса, ошондон улгу алыш керекпи. дух жетиш учун биринчи буттан туруш керек. а кыргызстандын бутуна бат туруп кетишине сендейлер тоскоол болуп жатат.
0
Айнурочка
2010-05-12 19:35:33
mikasa, я удивляюсь за что так восхищаешься?! за его унижение кыргызов? нашел (ла) молодца!!!
0
imperator
2010-05-13 20:09:28
Улуу урматтуу Айнурочка,Койсон чындап эле мендейлер тоскоол болуп жатыптырмынбы Кыргызстандын онугушуно.Далилдеп берчи менин кайсы аракетимден улам Кыргызстан онуго албай артка кетенчиктеп атат экен.Адашпасам жогоруда мен Кыргызстан кедей деп айтканы учун эмес,Орусияга короздонуп атканын улгу алгыла деп жазгам.ЧЫНДЫККА ТИКЕ КАРАЧЫ,БОТОМ,КЫРГЫЗСТАН БАЙ ОЛКОБУ?КЫРГЫЗСТАН БАЙ БОЛГОНУН УЛАМ ЖУРОБУ ОРУСИЯДА ОРУСТАРДЫН ЖАМАН СОЗУН УГУП,КАРА ЖУМУШУН КЫЛЫШЫП.МАГА АЙТЫП БЕРЧИ,КЫРГЫЗСТАН КАЙСЫ ТАРМАКТА БА
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан