КҮЗ ДААМДАНГАН САЛАТТАР

Жай мезгили кыям жасоонун, күз түрлөп салат жабуунун мезгили. Кышка даярдык көрүп кампа толтуруу менен алектенген кожойкелер үчүн рецепттер.

МАРИНАДДАЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Болгар калемпири –
3 килограмм
Суу – 1 литр
Кумшекер – 300 грамм
Туз – 2 аш кашык
Уксус (9%) – 120-130 миллилитр
Лавр жалбырагы – 3 даана
Тоголок кара мурч – 6-7 даана
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Сарымсак – 1 баш
Укроп – 1 тутам

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Болгар калемпирин жууп, уругунан тазалап алабыз да, төрт чарчы формасында туурайбыз же узатасынан 4-5ке бөлөбүз.
  2. Сарымсак менен укропту майда туурайбыз.
  3. Маринадды даярдайбыз: Мискейге сууну куюп, ага өсүмдүк майын, уксус, кумшекер, туз, лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту салып, кайнатабыз.
  4. Маринад кайнап чыккандан кийин болгар калемпирин, сарымсакты, укропту салып 5-7 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга салып, капкагын бекитебиз.


БАЛ КОШУЛГАН БАКЛАЖАН

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Баклажан –
6-7 даана
Помидор – 8-9 даана
Укроп – 1 тутам
Сарымсак – 7-8 тишче
Уксус (9%) – 4 аш кашык
Бал – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Баклажандарды жууп, 1 сантиметр калыңдыкта, тегерек формада кесип алабыз. Кесимдерди табага тизип, үстүнө майдан куюп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 15-20 мүнөткө салабыз.
  2. Помидорду эт туурагычтан өткөрүп, уксусту, балды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып жай отто 15 мүнөттөй кайнатабыз.
  3. Помидор ширесине майда тууралган сарымсак менен укропту кошобуз.
  4. Бууланган банкаларга баклажан, 2-3 аш кашык помидор ширесин куюп кезектештирип тизип салабыз.
  5. Мискейге банкаларды салып, сыртынан 40-45 мүнөт кайнатабыз да, капкагын бекитебиз. Банкаларды көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз. Эки күндөн кийин салкын жайга алып кирип сактасаңыз болот.


КОРЕЙЧЕ ДАЯРДАЛГАН ПОМИДОР

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Помидор –
1 килограмм
Болгар калемпири – 2 даана
Сабиз – 2 даана
Сарымсак – 1 баш
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Уксус (6 %) – 50 миллилитр
Ачуу калемпир – 2 даана
Петрушка – бир тутам
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Таза бышкан помидорлорду жууп, төрт бөлүккө бөлөбүз. Сабагы өскөн жерин акырын кесип салабыз.
  2. Болгар калемпирин, ачуу калемпирди, сабизди, сарымсакты эт өткөргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган петрушканы кошобуз.
  3. Бул аралашмага уксус, өсүмдүк майын, кумшекерди, татымына жараша туз салып аралаштырып, помидордун үстүнө куябыз.
  4. Бууланган банкаларга помидорду ширеси менен кошо салып, сыртынан 30 мүнөт кайнатып, капкагын бекитебиз.


«ЛОБИО» САЛАТЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Төө буурчак –
800 грамм
Помидор – 2 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Кумшекер – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 250 миллилитр
Уксус (9%) – 70 миллилитр
Укроп – 1 тутам
Лавр же райкан жалбырагы – 3-4 даана
Татымына жараша туз


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Төө буурчакты сууга бышырып алабыз.
  2. Помидорду эт туурагычтан өткөрүп, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз кошуп аралаштырып, жай отто 10 мүнөттөй кайнатабыз.
  3. Тазаланып жуулган болгар калемпирин төрт чарчы же узатасынан, сабизди жука, тегерек же жарым тегерек формада туурайбыз.
  4. Кайнап жаткан помидордун үстүнө кумшекерди, төө буурчакты, болгар калемпирин, сабизди, лавр жалбырагын салып, жай отто 20 мүнөттөй кайнатабыз. Аягында салатка уксусту куюп бир борк эткизе кайнатып, бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chynar_09
2017-09-27 21:11:10
0
nur72
2017-09-28 04:37:06
жакшы экен дагы коптон чыгаргылачы
+3
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан