Наргиза Айтемирова, ырчы: «АТА-ЭНЕМ ИЙГИЛИК ЖАРАТ, БОЛБОСО ЫРЧЫНЫН САНЫН КӨБӨЙТПӨЙ ҮЙДӨ ОТУР ДЕШЕТ»

Жакут Сыдыков менен «Алло» деген ырды дуэт аткарып эл көзүнө түшкөн ырчы Наргиза Айтемирова жакында эле белгилүү өзбекстандык актёр Адиз Ражабовду клибине тартып келди. Ырчы кыз биз менен чыгармачылыгы, алдыга койгон пландары менен бөлүштү.

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 3-март
Туулган жери – Баткен облусу, Айдаркен шаары
Билими – Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 56 килограмм
Репертуарындагы ырлары – «Алло», «Сиз дейинчи», «Бир болобу», «Ырдап берейин», «Унута албайм», «Эмнеге?» жана башка
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу

– Салам, Наргиза. Инстаграмдагы баракчаңа популярдуу өзбекстандык актёр Адиз Ражабов менен тартылган клибиңден үзүндү жүктөдүң?
– Саламатсыздарбы, ооба, жакында эле Ташкентке барып Адиз Ражабов менен «Кош болгун, ай» деген ырыма клип тарттырып келдим. Клипте экөөбүз сүйүшкөндөрдүн ролун аткардык. Клибимди тарткан «Uzteam» студиясында менин клипмейкер досум Ислам Мансуров иштейт. Ал мурун Ош шаарындагы менчик телеканалда эмгектенчү, кийин Ташкентке кеткен. Башында досума популярдуу өзбек ырчысы менен дуэт ырдоо тууралуу ойлорумду айткам. Бирок бир ырчы менен сүйлөшүп, ал чакырганда мен шартка байланыштуу өз убактысында бара албай калгам. Ал эми клипке Адиз байкени атайын тандадык. Себеби Кыргызстанга да жүзү таанымал болсо дедик. Адиз байке аябай жөнөкөй адам экен. Кыргыз киночулардан сунуш түшсө тасмага тартылууга даяр экенин билдирди. Ош окуясынан кийин биз өзбек туугандардан алыстап кетпедикпи, мамилебиз эми гана калыбына келип, достуктун көпүрөсүн түзгөнгө эки өлкөнүн чыгармачыл адамдары салымыбызды кошолу деп жатабыз.

– Негизи эле чыгармачылык деген түйшүктүү жолдо канчадан бери келе жатасың?
– 16 жашымда биздин айылга «Кыз-Бурак» тобу концерт коюп келген. Ошондо Кенже эжеге (ред.: Дүйшеева) келип «кичинемден ырдайм, мени топко алыңызчы» деп сурангам. Кенже эже ырдатып көрүп, ата-энем менен сүйлөшүп мени айылдан Ош шаарына алып келген. Ал кезде топко кошулам деген кыздар көп эле, жаштык кылып ич ара кыздардын тирешине, атаандаштыкка чыдабадым окшойт, топтон кетип калгам. 11-классты бүтүп ОшМУнун журналистика факультетине тапшырып кайра "Кыз-Буракка" бардым, алышты. Бир жылдай топтун башкы курамында ырдап жүрдүм. Бирок окуума жетишпей, топтон кетүүгө туура келди.
2012-жылы Динара Эсенгуловага жолугуп, «ырчы болом, жардам бериңизчи» десем, «мен азыр кино тартуу менен алекмин, ырчыларга продюсерлик кылбай калгам. Кааласаң киного тартылып көр» деди. Ошентип кастингден өтүп «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» тасмасында эпизоддук каармандын ролун аткаргам.

– Сени көбү «Кыз-Бурак» тобу же тасма аркылуу эмес, Жакут Сыдыков менен аткарган «Алло» деген чыгарма аркылуу билишет.ъ
– Ооба, мен өз алдымча иштеп баштаганда Султан Садыралиев, Жакут Сыдыков менен Кытайга гастролго барганбыз. Ошол жактан таанышып, Жакут байкеге «сиз менен тамашалуу дуэт жаздырыш керек экен» деп койгом. 2016-жылы Жакут байке "Алло" деген дуэтти аткаралы" деп сунуш киргизген. Анан Жакут байкеге «казактардыкы болсо ызы-чуусу жок эле чыгармабы, кийин соттошом дебейби, бир нерсе болсо өзүңүз жооп бересиз» деп кооптонуп жаткам. Мен айткандай эле ырыбыз жарыкка чыккандан кийин казактар «уруксаты жок ырдадыңар» деп таарынышты, сөз кылышты.

– Бирок Төрегали Төреалинин Алматыдагы концертинде аны менен чогуу ырдадың?
– Мага Төрегалинин продюсери чалып, ырчынын концертинде конок болуп ырдап кетүүмдү суранган, мен макул болуп Алматыга бардым. Жолугушууда Төрегали «Алло» ырынын сөзүн, обонун жазган адамдар менен тааныштырды. Ичимден «булар мени концертке деп коюп эле соттогону чакырган окшойт» деп коркуп кеттим (күлүп). Бирок ошол жолугушуудан кийин Төрегали «кыргыз-казак кесиптештер мындан ары ыр алышып, беришип эле жүрөлү» деп ортодогу араздашууга чекит койду. Төрегалинин концерти аябай жакшы өттү. Ошондон кийин менде стимул пайда болду. Мурун клип тарттырып, ыр жаздырып койсом болду, бирөөсү багымды ачат деп ойлочумун. Алматыга барып келгенден кийин чыгармачыл адам элге жаңылык жаратып туруш керектигин билдим.

– Кесибиң журналист болсо, музыкалык билимиң жок экен да?
– Мектепти бүтүп консерваторияга тапшырам дегенде ата-энем каршы болуп коюшкан. Менин ырчы болорума ишенген эмес. Ата-энем «ийгилик жарат, болбосо ырчынын санын көбөйтпөй үйдө эле отур» деп жемелеп турушат.

– Жеке жашоодо абал кандай, турмушка чыгуу тууралуу ойлорду бышырып жатасыңбы?
«Турмушка чык» деген сөздү туугандардан күнүнө 5-6 жолу угам. Мен сүйлөшкөн жигиттердин арасынан чыгармачылыгымды колдогон жигит чыкпай жатат. Ошондуктан турмушка чыкпай жүрөм. Тапсам эле туугандарды сүйүнтөт элем. Анткени ушунча жыл кыйналып баштаган нерсемди орто жолдо таштап салгым келбейт. Жыйынтык чыгарыш керек да.

– Жыйынтыгы ийгиликтүү болсун, маегиңе рахмат!

"Адиз Ражабов менен чогуу кино тартсак деген пландар бар".
"Кыз-Бурак" тобунда 1 жылдай ырдап жүрдүм".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
jypara1415
2017-09-26 10:05:04
Чыгармачылык ийгилик Наргиза ! Жашоодо сени тушунгон инсанга жолугуп , бактылуу бол !
+10
Aikan1966
2017-09-26 10:28:08
Ийглик сага,актер Адиз Ражабовдун кинолорун суйуп коробуз
+8
mumu00
2017-09-26 10:28:59
Кайсы озбек ырчысы менен дует ырдайт экен, Райхонбу,Шахзодабы ким ыя?
+2
datkayimjan
2017-09-26 13:33:56
Ырчылар жетиштуу эле болуп калды Кыргызстана. Анда коро кыргыздардын санын кобойтууго салым кошсон жакшы болот эле
+8
PeRa
2017-09-26 16:09:03
Ерке Есмахан жакшы ырдаган, Наргизаныкы ага жетпей калыптыр. Бирок ишине ийгилик каалайм.
+2
Tyty1990
2017-09-26 16:19:26
Ким бул'?
+2
Nibiru.
2017-09-26 18:19:48
Tyty1990,Ошону айтсан. Ким бул озу? Итинен битине чейин эле ырчы-чоорчу болуп кетишти. Биз да чыксак окшойт дейм.
-8
agent0072609
2017-09-27 13:51:23
Nibiru., Ушул кыргыз элинин коро албастык ичи тардык адаттары калбайт экенда а, ичин куйсо туз жала.
Колунардан келсе чыккыла силер дагы ырдап.
+1
Beka9393
2017-09-26 22:02:54
Наргиза суйомго суйом сени.
Мага эле турмушка чыгып алчы чыгармачылыгынды колдойм.
+5
KIRA.
2017-09-26 22:49:43
жаны,жакшы ырларды жаратышып,уккулуктуу кылып ырдаган ырчы жокко эсе,бут эле эски ырларды кайталап,бузуп тескерисинче,же казак,озбектердин ырын ырдаган ырчылар жанагы козу карындай жайнаган лампочкалар,саналуу гана ырчылар бар жаштардан жакшы ырдаган
+1
Djumaev0mur
2017-09-27 02:54:26
Айланайын Кыргызстанда мен эле калган окшойм ия ырчы болбогон, ата энен туура айтыптыр ырчынын санын кобойтпо деп
.ообу жоктонбой кыргыздардан эле тарта бербейсинби деймда клибине, же озбекти тартса ак корунот бекен? Москвадагы Кыргыз кыздарын журушу кыргызстанга жетип калганганбы дейм, оздору озбекстанга чейин барып
-4
Shahrizaada
2017-09-27 08:15:19
Djumaev0mur ошондой белгилуу актер мн келишин тузуп,клип тарттыруугада эрк керек. Жонокой катардагы жигитке эмес,КМШга азда болсо аты таанылган таланттуу актер. Ошол актер мн клип тарттырса эмнеси жаман? Алы жетишинче эки элдин ынтымагына салым кошо берсин тим койгула. ОЗУ айтмакчы ийгилик жаратсын,болбосо куйооно эле чыксын. Жашыда отуп баратыптыр.
+8
aseras
2017-09-27 13:47:16
Апееей булбул быйыл созсуз куйоого тием деген кинодогу тулку кыз Карима го)))
+3
mela
2017-09-28 01:45:43
Кино тартабыз" дейби?!Сени мененби???
0
Uzakova.Z.A
2017-09-28 18:55:21
Молодец Адиз Ражабов мн клип тартканы жакты качан коро алат экенбиз эми
+2
aruuzatmeka
2017-09-29 14:58:31
Эки элдин достугуна салым кошот бекен Адис Ражабов,жакшы бирок ошол актердун киносун коргонсунорбу корбосонор коргуло Девона фаришта деп аталса керек.Ошол кинодо куткаруучунун ролун аткарган анда озбектер качып барган жерге куткаруучу болуп барат тамак аш жеткирип ошол жерде суйлогон созу бар ХХХ Бул созду куйгондон айтып отурам чыр чыгарууга эмес.Негизи ынтымакта эле бололучу
+1
aiperi8996
2017-10-02 01:06:22
Укмуш укмуш
+1
nur72
2017-10-07 19:18:14
ийгилик аракетчил экенсин азамат
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан