ХАНЗААДА ЖОРЖДУН КЛАССТАШТАРЫ АНЫ МЕНЕН ЧОГУУ ОКУУДАН БАШ ТАРТЫШТЫ

Сентябрь айынын башында Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын уулу Жорж башка 4 жаштагы балдардай эле мектеп босогосун аттаган. Ал ата-энеси тандаган жеке менчик мектептердин биринде окуп жаткан эле. Алгач Жорждун классташтарынын ата-энелери балдары келечектеги падыша менен окуп жатканына кубанышкан болсо, эми абал башкача. Себеби өткөн жумада кичинекей ханзааданы уурдоого аракеттер жасалышы мүмкүн деген кеп тараган. Андан кийин мектепти полиция кызматкерлери курчап, саат сайын текшерүүлөр жүрүп ыңгайсыздык жаратышкан. Эми ата-энелер комитети «Жорж менен бир мектепте окуу биздин балдар үчүн кооптуу болуп жатат» деп кичинекей ханзааданын мектептен кетүүсүн талап кылышууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
gulmira12345
2017-09-26 11:29:45
ой тооббо сыймыктангандын оордуна негизи адам эч нерсе жакпайт
-4
Nibiru.
2017-09-26 18:21:22
Бизде ошентип кыйынмын дегендердин балдарын кубалашса го
+6
Targarien
2017-09-28 04:14:38
Мураскердин баласы болуш да оной эмес
+6
Djumaev0mur
2017-10-03 03:20:33
Бул ким болгон озу Уильям? Тушунбодум
0
Tyty1990
2017-10-03 06:52:07
Djumaev0mur, англия ханзаадасы.
+1
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан