"Громовы" сериалынан улам атактуулукту арттырган орусиялык актриса Глафира Тарханова 19-сентябрь күнү 4-наристесин жарыкка алып келди. Азырынча актриса жарыкка келген ымыркайдын жынысын айта элек, анын күйөрмандары "кыз төрөгөн болсо экен" деп тилешүүдө. Себеби Глафира менен жолдошу экөөнүн ортосунда 3 уулу бар экени маалым. Актриса адаттагыдай үйүндө төрөгөн, ал 1-уулун гана төрөтканада жарыкка алып келгенин айтат.