КСДП президенттик шайлоого аттандырган Сооронбай Жээнбеков парламенттин экс-депутаты, журналист Кабай Карабеков менен 24.kg маалымат агенттигин сотко берди. Аталган талапкердин штабы Жээнбековдун кадыр-баркын, ар-намысын коргоо максатында доо арыз Бишкектин Свердлов райондук сотуна тапшырылгандыгын билдирет. Доо арызга себепчи болгон «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайрадан түшүндүрүшөбү?» деген аталыштагы макала Кабай Карабеков тарабынан даярдалып, аталган сайтка 11-сентябрда жарыяланган. Ал макалада «Жээнбековдун бир туугандарынын радикалдык араб уюмдары менен байланышы бардыгы мүмкүн» деген ой жазылганы айтылууда. Муну Жээнбеков такталбаган маалымат жана каралоо деп кабыл алып, Карабеков менен
24.kg`нин ар бирине 5 миллион сомдон доо койду.