Жогорку Кеңештин экс-депутаты, учурда “бийлик өкүлүн барымтага алуу” айыбы боюнча 11 жыл 6 айга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров 20-сентябрда 84 жашында каза болду. Анын сөөгү 22-сентябрда өзү туулган Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылына коюлмакчы. Соттолуучунун жактоочусу Садыр Жапаровго атасына топурак салуу үчүн уруксат алууга Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганын билдирди. ЖАМК Жапаровду айыпталган беренесине таяп кыска мөөнөткө абактан чыгарууга уруксат бербеди.
"Коррупция" боюнча камалган Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге 2013-жылы атасы каза болгондо акыркы зыйнатына катышууга уруксат берилген эле.
"Супер-Инфо" гезитинин жамааты Садыр Жапаровго жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.