Легендарлуу «Элес» тобунун мүчөсү Айдин Жумалиев Стамбулдагы ооруканалардын биринде оор дарт менен алышып жаткан учуру. Музыканттын дарылануусуна каражат жетпей, элге жардам сурап кайрылган: «Бүгүн мен түрк онкологиялык ооруканасынын терезесин карап отуруп өзүмдүн келечегим үчүн кабатырланып жатам. Кокусунан пайда болгон боор оорусун жеңгим келет, жашагым келет. Эки уулумду үйлөнтсөм, 27 жыл чогуу жашаган жубайым Венеранын жанында болсом, «Элес» тобунун күйөрмандарын мындан ары да сүйүнтсөм дейм. «Элес» тобу мага жардам кылып кайрымдуулук концерт өткөрө турганын билем жана мен жан дүйнөм менен силердин жаныңарда болом. Дарылануума 25 миң доллар керек болууда, мен үчүн бул чоң акча. Менин абалымды түшүнүп, жүрөгү мээримге толгон адамдардан жардам күтөм»,- дейт. Музыканттын кесиптеши Эркин Мээрканов: «Айдин Жумалиев 1985-жылдан бери «Элес» тобунда клавишада ойнойт. Абдан адамгерчиликтүү, токтоо киши. Жакшынакай жүрүп эле 3 ай мурун боор оорусуна чалдыгып калганын уктук. Акыркы мезгилде Казакстанда иштеп жүргөн. Биз өткөрүп жаткан кайрымдуулук концерт аз да болсо дарылануусуна жардам болот деген үмүттөбүз»,- деп билдирди.