Актёр Аскат Сулайманов 19-сентябрь күнү уулдуу болду. Алтынчы жолу ата статусуна ээ болуп жаткан актёр кубанычы тууралуу: «19-сентябрь күнү келинчегим түшкө маал төрөдү. Балам менен келинчегимдин абалы жакшы, өзүмдүн жакын досум уулума Арлен деген ысымды сунуштап жатат. Төрөтканадан чыгып үйгө барсынчы, анан алтынчы жолу ата болгондогу сезимдер менен бөлүшөйүн, азыр анча билинбей жатат»,- деп билдирди. Уулуңуздун бешик боосу бек болсун!