Ырчы Айпери Кулбаева Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык «Spirit of Desht-I-Kipchak» этникалык маданият фестиваль-сынагына катышып 1-орунду алып келди. Жеңишин сүйүнчүлөгөн ырчы: «Аталган фестиваль-сынакка катышуу сунушун мага Саламат Садыкова эжебиз чалып айтты. Мен ырдап 40 өлкөнүн ичинен 1-орунду алдым. Жеңүүчүнү диплом, акчалай байге менен сыйлашат экен. Мага 1500 доллар ыйгарылды. Минтип эмгегимдин акыбети кайтып кубанып отурам»,- дейт ырчы. Байгеңиз кут болсун!