ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫ НИКИ МИНАЖ КЫРГЫЗ СТУДЕНТИНЕ АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Атактуу америкалык рэп ырчысы Ники Минаж кыргыз студентине Сочи шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына барганга акчалай жардам берет. Кыргызстандык студент Акжол Медербеков белгилүү ырчыдан интернет аркылуу аталган фестивалга баруу үчүн 350 доллар сураган. Акжол жогорудагы таң калычтуу аракетин мындайча түшүндүрөт: «Ники Минаж күйөрмандарын абдан жакшы көрөт. Ошон үчүн мен андан жардам сураганда баш тартып коёт деп ойлогон жокмун. Менин сураган акчамдын суммасынын аздыгы дүйнөдөгү эң бай ырчылардын бирин таң калтырды. Ал: "Макул, мен сага жардам берем, бирок мен билип алайын, сага 350 доллар керекпи же 350 миң долларбы?" дегенде, мен «350 доллар эле керек» деп жооп жаздым. Ал дароо жеке баракчама банктык эсебимдин номерин сурап жазды". Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы 14-октябрдан 22-октябрга чейин Сочи шаарында өтөт. Ага 150 өлкөдөн 20 миңдей жаштар катышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Tyty1990
2017-09-26 10:52:00
Уят эле. 5000000 кыргыздан бироо да жардам бере албаптыр десе керек
+4
Sanata1995
2017-10-05 18:52:20
Tyty1990,А Эмнеге 5000000 кыргыз ага жардам бериш керек эле?милдеттуубу?Андан башка проблемалар толуп атса.
0
hanisa
2017-09-26 11:22:20
350$ жетеби Сочиге барганга? Сураганга жараша 1000$ сурасан болмок экен
+7
Farm94
2017-09-26 11:28:44
Намысы жок
-2
Niyazbek Torobekov
2017-09-26 11:34:04
Бекер айттында эми баары ошол ырчынын башын оорутат акча сурап
+19
Gena1
2017-09-26 13:05:55
Канткен учурда дагы 25 000 (жыйырма беш мин) сомго жетпеген акча суроо туура эмес чечим деп ойлойм.
+2
Aikan1998
2017-09-26 16:06:17
кимден сурамак эле? Коруп, угуп эле журобузго жардам сурап, конкурсстарга барабыз деп кайрылганда ким жардам берип атат?
+5
Pandora
2017-09-26 22:50:33
не 350$ да сурайсынбы? Бир жолу тоголок кылып 500 же 1000$ сурабапсында.Анан ошол акса келдиби эсебине ошону айт.
+1
Koshaly
2017-09-26 23:09:10
Nicki Minaj суйом го ушул айымды
0
Gulnaz.GS
2017-09-27 04:53:20
молодец 350сом бербегендер бар
+8
Kuba-savai87
2017-09-27 08:23:26
350$эле сурадынбы? Коп эле же мынча сурабайсынарбы дегенге тан калдым ал алтын балык беле озунордой ойлобогула да Башканы.
Азаматсын иним жолгиресине гана сураган азаматсын жогорудай коп сумма сурасан сага жонотпосо керек эле сага ийгилик каалайм
+8
zhykyo
2017-09-27 17:05:26
Конуп аласын суранып журуп озун аракет кыл ушинтсем эле бере берет экен деп женил жашоого отпой.Байды байкуш аяйт болуп айтканым жок сураганга жараша 5000 же 10000доллар десен жакшы болмок бир алып туруп экинчи сурабай коймоксун
0
portugalia
2017-09-29 11:02:24
Студент учун акча дайыма керек.Эмнеси бар экен окуусун бутуп иштеп калса бул жигит да студенттерге жардам береттир.Жылдыз менен байланышканы эрктуулугу болуш керек.
+3
ALMAAAN
2017-09-29 19:34:00
350мин дебепсиндаа)))
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан