17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Жабык имараттагы жана уруш түрлөрү боюнча V Азия оюндары орун алды. Анда Кыргыз өлкөсү 70 медалга ээ болуп, кыргыз спортунун тарыхында эң ийгиликтүү жыйынтык көргөзүштү.
ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ БАР АЗИАДА
Жабык имаратындагы Азия оюндары бул эки жылда бир өткөрүлүп турган Азия чөлкөмүнүн спортчулары күч сынашкан оюндар. Мында Олимпиада оюндарынын программасына жана Азиадага кирбей калган, бирок кызыгуу жараткан спорт түрлөрү арасында мелдештер орун алат. Алгачкы мындай оюндар 2005-жылы Таиландда өткөн. 2013-жылы бул оюндар менен уруш түрлөрү боюнча Азия биринчилиги бириктирилип, бир мелдеш болгон.
Ашхабад шаарында аталган мелдеш V ирет уюштурулуп, ага Азия жана Океаниядан жалпы 62 өлкөнүн спортчулары катышты. Стритбол, бильярд, жиу-житсу жана күрөштүн бир канча түрлөрүн кошкондо жалпы 21 спорт түрүнөн медалдар ойнотулду. Кыргыз өлкөсүнөн бул оюндарга 150дөн ашык спортчу катышты.
УРУШ СПОРТ ТҮРҮНДӨГҮ ИЙГИЛИКТЕР
Мелдеш кыргыз спортчулары үчүн коло байгеден башталды. Тагыраагы, жиу-житсу боюнча мелдеште Ариет Бекишов 62 килограмм салмакта 3-орунга татыды. Ал эми биринчи алтын медалды жиу-житсу боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев капчыкка алып келди. Ушул жылдын август айында Азия чемпиону аталган спортчубуз 85 килограммга чейинки салмак ченинде Ашхабадда да мыктылыгын дагы бир ирет далилдей алды.
Уруш спорт түрүндө кыргыз спортчуларынын деңгээли жогору экендигин кикбоксинг боюнча мелдештер көргөздү. Анда айтылуу Алексей Федосеев жана Авазбек Аманбеков финалга чейин чыгып, анда Авазбек үй ээсинин спортчусун жеңип алды. Ал эми Федосеев күмүш медаль алды.
Мындан тышкары самбодо Бекназар Раимкул уулу, Жаныбек Аматов жана Жамалбек Асылбек уулу алтын тагынса, Данияр Алимжанов, Орозбек Автандил уулу жана Айткүл Абдылдабек кызы 2-орунду алышты. Тилек Аманкулов, Улукбек Мамытов жана Салмоорбек Маматемин уулу коло байге утушту.
БАЛБАНДАРДЫН БАЙГЕЛЕРИ
Күйөрмандар кызыгуу менен күткөн беттештер күрөш болду. Себеби бул Азия оюндарында күрөштүн бир канча түрлөрү – алыш, бел боо күрөшү, казак жана түркмөн күрөштөрү боюнча мелдештер жүрдү. Анда алышта Эсенбек Кудайбердиев, Нурзат Бактияр кызы, Алтынай Мамарасул кызы жана Мээрим Момунова өз салмак чендеринде алтын медалдарды жеңип алышты. Асылбек Калматов, Эрланбек Мурзабеков финалда жеңилүү ызасын тартып, күмүш медаль тагынышты. Алардын арасынан айтылуу Нурбек Кожобеков менен үй ээсинин спортчусунун финалдык беттеши көпчүлүктүн назарын бурду. Беттеш учурунда калыстар бир канча жолу жигердүү чабуул жасаган кыргыз спортчусуна эч кандай упай бербей, жеңишти түркмөн балбанына ыйгарып койгону ыза кылды.
Ошондой эле бел боо күрөшүнөн 5 спортчубуз финалга чыкканы менен 1-орунду Бекзат Тынчтыкбек уулу гана багынта алды. Түркмөн күрөшүнөн Эсенбек Кудайбердиев, Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова 2-орунду алып калышты.
АЙСУЛУУ АЛТЫНГА ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ
Кыздар арасында күрөш боюнча мелдешке ушул жылы Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге жетишкен Айсулуу Тыныбекова катышты. Айсулуу ушул жылы эң мыкты калыбында экендигин көргөздү. Жыл башынан бери үч эл аралык мелдеште медалдарга жетти. Азия чемпиону аталды, Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүсү жана Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңген. 25-сентябрь күнү жарым финалдык кармашын 1 мүнөткө жеткирбей утуп алды. Финалдык беттеште кытайлык Пей Ксинруга 1:4 эсебинде жеңилип, күмүш медаль тагынды. Жаш балбандардын бири Айпери Медет кызы 75 килограмм салмакта коло медаль тагынды.
Грек-рим күрөшү боюнча Калы Сулайманов 59 килограмм салмакта күчтүү деген ирандык балбанды финалда 3:1 эсебинде утуп, 1-орунду ээледи. Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков өз салмак чендеринде күмүш медалга жетишти.
НАТЫЙЖАСЫЗ КОМАНДАЛЫК ОЮНДАР
Кыргыз спортчулары уруш жана күрөш спорт түрлөрүндө байгелүү орундарга жетишип жатканы менен командалык оюндарда жана кай бир спорт түрлөрүндө таптакыр медалсыз калышты. Футзал боюнча улуттук курама команда өз тайпасында Таитини утканы менен Иордания менен Иранга ири эсепте утулуп калды. Ал эми стритбол боюнча кыргыз баскетболчулары жарым финалга чейин жетип, анда Иракка жеңилишти.
Бильярдчылар кубандырды. Анда Канат Сыдыков коло байге жеңип алса, Ызатбек Ратбеков 4 оюнчуну удаасы менен жеңип, алтын тагынды. Муну менен катар жеңил атлетикадан Гүлшанай Сатарова 2-орунду алса, Арина Клещукова коло байге, ат менен секирүүдө Камил Сабитов 3-орунга жазылды.
СПОРТ ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ИЙГИЛИКТҮҮ КӨРСӨТКҮЧ
Аталган оюндар Кыргыз өлкөсү үчүн эң ийгиликтүү саналган мелдештер болду. Спортчуларыбыз жалпы 70 медаль жеңишип, алардын 13ү алтын, 20сы күмүш жана 37си коло байге. Бул көрсөткүч менен командалык эсепте 62 өлкөнүн арасынан 8-орунга жазылды. Буга чейин кыргыз спортчулары Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын эске албаганда, мындай эл аралык мелдештин алкагында мынчалык байгелүү орундарга илинишкен эмес. Андыктан кыргыз спортчулары медалдардын саны боюнча жаңы рекорд коюшту.
Ал эми жалпы командалык эсепте 1-орунга үй ээлери 245 медаль (89 алтын, 70 күмүш, 86 коло) менен, 2-орунга Кытай 97 (42 алтын, 32 күмүш, 23 коло), 3-орунга 118 медалы (36 алтын, 23 күмүш, 59 коло) менен Иран жазылды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg