Эмил Эсеналиев: «МЕНИ СЫНДАЙМ ДЕП ЖАТЫП, ҮЙ-БҮЛӨМӨ ЧЕЙИН АСЫЛЫП ӨТӨ ТӨМӨН ДЕҢГЭЭЛГЕ ТҮШҮП КЕТИШТИ»
– Эмил, салам. SUPER.KG порталында түз эфирде отуруп, окурмандардан келген «Эмил, сен эмоционалдуу адамсың. Үйдө казан-аяк кагышканда жубайыңа кол көтөргөндөй көрүнөсүң...» деген суроого жооп бердиң эле: «Кол көтөрбөйм, бирок колунан катуу кармап, силкип койгон учурлар болгон. Ал эми аялга кол көтөрүүгө өздөрү жеткирет. Мисалы, жолдошу, балдары бар, бирок башка менен жүргөн аялзатын көргөндө менин деле ургум бар. Айткан кебиңди укпаса, түшүнбөсө уруш керек. Андайларды урбаганда эмне?» деп. Ушул жооптун айланасында азыр катуу талкуу болуп, сени сындап жатышат...

– Ал талкууну жараткандар интервьюну толук окубай туруп эле бүтүм чыгарып,
«Эмил аялын урат тура» деп түшүнүп алышты окшойт. Ал жерде менин үй-бүлөмө тиешелүү эч нерсе жок. Кудай сактасын, мен аялыма кол көтөрбөйм. Ургандарга да каршымын. Келинчегим Айгерим үй-бүлөдө чыр салып, мушташ жаратуучу адам эмес, ал тарбиялуу, баарын түшүнүп билген, акылдуу кыз. Интервьюда мен конкреттүү учур тууралуу, «
аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салса» деген учур тууралуу айттым. Күйөөсү көчөдө баратса эле аялы бирөө менен жетелешип алдынан чыксын дейли,
«ии, азамат, бирөөнү таап алыптырсың» деп кол чаап, башынан сылаш керекпи? Тескерисинче, эркек ушундай абалда келинчегинин алдынан чыкса деле рахмат айтуу, кол чабуу болбойт да андай учурда? Балким, мени кескин сындап, атама, энеме асылып жаткандар мындай абалда
«рахмат» деп басып кетишеттир, алар үчүн жооп бере албайм.
– Жубайың турмушка чыккандан кийин иштебей, үйдө отурганын, ал экөөңдүн макулдашууңдан улам болгонун айткансың. Анын окуусун улантпай калганын, дегеле сенин келинчегиңе карата мамилеңди кескин сындоо жүрүп жатат. Бул кептерге силердин үй-бүлөдө азыр кандай ойлор айтылып жатат?
– Башка бирөө болсо таарынмактыр, бирок Айгерим баарын түшүнүп, кайра мага айтып отурат «көңүлүңө алба, интервьюда башкача ой айтылды. Сындагандар түшүнбөй калышты» деп. «Жубайын окутпай койсо, билими жок адамдар баланы кантип тарбиялайт?» дегендер бар экен. Айгерим кесиби боюнча актриса болуп чыкмак. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө эле сүйлөшүп, мен «экөөбүз тең артист болушубузду каалабайм. Артист деген күн-түн дебей жумуш менен көчөдө жүрөт. Андай абалда балдарыбызга көңүл жетишерлик бөлүнбөй калат» деген оюмду айткам. Айгерим макул болгон, андан кийин бул темага кайрылган эмеспиз. Азыр уулубуз Хамза чоңоюп калды, жубайым визажист болгонго кызыгып, окуйм, ушул кесипти өздөштүрүп, жеке иш ачам деп жүрөт. Буюрса, окуусун бүтсө, салон ачсак деген пландар бар. Ал эми баламдын тарбиясы боюнча айтсам, аны келечек көрсөтөт. Буюрса, Хамзаны кыргыздын керегине жараган уул кылып тарбиялайбыз деген изги тилегибиз бар.
– Эл көзүндө жүргөн адамдардын баскан-турганына, жасаган ишине, эл алдында айтып жаткан ой-пикирине сын айткан адамдар көп болот. Ошондой сындарга сенде иммунитет пайда болдубу?
– Коомчулукта «чыгармачыл адам баарын көтөрүш керек, баарына даяр болуш керек» деген ой калыптанып калган. Бирок чыгармачыл адам деле ошолордой эле адам, аларда да көңүл бар. «Баланча ырчыны бул жактан көрдүм, жүдөгөн эле неме экен» дешет. Ал ырчы ошол кезде ооруп жаткандыр, балким, бир нерсеге капаланып тургандыр. Экинчи тарабын деле караш керек да. Ооба, биз да жасаган ишибиз менен үлгү болгонго аракет кылабыз. Бирок ошондо да жаман билдирүү жазганга үлгүрүп калгандар болот. Менин чыгармачылыкка аралашканыма көп боло элек, балким, мүнөзүм ушундайбы, өзүмө карата айтылган туура эмес сындарды жүрөгүмө жакын кабыл алам. Менде да ата, тууган-урук, кайын журт, жубай, дос-тууган деген бар. Аларга деле мен тууралуу мазак кептерди уккан оор тиет. Каза болгон апама чейин асылып жатышат, менде да жүрөк бар да, окуп алып абдан жаман болдум. Алар мени сындайм деп жатып, ата-энеме, үй-бүлөмө чейин асылып, өздөрү төмөн деңгээлге түшүп кетишти. Сындаган оңой, 2 мүнөттөн кийин унутуп каласың, ал сынды уккан адам канча убакыт көңүлү кирдеп жүрөрүн да унутпаш керек.
– Азыр интернетте сени «тарбиялык мааниси жок видеолорду тартат» деген ойлор айтылууда...
– Куудулдар, күлкү жаратуучулар коомубуздагы терс көрүнүштөрдү ошондой тамашалар менен мазактап, андай жоруктардан алыс болууга чакырат. Мен бирөөнү үндөп, менин кылганымды кылгыла деп мажбурлаш үчүн эмес, тескерисинче, мазактап жатпаймынбы андай жоруктарды? Мен болгону коомдогу терс көрүнүштөрдү видео аркылуу чагылдырып берем. Аны түшүнгөн адам «аа, мындай кылса туура эмес болот экен» деп, тескерисинче, сабак алат, кайталабайт. Биздин максат – ошондой жоруктарды, көрүнүштөрдү азайтуу. Азаят, азайып жатат. Мисалы, «чала спортик» образында жүргөн айрым балдар бар болчу, азыр алардын ошондой жөнсүз кыймыл-аракети, сүйлөгөнү тыйылып калды. Мен тасмада, видеороликтерде көп образдарды жараттым: таксист, кызтеке, ырчы, бийчи жана башка толтура. «Актан жана Акылайда» Актандын образын жаратканым үчүн өмүр бою Актан болуп же таксист болуп калбайм. Бул болгону образ. «Эмил жашоодо деле чала спортик, дэң-дэң...» дегендер юморду түшүнбөгөндөр деп билем.
Асыл Орозбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Ау сындагычтар,силер өзүңөр эмнени кыйраттыңар ошол жагын деле ойлоп койгула да, бул жигиттин айтканын толук аңдап түшүнгөнгө деле мээңер жетпептир, кайра эле өйдө ылдый жазып атасынар. Силер да видео тарткыла да,албетте эгер колуңардан келсе, салыштырып көрөлү
жакшыле таланты бар бала,ролдорду жасалмалуулугу жок жакшы аткарат,но с характером
Адам озу бироого акыл айтканды,сын айтканды жакшы коробуз,ар бир адамдын озунун жашоосу бар,сын айтып андай экен же мындай экен дебей туура кабыл алганды качан уйронобуз биз.Эмил иним ит уро берет,кербен журо берет иштерине ийгилик.Анан сага айтаар кенешим эч качан келинчегин менен болгон мамилендин он же терс жагы болобу эч качан айтпа эч кимге,ич ара мамиленерди келинчегин экоон гана билишинер керек
Канчанчы жылкы экенинди билбеймго бирок жаш бала кыял адамсын, азыр тамашоунун балдары баары оз оз тиричилиги мн чон кинолорго тартылып осуп, элге корунбой кетишти, а сен дагы деле озунду пиар кыласын. Ошол дан, дан дун деген элге таасирдуу, тарбиялык жагы бар созбу? Ал сенин оюнан чыккан анегдотун, озунду пиар кылуу учун созун
Djumaev0mur, бул адам жашоодо изденип жатат... Таланты бар экен, идея бар экен, ишке ашырып жатат... Негизи элди жакшы жашоого ундогон ойлору бар экен...
Тамашоучу болсо эле киного тартылып же бир иштин башын кармап, жоголуп кетиш керекпи?
"Большие люди" долбоорундагы бир кыз Америкада жарым жыналач болуп клиптерге тартылып журот... Ошондо ага окшогондор ыймандан четтесе мактайсынар да, буга окшогондорду сындайсынар оз денгээлинерде....
Сюрприз Ди 10 жолу корсом да тажабайм кымызды ичкени ....ийгилик жумушунду жасай Бер Эмил .,.уй булолук Бакыт.
Эмил сен мыкты жигитсин сага ата энене чейин асылгандарды орусча (постельные герои) деп койот, ал нерселерге маани бербей эле кой экообуз тааныш эмеспиз, бирок ар тараптан колдойм.Ар дайым озун ойлогон максаттарына жете бер ийгилик сага.
Молодец сыймыктанам сени тээ Истанбулдан коруп журом
Создорго маани бербе силердин созунор ХХХ деп кой да дальше дерзай
Тартылган кинолору баары жагат,Пент хаус,Браво,Сюрприз ж.б,коро албагандар суйлой берет журоко кабыл албай только вперёд
Эмне мынча ичинер тар болбосо дейм да, жакшы, жаш чыгып келаткан таланттуларды колдогондун ордуна ойду-тоону суйлойсунор. Эмил азаматсын терс ойдогу сындарга конул бурба Ишине ийгилик!
Эн сонун, таланттуу бала. Сен жонундо жаман соз айткандарга конул бурба. Сен осо турган баласын. Жатып алып, кылган иши жок сын айткандардын сынын конулуно алба. Уй-булолук бакыт каалайм. Сенин бардык кинолоруну уй-булобуз менен жакшы коробуз. Сенден дагы чон-чон ийгиликтерди кутобуз.
Тооба биронун жашоосу менен ненер бар
Өзү экран артында сындап, сынаган адамдардын сөздөрүнө эч көңүл бөлбөгөн оң да, кылаарга иши жок болгон үчүн,кээ бир эркек аттуулар да зээрикпей бирөөлөрдү сындап,көңүлүн оорутушат, катын ушакка аралашып. Сени түшүнүп,сыйлап, колдоп турган аялың мн бактылуу бол! Ишиңе ийгилик!
Азаматсын Эмил чыгармачылык ийгилик каалайм.Уй булоон менен бактылуу бол.