Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 2 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ. Кырсыктан каза болгон кыздын энеси: «ЫЙЛАДЫМ, СЫЗДАДЫМ, БИРОК КЫЗЫМДЫ ТАПКАН ЖОКМУН»

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.



Жакында Чоң-Алай районунда катталган жол кырсыгы 2 жаш кыздын өмүрүн алып кетти. Жаңы үйлөнгөн эки жаштын сейилдөөсүнө чыккан учурда болгон бул кырсык бир үй-бүлөнү жалгыз кызынан жана жаңы турмушка чыккан кызды сиңдисинен ажыратты. Ошондой эле дагы 2 кичине кыз менен унаанын 18 жаштагы айдоочусу ооруканада дарыланышууда.

КЫРСЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛО ЭЛЕК

17-сентябрь күнү Сары-Таш – Карамык унаа жолунун 112 чакырымында болжол менен 14:15 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда Кара-Тейит айылынан райондун борбору болгон Дароот-Коргон айылына бара жаткан Лексус RX 300 унаасы жарды сүзүп оодарылып кеткен. Кырсыкка кабылган унаада айдоочу жаңы үйлөнгөн жаштардын туугандарын алып бара жаткан. Алар: 9 жана 16 жаштагы 2 кыз кырсык болгон жерден каза болсо, 14 жаштагы 2 кыз менен 18 жаштагы унаанын айдоочусу жаракат алып, учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланышууда. Ош ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришине караганда, жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Соттук-экспертизанын жыйынтыгына жараша кылмыш иши козголору же козголбой турганы белгилүү болот. Ошондой эле унааны башкарып баратып кырсыкка кабылган жарандын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталган.

«ҮЙДҮ КӨРҮП ЭЛЕ КЫЗЫМ АМАН ЭМЕСТИГИН БИЛДИМ»

Карамык айылынын тургуну ЗУЛАЙКА АКСАТАРОВА улуу кызын турмушка узатканына болгону бир күн болгон. Ал улуу кызынын үлпөт тоюнда сейилдөөгө чыккан кичүү кызы кырсыктан каза болгонуна дагы деле ишенгиси келбей турганын айтат:
– Улуу кызымды кошуна айылга кудалашып койгон элек. Эки жаш сүйлөшүп жүрүп, кырсык болордун алдында күйөө балам кызымды ала качып алды. Биз ага деле макул болдук. Себеби тойду быйылкы күздө кылалы деп сүйлөшүп жатканбыз. Эртеси күнү кызым жолдошу экөө жаштар менен сейилдөө уюштурушкан. Ал жерге кичүү кызым да барам дегенинен "барып ойноп, кайра келет" деп жиберген элем. Анан кызым биздин айылдаш баланын унаасына түшкөн экен. Негизи ошол күнү бир жамандыкты сезгендей эле жүрөгүм тынч ала албай жаткан. Кыздар менен кошо кеткен келиниме телефон чалсам, ал албай койду. Аңгыча кайнагамдын уулу келип «жеңе, жаштар азыр эле жолдон өтүп кетишти» деп калды. Бир аз убакыттан кийин абысыным келип «жаштар кичине кырсыктаптыр» деди. Чынында алардын үйдүн жанынан өткөнүнө аз эле убакыт болгон. Жолдошум экөөбүз оорукананы көздөй жөнөдүк. Барсак «кызыңарга операция жасалат, күтүп тургула» деп айтышты эле, кызымдын амандыгын тилеп отурдум. Бир кезде «Ошко алып кетебиз. Сиз үйгө барып кийинип келиңиз» деп мени үйгө жөнөтүштү. Үйгө барсак туугандар үйдү даярдап жатышыптыр. Аны көрүп эле кызымдын аман эмес экенин билдим. Ыйладым, сыздадым, бирок кызымды тапкан жокмун.
Эми бул кырсык да. Кызым отурган унаа менен дагы бир жаш бала айдаган унаа жарышып бара жаткан деп да айтып жатышат. Унаа оодарылганда кызым терезеден ыргып кетиптир. Назира кызым балдарымдан башкача эле, айттырбай түшүнүп, күйүмдүү болчу. Быйыл 4-класска бара баштаган, сабакты жакшы окучу. Жакында эле «мен президент болдум» деп мактанып сүйүнүп келген эле. Кызымдын кылык-жоругун, баскан-турганын эч айтып түгөтө албайм.

«СИҢДИМ ЖАРАКАТ АЛГАН ЭКЕН ДЕП ОЙЛОДУМ»

Турмушка жаңы чыгып, тоюнда кырсык болуп сиңдисинен айрылган эжеси МЕРВЕТ буларды кошумчалады:
– Сейилдөөгө чыккандардын бардыгы ар кайсы унааларга отуруп кетип бара жатканбыз. Биз райондун борборундагы бир кафеде чакан той өткөрүүгө сүйлөшүп койгон элек. Бардыгыбыз ошол жакка бара жатканбыз. Биз түшкөн унаа алдыда бараткан, бир учурда артыбызды карасак, калган машиналар көрүнбөйт. Ошол убакта кимдир бирөө жолдошума телефон чалып, «артка айдагыла» деди. Биз барсак сиңдимди «ооруканага алып кетишти» деп айтышты. Дагы бир сиңдим менен инимдин ыйлап жатканын көрүп жетип барсам, «Назира эже» деп ыйлап жатышыптыр. Мен сиңдимди жаракат алган экен деп ойлодум. «Кийимиңди чечип кел, ооруканага барабыз» дегенинен үйгө барып, сиңдимдин каза болгонун уктум. Бул биздин бешенебизге жазылган иш. Биздин тоюбуз сиңдимдин өлүмүнө себепчи болду деп деле айта албайм, Назиранын ажалы ушуга жазылыптыр да. Жакындарыма сабыр берсин.

«КЫЗЫМ ҮЙДҮН ЖАЛГЫЗ КЫЗЫ ЭЛЕ»

Ошол эле кырсыкта каза болгон 16 жаштагы Накылай Бурканова бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Апасы ГҮЛСАНА ТУРДУКУЛОВА менен байланышып, ал абалын сураганда буларды айтып берди:
– Кызым Накылай быйыл 10-класста окуп жаткан. Кызын турмушка узаткан адамдар менен бир кездерде кошуна болгонбуз, алар кызымды да тойго чакырышкан экен. «Апа, барып келейинчи?» деп суранганынан макул болгон элем. Үйдө отурсак тойду тартып жүргөн оператор жигит телефон чалып, «машина кичине кырсыктады, кызыңар жакшы эле» деп айтты. Аны угар замат ооруканага бардык, дарыгерлер «кызыңар сүйлөп калды, абалы жакшы» дегенинен кызымдын өмүрүн тилеп сыртта 5 саат отурдук. Бирок кызымды тирүү көрө алган жокмун.

«БИЗ ҮЙДӨ ЖОКТО МАШИНАНЫ АЙДАП КЕТИПТИР»

Сейилдөөдө кырсыкка кабылган унааны айдап чыккан айдоочу Бекмаматтын апасы АЙЧҮРӨК ИСРАИЛОВА уулунун абалы тууралуу айтып берди:
– Кырсык деген айттырбай келет тура. Биздин кызды коңшу айыл келин кылып алгандыктан, эртеси жаштар сейилдөөгө чыгышыптыр. Биз үйдө жок болчубуз. Эмнеге билбейм, уулум унааны сейилдөөгө айдап чыгыптыр. Ал азыр ооруканада. Машина оодарылганда ал терезеден ыргып кетиптир. Ооруканада эки сааттан кийин эсине келди. Эмне болгонун, каякта жатканын билген жок. Балама кырсыктан кыздар каза болгонун айттык, ал кыжалат болуп жатат.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(8)
03.10.2017. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 02:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
-8
Той болгон Загска чыккан деп айтышпай эле ,сейилдоого чыгышкан дей беришиптирго.
Эмне болгон кундо да баланын ата-энесинде куноо.
Кандай эле килейген машинаны минип кетсе билбей калышты.
Машина айдашты билбей,бироолордун чырактай болгон кыздарынан айрышты.
Бейишин берсин кыздардын.
03.10.2017. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
23-08-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тантывачы..кырсык каш кабактын
Оотосунжа дейт..атайын кылган жокта
И загска барабы сейилдоого барабы сага не?
Сунушта болдуда кырсык..
Кее бир адамдар кызыктайсынар
Жаткан жерлери жайлуу болсун кыздардын.
Больницадагылар айыгып кетишсин..алах
Жардам этсин...
03.10.2017. 21:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-09-2017
Соӊку аракети:
25-04-2018 16:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
madina.87,ЗАГСка никесин каттоо учун барышат а андан кийин сейилдоо болот да бизде ЗАГС машина менен айланып келинуу ойлошот. А бул эки жаш ЗАГС алганга ургурушкон эмес болуш керек
03.10.2017. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
14-09-2017
Соӊку аракети:
11-01-2018 10:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шалаакылык ата эненин!
03.10.2017. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
01-12-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр берсин ата эне бир туугандарына
05.10.2017. 18:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
26-07-2017
Соӊку аракети:
31-05-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсыкты кайдан деп болот,атайылабаса керек жиберсе да абайла айланайын дейбиз го,кыздардын жаткан жерлери жайлуу болсун.Ата энесине сабыр дагы бир жолу САБЫР
07.10.2017. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
27-06-2011
Соӊку аракети:
18-07-2018 08:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ал инсандардын ырыскысы ошол жерден тугонгон да. Бул деген тагдыр да. Ата эне туугандарына кудай кайрат берсин
08.10.2017. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 04:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Чырактай жапжаш кыздар экен, артын берсин. Айла канча мандайга жазганды коробуз. Ата энеси, биртуугандарына сабыр тилейм жаткан жерлери жайлуу болсун! Аман калган жаштарга Кудайым шыпаа берип айыгып кетишсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: