ӨКМӨТ «МЕГАКОМДУ» ОРУСИЯЛЫК ИШКЕРГЕ САТМАКЧЫ. БУЛ ИШ ЭКИНЧИ "ЛИГЛАСС" БОЛБОЙБУ?


«
Альфа Телеком» («Мегаком») жабык акционердик коомун сатып алуу үчүн орусиялык Елена Нагорная аттуу ишкерден арыз түштү. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков 26-сентябрда маалымдады. Анын айтымында, Елена Нагорная "Мегакомдун" 100 пайыз акциясын сатып алмакчы. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бир нече миллиондук колдонуучусу бар уюлдук операторду сатып алмакчы болуп жаткан орусиялык ишкер айым тууралуу кенен маалымат берүүдөн баш тартты. Интернеттеги маалыматтарга караганда, Нагорная 41 жашта, 2006-жылдан тарта Африка өлкөлөрүнөн Орусияга кофе жана чай импорттоо менен алектенет.
«Мегаком» боюнча 27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөрүп, «бул инвестор да чехиялык «Liglass Trading CZ SRO» (LTD CZ) компаниясы сыяктуу өлкөнү чыгымга алып келип, имиджине доо кетирбейби?» деген суроо коюшту. Айрым эл өкүлдөрү «Мегакомду» шашып сатып жатасыңар» деп өкмөткө нааразычылык билдиришти.
Елена Нагорная 2014-жылы «Африка өлкөлөрүндөгү соода альянсы» деген уюмду негиздеген. Ошол жылдан баштап азыркы күнгө чейин «Африка ТК» ЖЧКсында башкы директор болуп иштейт. Ал Кениядагы «Дом Кении» уюмунун негиздөөчүсү. Андан сырткары Орусиянын Мамлекеттик Думасында комитеттин эксперттик кеңешинин мүчөсү. Ишкер айым жөнүндө коомчулукка жеткен маалымат азырынча ушулар гана. Канча байлыгы бар? Байланыш тармагында буга чейин бизнес жүргүзгөнбү? Ири компанияны сатып алууга акчасы барбы? Болсо, ал акча мыйзамдуубу же оффшордон келген каражатпы? Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да ал тууралуу интернеттен гана маалымат чогулткан. Кommersant.ru сайтынын жазышына караганда, Нагорная Орусиянын телекоммуникация базарында таанымал эмес жана 13,5 миллиард сомго жетерлик каражаты бардыгы да күмөн.
Эске салсак, «Альфа Телеком» («Мегаком») буга чейин 3 жолу аукционго коюлган. Алгачкы аукциондо 19 миллиард 700 миллион сомго бааланган. «Сатып алууга кардар чыкпады» деген жүйө менен баасы улам арзандатылып отуруп акыркы аукциондо 13,5 миллиард сомго түшүрүлүп, бирок кардар чыкпай, өкмөткө аукционсуз эле түз сатууга жол ачылган. Фонддун айтымында, Нагорная 13,5 миллиард сомго сатып алмакчы жана 1 миллион доллар күрөө берүүгө даяр. Өкмөт миллиондогон адам байланыш оператору катары тандап алып, колдонуп жаткан «Мегакомду» ГЭСтер сыяктуу күмөндүү компанияга же ишкерге толук иликтебей туруп карматып жибербес.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан