Башкы прокуратура үгүт ишине карата Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Ага "юридикалык академиянын окутуучусу студенттерди талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн" деген факты себеп болду. Ошондой эле мурдагы муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун Сузакта Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөн сөзүн БШК мыйзамсыз деп таап, «диний уюмдун өкүлдөрү үгүт ишине аралашпасын» деп эскертүү берди.
Ал эми вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткенде мамлекеттик кызматкерлерге «бюджеттен айлык алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө» деп Жээнбековго үгүт жасаганы боюнча БШК өкмөткө сунуш жөнөттү. Анда Зилалиевдин кызматтык жоопкерчилигин кароодо катаал чараларды көрүү сунушу берилди. Өткөн аптада бул окуя интернетке тарагандан кийин өкмөт башчы вице-премьер Зилалиевди президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагалыгынан бошоткон. Премьер-министр Сапар Исаков ага карата башка чара көрүлбөй турганын билдирди.
Парламент депутаты Жанар Акаев «административдик ресурска каршы иштеш керек болгон кызматкер өзү үгүт жасоодо» деп вице-премьерди отставкага кетирүүнү сунуштаган. Айрым эксперттер «Зилалиев юридика илимдеринин кандидаты катары шайлоо мыйзамын бузуп жатканын билиши керек эле» деп сындашууда.