ДОБУШ САТЫП АЛУУ АРАКЕТИ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Башкы прокуратура «Ош шаарында 2 тургун добуш сатып алууга аракет жасады» деп кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөлдөөчү органдын тараткан маалыматына караганда, өздөрүн Манап, Анвар деп тааныштырган эки жаран шаар тургунуна президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго добуш берсе 2 миң сом берерин айткан. Шаар тургунунун арызы боюнча текшерүү жүрүп, учурда кылмыш иши Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн. Алгачы сот отуруму 3-октябрга белгиленди. Аталган окуя боюнча Бабановдун штабы расмий маалымат таратып, муну «кезектеги провокация, административдик ресурсту колдонуунун дагы бир жолу» деп атады. Ушул сыяктуу окуя Бишкекте да кайталанып, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Камчыбек аттуу мүчөсү жаранга добуш үчүн акча сунуштаганы Башкы прокуратурадан кабарланды. Учурда окуяны Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов менен «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев бириккенин жар салышкан. Аталган эки талапкердин атына байланыштырып добуш сатып алуу фактысы менен кылмыш ишинин козголушу түркүн пикирлерди жаратууда. «Президенттикке ат салышып жаткан башка атаандаштардын атайын уюштурган провокациялык иш-аракети болушу мүмкүн» дегендер четтен чыгууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан