БИР БҮРКҮМ. КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ТАЛАПКЕРЛЕР ТИЗМЕСИНЕН ЧЫКТЫ...
Жогорку Кеңеш КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы такталбаган тилке боюнча президенттер кол койгон келишимди ратификациялады.
Кыргыз мамлекетинин Кытайдагы элчиси АЗАМАТ ҮСӨНОВ бир эле учурда Монголияга да элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.
Жыл сайын ЭМГЕК КУЛЧУЛУГУНА кабылган 150гө жакын жаран Кыргыз өлкөсүнө кайтарылат. Орусиядан көбүнчөсү эркектер кайтарылса, аялдар Түркия жана араб өлкөлөрүнөн куткарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашты.
2017-жылы ТҮРКИЯГА Кыргыз өлкөсүнөн 5123 жаран иштегени барган. 2016-жылы бул көрсөткүч 1582 жаранды түзгөн.
Эсептөө палатасынын мурунку төрагасы ЭЛЬМИРА ИБРАИМОВА президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб жетекчилигинен кетти.
Акыркы 2 жылда МИЛИЦИЯ кызматкерлерине 1852 батир тапшырылган. Учурда дагы 1741 батирдин курулушу жүрүүдө.
29-30-сентябрда республиканын айрым аймактарында ЖАМГЫР ЖААЙТ. Ал эми 30-сентябрда тоолорго кар жаашы күтүлүүдө.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫ 3-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында жыйынга чогулушат. Маалыматты аталган уюмдун расмий сайты жарыялаган.
«Ата Журт» партиясынын лидери КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ президенттикке талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын БШКдан маалымдашты. Учурда 12 талапкер калды.
БИШКЕК шаарынын суу түтүктөрүнүн 15 чакырымы 2020-жылга чейин оңдоп-түзөлүп, 339 чакырым жол капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Бул тууралуу калаа башчысы Албек Ибраимов 2017-2020-жылга чейинки планын айтып жатып маалымдады.
2017-жылдын 8 айында өлкөдө 2 жарым миң ӨРТ кырсыгы катталып, 44 адам каза болгон.
Кыргыз мамлекетине келүүчү ТУРИСТТЕРДИН 41,7 пайызы өлкө тууралуу тааныштарынан укса, 20,4 пайызы туристтик агенттиктерден маалымат алышат. Ал эми 16,7 пайызы журнал, китеп жана гезиттер аркылуу кабардар болушат.
Учурда Бишкек шаарында 63 медициналык «ТЕЗ ЖАРДАМ» унаасы бар. 2020-жылга чейин аталган унаалардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.
Ысык-Көл облусуна 135 ВРАЧ жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.