ТЫРЫГЫ АРКЫЛУУ ТААНЫЛГАН
26-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында киши колдуу болуп каза болгон белгисиз адамдын денеси табылган. Белгисиз кылмышкерлер өлтүрүп, башына дөңгөлөк кийгизип өрттөп салышкандыктан, маркумду таануу оңойго турган эмес. Милиция коомчулукка кайрылып, «көлмөнүн жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылганына бир аптадай болду. Аны таануу мүмкүн эмес, башына дөңгөлөк кийгизип өрттөп салышкан экен. Жаактарында тиш салууда пайдаланган металлдары гана калган» деп билдирүү тараткан. 27-сентябрь күнү Жети-Өгүз районунун Чырак айылындагы көлдүн жанынан табылган жансыз дененин ким экендиги аныкталып, ал ошол эле райондогу Аң-Өстөн айылынын тургуну, 1969-жылы туулган К.И. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Туугандары маркумду бутундагы тырыгы аркылуу гана таанышкан. Ал буга чейин таксист болуп иштеп келген.
Маалыматтарга караганда, 22-сентябрда маркумдун уулуна атасынын телефонунан WhatsApp аркылуу «Балам, мен шашылыш Алматыга кеттим, үйдү бекитип кой. Бир айдан кийин келем» деген билдирүү келген. Ошондой эле маркум ошол эле күнү Дубайда иштеп жүргөн кызына телефон чалып, 2 миң доллар акча салуусун өтүнгөн. Маркум ошол окуядан кийин дайынсыз болуп кеткен. Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Жети-Өгүз РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
«КЫЛМЫШКЕРЛЕР ИЗИН ЖАШЫРЫШ ҮЧҮН ӨРТТӨШКӨН ОКШОЙТ»
Маркумдун тууганы Дайырбек Ибраев окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Тууганымды 21-сентябрда өлтүрүшсө керек деп болжолдоп жатабыз. Кыйнап, башын өрттөп өлтүргөндөн кийин кылмышкерлер денесин Жети-Өгүздөгү Чырак деген айылдагы кичинекей көлдүн жанына таштап кетишиптир. 8-9 күндөн кийин сөөк табылгандыктан жана өрттөп жиберишкендиктен таанылгыс болуп калыптыр. Өтө кыйнашып, мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Кылмышкерлер кылмыштын изин жашырыш үчүн өрттөшкөн окшойт. Денесине бычак дагы сайышыптыр. Азырынча кылмышкерлер табыла элек, бирок табылат деп үмүт кылып жатабыз.
Тууганыбыздын өлүмү боюнча учурда эки версия айтылып жатат. Биринчиси, анын унаасын алуу үчүн өлтүрүштү, себеби маркумдун Тойота үлгүсүндөгү унаасы бар болчу, ошол унаасы табылбай жатат. Өзү Каракол менен биздин айылга киши ташып таксист болуп иштечү. Акыркы күндөрү Каракол-Бишкек багытында да каттай баштаган экен. Ал Каракол-Бишкекке каттаган таксисттердин тобуна кошулган же алардын колунан келдиби билбейм. Экинчиси, ага Дубайда иштеген кызы 2 миң доллар которгон, балким, ошону кимдир бирөө угуп же көрүп калган да, ошол акчаны алуу үчүн өлтүрүштү. Өзү эч кимге мынча суммада карыз болгон эмес экен. Өзүнө керектөө үчүн сураганбы же кылмышкерлер суратканбы, аны тергөө тактасын. Уулуна WhatsApp аркылуу жазган билдирүүсү бар экен. Бирок өзү буга чейин эч качан уулуна WhatsApp`тан билдирүү жазбаптыр. Экөө телефондон гана байланышып сүйлөшкөнүн уулу айтып жатат. Демек, муну деле кылмышкерлер жазышы ыктымал да. Өзү ичимдик иччү эмес. Жалгыз кызы Дубайдан келди, эртең (28-сентябрь) сөөгүн жерге беребиз.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg