МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ САЯСАТЫ – БАНК СИСТЕМАСЫНДА


1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. 27 жылдын ичинде мамлекеттик тил толугу менен болбосо да жетиштүү деңгээлде өнүгүп келе жаткандыгы байкалат. Айыл аймактарында бул маселе көйгөй жаратпаганы менен, калк жыш жайгашкан ордо калаабызда дагы деле көптөгөн маселелер чечилбей жатат. Адистердин айтымында, мамлекеттик тилдин максатына жетиши үчүн жапа тырмак аракет жасалып, ар бир адам жеке кызыгуусу жана жоопкерчилик менен мамиле кылышы шартталат. Айтсак, экономикалык, медициналык, илимий ж.б. терминдерди кыргызча жеткиликтүү айтып жеткирүү оңойго турбайт. Анткени менен акыркы жылдары ушундай аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир катар жаңылыктарды киргизип, жетишкендиктерди жаратуу аракетинин үстүндө үзүрлүү эмгектенип жатышкан экен. Андагы жаңылыктар тууралуу Улуттук банктын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси САДЫКОВА НУРГҮЛ ОМУРКУЛОВНА бизди кызыктырган суроолорго жооп берди.

– Саламатсызбы, Нургүл Омуркуловна, мамлекеттик тил саясаты Улуттук банк системасында кандайча ишке ашырылып жатат?

- Улуттук банк бул саясатка тил мыйзамы кабыл алынгандан баштап эле көңүл бурган. Албетте, андагы алгачкы кадамдар китепканаларды сөздүктөр менен жабдуу, бөлүмдөрдүн аталышын кыргызчалоо жана башка багыттарда башталган.
Ал эми негизги иш 1992-жыл­дан бери Улуттук банкта мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү багытында иш алып барган котормочуларды ишке алгандан тартып илгерилей баштаган. Негизи бул маселе Улуттук банкта өзүңөргө белгилүү болгондой эле, өлкөнүн акча-кредит саясаты менен бир катарда ишке ашырылууда. Тил маселеси ойдогудай болуп жатат деп айтуудан алысмын. Анткени жеткире иштелип чыга элек иштерибиз да жок эмес. Банкта тил саясатына тиешелүү бардык иштер котормо бөлүгү тарабынан аткарылат. Анткени азыр бардык материалдар кыргызчага которулууда. Акыркы беш жыл аралыгында адистерди атайы окуудан өткөрүп, алардын басымдуу бөлүгү айрым документтерди өздөрү кыргызчалаганга жетишип калышты десем жаңылышпайм. Мисалы, Жогорку Кеңештен же башка ведомстволордон келген каттарга жоопторду биз мурдатан даярдап берген үлгүдө, өздөрү кыргыз тилинде жазууга аракет кылышат, биз аларды оңдоп, карап чыгабыз.
Жакын арада, буюрса, атайы буйруктун же буйруунун негизинде тил маселесине дагы демилге берип, өзгөчө нукка буруу зарыл деп ойлойм жана бул багытта иштер ирети менен жүрүп жатат.

– Банк финансы системасынын иши боюнча терминдер маселесине токтоло кетсеңиз.

- Бул абдан орчундуу суроо болду. Анткени банк-финансы системасы деген – бул өзгөчө иш багыты. Өзгөчө бир билим деңгээлин, иш ыкмаларын талап кылат. Анткени банк-финансы системасынын материалдарын же ченемдик укуктук актыларды которгондо эң оболу терминдерди сактап калуу маанилүү. Терминкомдун колдоосу менен жана көптөгөн жетекчилердин жана адистердин изденүүсү, талыкпас эмгегинен улам Улуттук банктын эле эмес, бүтүндөй банк тутумунун ишине тиешелүү 680 беттен турган терминдерди тактап, Улуттук банктын сайтында керектөөчүлөр бөлүмүндө сунуштадык. Бул жакшы саамалык болду деп айта алам. Буга чейин терминдер колдонулуп келгени менен, иретке келтирилип, өңчөйлөштүрүлүп, такташтырылган эмес. Азыркы учурда мамлекеттик тил комиссиясы жана терминком өздөрү демилге көтөрүп, китепче кылып чыгарабыз деген сунуштар болуп жатат. Бул учурдун талабы. Анткени азыр калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Ааламдашуу учурунда турмуш коом улам өнүгүп жатат, демек, банк системасынын бардык операциясы да өнүгүү жолунда. Ошого жараша ар бир иш, ар бир операциянын түрү боюнча терминдер улам толукталууда. Учурда ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин, биздин «традиционный» деп коёт, салтка айланган банк операцияларын кошумчалап жатпайбызбы. Мына ошол боюнча өзүнчө бөлүк иштелип чыгып, методологиялык комиссия тарабынан каралууда.

– Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү кандайча ишке ашырылат?

- Иш кагаздар азыр ойдогудай деп айтканга болбойт. Бирок аракеттер абдан күч. Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү ишинде котормочулардын кошкон салымы зор деп дагы да баса белгилемекчимин. Жетекчиликтин талабы боюнча азыр көпчүлүк бөлүктөр өздөрү которгонго аракет кылып, биз оңдоп берип жатабыз. Албетте, ченемдик документтерди, мыйзам долбоорлорун которуу кыйын, азырынча ага жетише элек. Бирок ички негизги иш кагаздарды 1993-жылдан бери эле 2 тилде жүргүзөбүз. Буйруктар, буйруулар, токтомдор баары 2 тилде кол коюлат, 2 тилде жөнөтүлөт. Бул маселе бизде жөнгө салынган. Акыркы 3 жылда Улуттук банкта өткөн бардык жыйындар кыргыз тилинде өтүп, башка тилдүү жетекчилер жана кызматкерлер да отчётторун мамлекеттик тилде берүүгө аракеттенишүүдө. Банктын иш-чаралар планында 2018-жылдан тартып иш кагаздар толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлөөрү камтылган, азыр ушуга карата даярдык иштер кызуу жүрүп жатат.

– Коммерциялык банктар системасынын иш кагаздары жакын арада мамлекеттик тилге которулабы?

- Бул ишти дагы биз колго алганбыз. Улуттук банк өлкөнүн башкы банкы, анткени бардык коммерциялык банктар системасы Улуттук банктын лицензиясынын негизинде гана иш алып барышат. Ал – көзөмөлдөөчү орган. Анан жогоруда айтып кеткендей, Улуттук банк акча кредит саясаты же банк мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын гана эмес ушул тил саясатына да өзгөчө көңүл бурат. Өткөн жылы биз коммерциялык банктарга жана финансы-кредит системасына, Банктык эмес финансы кредит уюмдарына тил саясатын өнүктүрүү жагында пилоттук банк катары БТА банкын тандап алганбыз. Ошол банктын өкүлдөрү менен жолугушуп, иш кагаздар менен кат алышуу процессин жөнгө салганбыз. Бул иш азыр аткарылып жатат, анан бул банк кызматкерлеринин өзүнүн дагы демилгелүүлүгүнө, тил саясатына болгон мамилесине, жоопкерчилигине жараша болот. Учурда бул маселени бардык эле коммерциялык банктар колдоп, иш кагаздарын 2 тилде жүргүзүшүүдө. Бирок учурда БТА банкта гана котормочулар бар. Башкалары да котормо тобун болобу же котормочулардын бирден штаттык бирдиктерин киргизишсе жакшы болмок. Бул боюнча өтүнүчтөр жазылды, андан ары Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгы пландык жана комплекстүү текшерүү иштерин жүргүзүшмөкчү.

– 25 жылдан бери Улуттук банкта тил саясаты өнүктүбү?

- Өнүктү. Бул тил саясаты маанилүү, улуттун улут экенин баса белгилеген көрсөткүч экенин түшүнүштү. Салыштырмалуу түрдө айтсам, бир кезде баары бир-бирине жалаң орусча сүйлөшчү. Азыр каттар да, арыздар да бардыгы, акыркы 5 жылдан бери кыргызча боло баштады. Бардык каттар – эмгек өргүү, же иш сапары болобу кыргыз тилинде жазылып жатат. Албетте, муну менен токтолуп калбайбыз, алдыда дагы көптөгөн пландарыбыз бар.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
revolyutsiya1
2017-10-08 15:12:53
Кыргызстан эгемендуулукко жеткенине 26 жыл болду. Булар дагы эле аракет кылып жатабыз дегенден ары отпойт... 10 жылдан кийин сурасан, дагы эле аракет кылып жатышкан болот...

Коммерциялык банктарда иш кагаздары орус тилинде!!! Мен Кыргызстандын жараны, КЫРГЫЗ боло туруп бир банкка жумушка орношууну кааласам, бирок орус тилин билбесем, мени жумушка алышпайт. Жашоочулары 99% кыргыздан турган Токтогул же Алайдагы банк филиалдары да жумушка албайт... Орусча билбегеним учун!!
0
revolyutsiya1
2017-10-08 15:16:24
Мен эмнеге Кыргызстанда жашап жатып, кыргызча билип, орусча билбегеним учун уялышым керек?!! Эмнеге орусча билбегеним учун жумушка алынбашым керек?!! Региондордо банк клиенттеринин 80-90% кыргыздар же кыргыз тилин жакшы тушунгон улуттар, мисалы озбектер...

Эгер коммерциялык банктардын иш кагаздары кыргыз тилинде, мамлекеттик тилде болсо, озубуздун кыргыздар, озубуздун олкодо, орус тилин билбегени учун дискриминацияга учурабайт эле......
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан