УУРДАЛГАН СЫЙЛЫКТАР же ДҮЙНӨ КУБОГУНУН УКМУШТУУ ОКУЯЛАРЫ

Жайында “ЮАР-2010до” жеңип чыккан команда ФИФАнын Дүйнө кубогу менен сыйланат. “Кырсыктан же уурудан эч ким качып кутулбайт” дегендей, уурулардын колу башкы футболдук сыйлыктарга да жеткен. Кезинде кубоктун куткаруучусунун ролун катардагы адам аткарса, кээде сыйлыктын тагдыры жаныбардан көз каранды болгон учурлар да болгон.

ТАРЫХКА КАЙРЫЛСАК
Дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлык – футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 1930-жылдан башталат. 4 жылда бир өтүүчү мелдеш өзүнүн 80 жылдык тарыхында бир гана жолу үзгүлтүккө учураган. Эреже боюнча 1942-жылкы 4-мелдешти Германия өткөрмөк. Бирок бардык пландарды адамзат тарыхындагы эң чоң трагедия болгон кандуу Экинчи дүйнөлүк согуш ойрон кылган.
Согуш аракеттери негизинен Европада жүргөндүктөн, аталган аймак футболдун өнүгүүсү жагынан артта кала баштайт. Ал эми Түштүк Америкада, тескерисинче, мелдештер улантылып, баары өз ордунда кала берген. Ошондон болсо керек, согуштан кийин “Дүйнө кубогу кайсы өлкөдө өтсүн?” деген суроо жаралганда, Бразилиянын талапкерлиги бардык шарттарга жооп берген. 1946-жылкы Люксембургда өткөн ФИФАнын конгресси тарыхый мааниге ээ болгон. Анда мелдеш “Римэнин кубогу” эмес, “Дүйнө чемпиондугу” деп атала баштаган. Анан, албетте, согуштун баштоочулары Германия менен Япония ФИФАнын мүчөлүгүнөн чыгарылган. Бирок согуштун дагы бир себепкери – Италияны негедир ФИФАнын чоңдору уюмдан четтетишкен эмес. Мындайча айтканда, кечиришкен. Буга бир жүйөлүү себеп бар эле...

ЖЫРТЫК ӨТҮК БОЛБОГОНДО...
1938-жылкы согуш алдындагы Дүйнө чемпиондугунда Италия жеңишке жетишкендиги маалым. Андыктан Жюль Римэнин кубогу (сыйлыктын алгачкы аталышы) келерки 4 жыл Италияда сакталмак. Баалуу сыйлыкты сактоо милдети Римдеги банктардын бирине жүктөлгөн. Европада “фашизм” деген мокочо пайда болуп, ал Италияга да жайыла баштаганда, өлкөнүн Футбол федерациясынын кызматкери Отторино Барасси кубокту жашырып коюуга жетишет. Кийинчерээк бийликке келген фашисттер баалуу сыйлыктын жоголгонун угушуп, аны издеп табуу операциясын жүргүзө башташат. Бул максатта Барассинин үйүн да бир нече жолу тинтүүгө алышат. Бирок кубокту табышпайт. Анткени таштандыда жаткан эски жыртык өтүктүн ичин кароо алардын оюна келген эмес. Ошентип, футбол үчүн чоң эрдик жасаган көрөгөч Барасси Италиянын ФИФАдан четтетилбесине да себепчи болгон.

ИТ – ФИФАнын ДА ДОСУ
Бирок Жюль Римэнин кубогунун согуш жылдардагы оор тагдыры согуштан кийин да уланган. 1966-жылдын 20-мартында “Жюль Римэнин кубогу уурдалды!” деген кабар дүйнөнү каптаган. Адатта атактуу детективдери менен атагы чыккан Англияда мындай окуянын болушу сенсация эле. Жайында Англияда кезектеги чемпиондук өтмөк жана алдын ала алынып келинген кубок эл үчүн көргөзмөгө коюлган. Анын коопсуздугун камсыз кылуу ондогон кайтаруучуларга жүктөлгөнүнө карабастан, сыйлык белгисиз шарттарда көздөн кайым болгон. Окуянын эртеси англиялык басылмалар: “Сыйлыкты кайтаруучулар көз алдында турган жеринен уурдатышты”,- деп жазып чыгышкан.
Бул окуя Англиянын аброюна бир топ эле доо кетирген. Аны тапканга кубоктун өздүк баасынан 3 эсе кымбат сыйлык – 30 миң доллар убада кылынган. Ушундай татаал, баш аламан кырдаалда англис улутунун аброюн Бекерчи аттуу кадимки ит сактап калган.
Ошол каргашалуу окуядан туптуура 7 күндөн кийин матрос Дэвид Корбетт ити менен күндөгүдөй сейилдөөгө чыккан. Күтүлбөгөн жерден итинин бир бадалдын астын чукуп баштаганына таң калат. Дэвид табылганы караса, уурдалган Жюль Римэ кубогу болуп чыккан. Ушул окуядан кийин Бекерчи жалпыга таанымал каарманга айланган. Атайын иттерге тамак чыгаруучу компаниялардын бири аны мыкты тамактар менен камсыз кылган. Атүгүл Бекерчиге футболдук беттештерди адамдар менен катар эле стадиондон көрүү мүмкүнчүлүгү туулган.

ДҮЙНӨ КУБОГУ ЭМИ БИРОТОЛО ЖОК!
ФИФАнын эрежеси боюнча аталган сыйлыкты 3 жолу жеңип алган өлкө ага түбөлүк ээлик кылуу укугуна ээ болот. 1970-жылы бразилиялыктар Жюль Римэнин кубогун 3-ирет жеңип, аны биротоло мекенине алып кетишкен. Көрсө, кийинчерээк маалым болгондой, сыйлык түбөлүккө эч кимге буюрбаптыр.
Англияда болгон уурулук дагы кайталанып, сыйлыктын “өмүрүнө” кол салуу болгон. Ошол каргашалуу 1983-жылдын 20-декабрында каракчылар аны Бразилиянын Футбол федерациясынын имаратынан уурдап кетишкен. Ал сыйлык 13 жыл бою ар бир бразилиялык сыймыктанган ыйык нерсеге айланса да, ага кыянаттык кылган зөөкүрлөр жок эмес экен. Полиция кызматкерлеринин жан үрөп кылган аракеттери, убада кылынган миллиондогон акчалар сыйлыкты мурдагы калыбында кайтара алган эмес. Бул кылмыштын бетин ачуу 3 жылдан ашуун убакытка созулуп, алтын кубоктун эритилип сатылгандыгы аныкталган.
Күнөөлүү деп табылган 3 адам камакка алынышкан: Жозе Луис да Силва (сүрөтчү), Франциско Жозе Роша (полиция кызматкери, экөө тең 9 жылга кесилген), Хуан Карлос Эрнандес (зергер, 3 жылга кесилген). Окуядан 10 жылдан кийин кылмышка катышы бар жергиликтүү кылмыш тобунун жетекчиси Сержио Айрес Перейра кармалып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Бразилияда аталган сыйлыктын көчүрмөсү сакталуу.


КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ДҮЙНӨЛҮК КОНГРЕССТЕ

Жылда АИПСтин (Спорт басылмаларынын эл аралык ассоциациясы) конгрессине биздин өлкөнүн атынан спорттук журналисттер катышып келишет. Быйыл Антальяда өткөн 73-конгресске журналисттер Кубан Атабеков (ЭлТР) менен Тахир Гафуров (НБТ) делегат болуп барып келишти. Бул тууралуу Кубан мырза ой бөлүштү.

– Кубан мырза, конгресс жөнүндө кыскача айта кетсеңиз...
– Конгресс 29-апрелден 4-майга чейин Түркиянын курорттук Анталья шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 110 өлкөсүнөн 350дөн ашуун делегат катышты. Анда спорт журналисттери ийри отурушуп, түз кеңешип дегендей, зарыл маселелерди талкууга алышты. Алар: мелдештерди кантип туура жана так чагылдыруу, спорттогу коррупция, Ооганстандагы спорттук журналисттердин оор абалы жана башкалар. Ошондой эле жылдын мыктыларын тандоодо добуш берүүгө катыштык.
– Конгресстен тышкары шаар айланууга убакыт таап жаттыңарбы?
– Албетте. Бул боюнча атайын программалар каралыптыр. Чынын айтсам, 5 күндүн ичинде Антальяны кыдырып бүтө албадык.
– Чет элдик кесиптеш­териңиздин арасында Кыргызстан деген өлкө жөнүндө билбегендер бар бекен?
– Кыргызстан аталган уюмга 1995- жылдан бери мүчө болгондуктан, биздин өлкө, спорт коомчулугубуз жөнүндө аздыр-көптүр маалыматтары бар. Кубанарлык нерсе, АИПСтин Азия бөлүмүнө өлкөбүздүн спорттук журналисттеринин президенти Улукбек Салымбековду мүчөлүккө кабыл алганы жатышыптыр. Эгер бул демилге ишке ашса, кыргыз спорту үчүн жакшы болмок. Кыргызстандагы апрель окуялары жөнүндөгү маалыматтарга кызыгып жатышкандар болду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жылына спорттук журналисттердин чет элге чыгып, тажрыйба топтоосуна шарт түзүп берип жаткан Улукбек Аскаровичке ыраазычылык билдиребиз.


Жергиликтүү кабарлардан

Футбол

“ДОРДОЙ” ДЕБЮТАНТКА ЖЕҢИЛДИ
Учурда КРнын Улуттук чемпиондугунда биринчи айлампа оюндары өтүүдө. Мелдештин өткөн жумадагы оюну сенсация менен аяктады. Чемпиондуктун дебютанты “Алга” өлкөбүздүн 5 жолку чемпиону “Дордойду” жеңип алды. Мындан пайдаланган “дордойчулардын” башкы атаандашы канттык “Абдыш-Ата” “Шерди” жеңип, упай жагынан алдыга озуп кетти. Төмөндө соңку оюндардын натыйжалары берилди.

“Дордой” – “Нефтичи” – 1:1
“Дордой” – “Алга” – 0:2
“Абдыш-Ата” – “Шер” – 4:1
“Алга” – “Шер” – 3:1

Тай бокс

КӨПТҮ ҮМҮТТӨНДҮРГӨН РАФАДАН ДАГЫ БИР НААМ
Кыргызстандык Рафаэль Физиев (лакап аты Рафа) ата мекендик тай бокс мектебин ири эл аралык мелдеште даңазалап келди. Ал Москвада “Бирдиктүү Русь Азияга каршы” беттешинин алкагында профессионалдар арасында интерконтиненталдык чемпион аталды. 17 жаштагы мекендешибиз 5 раунддук беттеште тажрыйбалуу украиналык мушкер, бир нече жолку Дүйнөнүн чемпиону Богдан Лукинди жер караткан. Рафаэлдин эл аралык даражадагы бул алгачкы чоң ийгилиги акыркысы эмес деп үмүт кылабыз.

Мини-футбол

КУРМАНДЫКТАРДЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛДЫ
Бишкекте 10-11-майда апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган ЖОЖдордун студенттеринин арасында мелдеш болуп өттү. Уюштуруу жагын “7-апрель – жаштар кыймылы” коомдук бирикмеси колго алган. Дордой спорт комплексинде өткөн таймаштарга 12 окуу жайдын командалары катышты. Жыйынтыгында Бишкек гуманитардык университетинин студенттери алдына эч кимди салышкан жок. Кийинки байгелүү орундарды КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы жана Кыргыз экономикалык университети ээледи.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан