Эдил Маматов, ырчы: "БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДҮН УРАШЫНА ЫРЧЫ КЫЗДАРДЫН ТИЕШЕСИ ЖОК. ЖУБАЙЫМ МЕНИН КЕСИБИМДИ ТҮШҮНӨ АЛБАДЫ"


Гезиттин өткөн санында ырчы Мээри Шакулина чыгармачылыктан эмнеге алыстап кеткенин, белгилүү ырчы кыздын аралашуусу менен үй-бүлөсүнүн бузулганын айтып маек берген. Мээринин жолдошу, «Добулбас» тобунун ырчысы, аранжировкачы Эдил Маматов да өз чындыгын айтып, редакцияга кайрылды.

«МЕН ЭРКЕКМИН, АЯЛЫМДЫ ЖАМАНДАП МАЙДАЛАНГЫМ КЕЛБЕЙТ»

- Мээрим Шакулиева экөөбүздүн ажырашып кеткенибизге үч жыл болду. Мен эркекмин, аялымды жамандап майдалангым келбейт. Чыгармачылык чөйрөдө он беш жылдан бери иштеп, ырчыларга аранжировка жасайм. Отуздан ашык ырчы менен иштешем. Алар: Гүлнур Сатылганова, Айганыш Абдиева, Малика Дина, Кундуз Канатбек кызы, Элиза Орозова, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Айпери Сыдыкова, Сайкал Садыбакасова жана «Кыз-Бурак» тобунун ырларына да аранжировка жасайм. Өзүңөр жакшы билесиңер, аранжировкачылар кечинде жумуш баштап, таң атканча студияда иштешет. Бир ырды аранжировкалоо үчүн 3-4 күн убакыт кетет. Жогоруда айтылган ырчы айымдар менен иштеше баштаганда эле Мээримдин ызы-чуусу менен жашап калчубуз. «Мен алардын акчасын алып, силерди багып жатам. Андан башка ишти кыла албайм. Сен буга көнүшүң керек» деп айткандарым кулак сыртынан кетчү. Ошентип жүрүп үй-бүлөбүздүн дубалдарынан жарака кете баштады.

«МЕН ДЕЛЕ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ САКТАП КАЛУУГА КӨП АРАКЕТ КЫЛДЫМ»

- Бул аралыкта төрт балалуу болдук. Кийинки эки балам урушуп-талашып, бир нече жолу ажырашып, кайра жарашып жүргөндө тапкан балдарым. Мен деле үй-бүлөмдү сактап калууга көп аракет кылдым. Мээрим биздин жашообузга белгилүү ырчы кызды аралаштырганы таптакыр туура эмес. Анын үй-бүлөбүздүн бузулганына кыпындай күнөөсү жок. Менин жашоомо кийлигишүүгө эч кимдин, анын ичинде Мээримдин дагы акысы жок. Ооба, балдарым бар. Үч жылдан бери аларды үзгүлтүксүз камсыздап, каржылап келе жатам. Мындан ары да аларды карап, билим берип, мыкты азаматтар болуп чоңоюшуна кам көрөм. Бул менин аталык милдетим.

«АЖЫРАШКАНДАРДЫН БИРИНЧИСИ ДА, АКЫРКЫСЫ ДА ЭМЕСМИН»

- Азыркы күндө сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Ал шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс адам. Таптакыр башка тармакта иштейт. Келечектеги келинчегим апамды сыйлап, жылуу сөзүн айтып, ысык чайын, ысык тамагын берип, төргө отургузуп, сый-урмат кылса деп тилек кылам. Анан да менин чыгармачылыгымды түшүнүп, жок жерден кызганып, 1-2 айлап мээмди чакпаган, болочок балдарымды мага өчөшүп кагып-силкпеген айымга жолуксам экен дейм. Ажырашкандардын биринчиси да, акыркысы да эмесмин. Мен бирөөнүн сөзү же азгыруусу менен үйдөн чыгып кеткен жокмун. Анын себебин Мээрим өзү жакшы билет. Бузулган уяны балдар да калыбына келтире албайт экен. Бул тагдыр. Аны мен өзүм тандадым.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (140)
floris
2017-10-06 05:08:00
Алгычейин баары жакшы,жаман катын кайдан чыгат баарын озун жасап жатасын аялды туудуруп койуп бага бер туудунбу дегендерден экенсин аялга поддержка керек
+5
jon.as
2017-10-06 05:53:32
Тобоо кылдым....ХХХ Азыркы эркектерде уй булоого жооп керчилик деген жок болуп калды. Уйлондунбу, тороттунбу жашада бул жака чуркап келегалып интервью берип татата патата дебей. Жашоо деген оной эмес ысык суугу болот чыдашка туура келет. Ажырашкан мен эле эмесмин деп, торт баланын убал сообу кимге анда..? Кудай арбир пендеге ыйман берсин. Уй булоо бузулган ото оор айрыкча балдарга катуу сокку болот.
+9
nurhan2702
2017-10-06 08:34:10
ХХХ ХХХ барабар
+3
love.me.again
2017-10-06 15:42:09
Koy edil esine kel. NE kilasin jayma bazar go I tak ele birdi toroso taza ele jayilip ketse kerek anin....
+4
Samandar
2017-10-06 18:32:45
Ыр дуйно табылат ырдалып да бутот бирок ошол ыр туболук ырдалбай калышы мункун, Аллах берген балдар табылбайт кийин жаралган балдарды чонойтуу оной эмес да каап жаман иш болгон экен ар кимдин пешенеси бирок семьяны алдыга кою керек аял киши да кызгана бербеш керек болбогон майда нерсеге бузулган адам баарибир бузулат бузулуп жургон болсо. Бирок баарын кеч боло электе чечсе болот ...
+4
Krasavica
2017-10-07 01:02:13
Бироонун тамчы жашына, бакыт кура албайсын
+5
orxidey
2017-10-07 01:30:29
Баарыле кыйын боло берет бирок башына келсе эчтеке кылалбай каласын он балан болсо да.
-3
Kroxa
2017-10-07 13:09:59
уят...
+4
altyshka_23
2017-10-07 16:29:31
Жургон кызда Кудайдан,торт баланын убалынан коркпогон кыз экен.Бактылуу болбойсун эч качан
+4
Nuraika94
2017-10-08 00:11:25
Жалгыз Эдил гана куноолу эмес да. Бир шапалактан добуш чыккабайт эки шапалактан чыгат дегендей. Эч качан бир тараптуу кунолуу болбойт.
-2
perish
2017-10-08 00:32:58
Аялдар тушунот болуш керек, уйундо кечке кичине Балдарын менен,ещё токсикоз болуп кыйналып атсан куйоосу сулуу кыздвр менен жумушта кундоп тундоп журсо кандай состояниеде болорунду.Короче,бул сенин жашоон,озун билесинда кантип жашаганды.Бирок аялына ,Балдарына жалко...Кандай аял плат болдун экен((
+5
Asylai88
2017-10-08 01:56:14
Жубайым жумушумду тушунбоду деп сен дагы кудайды билбеген адамсын го. Сени тушунуп торт бала тороп бериптир дагы канча тушунуш керек эле? Уйбулоонон дагы жумушту биринчи орунга коюпсунар демек Меринин айтканы чындык экен да. Болбосо уйбулоо учун жумушту таштап деле койсонор болмок да.2 балам урушуп талашып журуп эле торолгон балдарым депсинер кыйраткансып.
+3
mishonia8077
2017-10-08 11:36:31
Ошол ырчы кыздын кандай акысы бар,бирөөнүн күйөөсү менен магазинге жетелешип чыкканга
+2
NURDANCHIK
2017-10-09 10:21:13
эч качан бир адам куноолуу болбойт ажырашканга бироонун жашоосун бироо билбейт керек болсо бала да кармап кала албайт конул калганда экоонорго тен аллахым бактылуулукту насип кылсын
0
gulnur.narmatova
2017-10-09 10:56:24
эми булардын сериалы башталды окшойт кийинки санда Мэри чыгат эми
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан