Кыргыз бийчилери биринен сала бири жаңылык жаратып, чет элдик долбоорлордо күчүн сынап келишет. Эгиз бир туугандар Ема, Ома Асанбековдор Орусиянын ТНТ каналындагы “Танцы” долбоорунун тандоо турунан өтүштү. Кызыктуу, күлкүлүү, өзгөчө кыймыл-аракеттеги бийи менен эсте калган жигиттер Казакстанда өтүп жаткан “Бийле” теледолбоорунда да финалга чыгышты. Ошондой эле экөө АКШ жылдызы Крис Браундун ырына достору менен бийлеген видеону интернетке жүктөшкөн. Аталган видеону америкалык ырчы өз баракчасында бөлүштү. Көп талкууга, көп кароого алынган видео тууралуу Ема: “Бардыгы капыстан болду. “Келгиле, күлкүлүү видео тартабыз” деп досторубуз менен ошол жерден эле ойлонуп тартканбыз. Анан Крис Браун бөлүшүптүр, көрүп аябай сүйүндүк”,- дейт. Ал эми 15 жаштагы Айдана Шатемирова Орусиянын НТВ каналында өтүп жаткан "Ты супер! Танцы" долбооруна катышып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болду. Бул долбоор балдардын жашоосун жакшы нукка буруу, атын таанытуу, жаңы досторду табуу жана жаш бийчилер өз кумирлери менен жакындан таанышуу максатында ачылган.