ШОУ-БИЗНЕС ӨКҮЛДӨРҮ САЛЫК ТӨЛӨӨГӨ НААРАЗЫ


Кыргыз Республикасында салык төлөмдөрүнүн бир нече багыты бар. Жаран бир иш менен алектенип, ал ишин же кызматын сата баштаган күндөн тартып ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө милдеттүү. Демек, мыйзамга жараша базарда отургандар, көчөдө семичка саткандар, таксисттер, күзөт кызматындагылар, ырчы-чоорчу, бийчи, тамада жана башка өнөрпоздор да патент алуу менен иштөөсү керек. Бул мыйзам 1996-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толуктоолор киргизилген.
Аз күн мурун "Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери тойдо кызмат кылып жаткан өнөрпоздорду текшерип, патент сурап жатыптыр” деген маалымат тарап, буга шоу-бизнес өкүлдөрү нааразычылык билдире башташты.


Айгерим Расул кызы:
Мен салык төлөгөнгө каршы эмесмин. Бирок мамлекет ырчылардын мээнетин коргогонду үйрөнүшү зарыл. 21-кылымда бизде дагы деле аткаруучулук, автордук укук жок. "Кыргызпатент" иштебейт, болбосо биздин укукту коргош алардын милдети. Кыскасы бир чыгарманы эле элге жайылтуу үчүн, концерт коюу үчүн көп акча керек. Канча мээнет менен жазылган ырларды, клиптерди лицензиялуу диск түрүндө сата албайбыз. Мамлекеттик иш-чараларда ырчыларды бекер ырдатышат да, жаңылыктардан артисттерге 1 миллион сом бөлүнгөн деп айтып чыгышат. Бир нерсе десең концерттин тизмесинен чийип салышат. Бүгүнкү күндө мамлекеттен артисттерге эч кандай колдоо жок, биздин акча тапкан булагыбыз той. Өздөрүн эптеп келе жатканда мамлекеттин эл берген акчага салык салып, көз артканы бул акылга сыйбаган иш!
Ырчы, бийчи, тамада жана башка тойдо кызмат көрсөткөндөр башка кесип ээлериндей эле мамлекетке салык төлөшү керектигин айткандар бар.


Шоумен Бакыт Байсариев:
Мен 5 жылдан бери айына 2500 сом төлөп патент алып иштейм. Албетте, той ээси "патентиңди көргөз" деп талап кылбайт, ошондуктан дайыма жаныма салып жүрбөйм. Текшерүүчүлөр той баштала электе же аягында келишсе туура болмок. Алар тойдун ортосунда келишти. Айып салышкан жок, бирок акт түзүп кетишкен,- дейт.


Тамада Каниет Жыргалбеков:
Патент сурагычтар, бизге тамада болушту силер үйрөттүңөрбү же тойду силер таап берип жатасыңарбы?! Жумуш менен камсыз кыла албайсыңар, өзү оокат кылып жаткан адамдан патент сурайсыңар. Мен бир сом төлөбөйм!- деген оюн билдирди.


Ырчы Урмат Усенов мамлекетке салык төлөөдөн качпаймын деп, ошентсе да бул мыйзамга нааразычылык билдирди:
Кыргызстанда аткаруучу, автордун укугу тепсендиде жатат. Аудио, видео продукцияны лицензиялуу түрдө сатканга мүмкүнчүлүк жок. Башка өлкөлөрдө бул механизм ырчылардын негизги каражат булагы. Мисалы, аткаруучу орточо 500 миң нускалуу ыр жыйнагын 50 сомдон сата алганда эле жылдык кирешеси
25 миллион сомду түзмөк. Ырчынын эси-дарты той болбой, өсүү, изденүү болмок. Бир мыйзамды, токтомду кабыл алардан мурун анын реалдуу иштөө механизмин кошо сунушташса,- дейт ырчы.


Диктор Бактыбек Мамытов:
– Ырчылар, тамадалар уюштурулуп, бардыгы даяр болгон тойго барып кызматын көрсөтүп жатышпайбы. Мисалы, таксисттердей же ысык-суукка карабай кардар күтүп отурган сатуучулардай убара болушпайт. Салык төлөөнү туура кабыл алышыбыз керек,- деди.


Журналист Тынчтык Кожобеков:
– Бир нерсе ойлоп таап иштей баштаганың – бул чыгармачылык. Аны элге сунуштай баштаганың – ишкерлик. Ишкерлик кылган күндөн тарта салык төлөшүбүз керек. Тамада, ырчылар деле ошол сыяктуу патент алып иштеш керек. Мыйзам бардыгына бирдей.


Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков:
Той иш-чараларына кызмат көрсөткөндөр үчүн патенттин баасы аймактарга жараша. Мисалы, бишкектиктер үчүн 2500 сом, Ошто 2000 сом, Токмокто 1500 сом, калган региондордо 500 сомдон жогору. Ырчыларды "патент алгыла" деп канча чакырып жүрөбүз келишпейт. Буга чейин аларга эскертүү берилип келген. Жыйынтык чыкпагандыктан рейд жүргүзө баштасак нааразычылык болуп жатат. Эгер алардын иши сезонго жараша болсо салык органына кайрылып, мөөнөтүн токтотуу мүмкүн. Патент алышпаса же патенттин мөөнөтү узартылбаса, аларга айып салынат. Ал адам кызмат көрсөтүп жатып 2-жолу эскертүү алса, айыптын көлөмү эки эсе, 3-жолу эскертүү алса 3 эсе чоңоюп кете берет. Эгер өз ыктыяры менен төлөбөсө, анда иш сотко өтөт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Samarish1216
2017-10-04 13:46:58
Мамлекет баардык учурда, баардык жерде фонограммасыз жандуу ырдагыла деп мыйзам чыгарып койсо көрөт элек.
0
Akberdiev
2017-10-04 15:59:13
Samarish1216, Бир жылда эмес, ай сайын 2500 - 3000 сомго чейин толойт. Ай сайын! Семичке саткан дагы налог толойт дейсинер. Ал даяр нерсени сатканына, отурган ордуна толойт. А ырчылар Элдер тойго чакырыш учун канча жыл эмгектенип, чыгармачылыгына аябагандай коп акча кетиришет аны ойлонбодунарбы. Керек болсо алардын ырларын, клиптерин Угуп, коргонубуз учун наоборот биз акча толошубуз керек. Башка олколордо ошондой ырчыларга толошот! А бизде бардак! Оозунан соз чыгыш учун дагы налог толош керек э
-4
Shahrizaada
2017-10-04 16:24:07
Akberdiev, Ырчы окшойсун ушу сен. Неге булардын ырын укканыбыз үчүн толошубуз керек. Башка өлкөлөр өлөбүз десе ололубу не? Биротоло ырчылардын торолгондугу үчүн деле төлөп берели анда.
+3
Snejana
2017-10-05 19:13:05
Akberdiev,кайдаан? Фанограмма менен эки ырды ырдап коюп очойгон акча сурашат. Булар маданияттуу ХХХ" десе болот (арасында маданиятсызы дагы толтура)
0
Miya
2017-10-06 23:09:52
Akberdiev, сен ырчы окшойсун! Ошолордун бири ачкоз экенсин
0
janjigit
2017-10-04 16:51:39
Башкасы го мейли айгеримди салык толотпой эле жандуу ырдасан салык албайбыз деп койгулачы. Анан коросунор ырдаганын.2500 деген акча айгеримдин бир эле кирпиги болсо керек.озум эле дей бербей мамлекет да деп койчу бай болгур
-2
Akberdiev
2017-10-04 18:55:39
janjigit, Жандуу ырдап эле журот. Но нейм менен тамашоуда живой ырдаганын угуп кой Анан суйло.
0
Miya
2017-10-06 23:11:06
Akberdiev, сага ме! Биз баарыбыз салык толойбуз! Буларчы? Акпы?
0
nazgul20
2017-10-04 17:01:44
Айгерим озун аябай акылдуу сезетко акылга сыйбаган иш деп, айдоочулар айына 5000сомго патент алышат ырчылардыкы ото эле азго
0
Mystery
2017-10-04 18:20:55
Кыргызстанда бут бизнес туруно салык толонот, анын ичинде шоу БИЗНЕС туруно да салык болушу керек дейм. Даже 5мин сом алып иштеген кызматкер да айлыгынын 10%ин подоходный налог деп обязательно толошот. Дагы 10% соцфондго, чтоб картайганда пенсия алыш учун. Эмнеге карапайым калктын эсебинен кийин картайганда пенсия алышы керек? Ай сайын 2500 налого, 2500 соцфондго толошсун как равноправный гражданин, итак аранжировка фонограммалап элди алдашат
+4
Miya
2017-10-06 23:11:58
Mystery, молодец туура айтасын!
+2
Mystery
2017-10-04 18:29:48
Анан да ооздорун чоюп, элдер 1 айлап тапканын жарым саатта таап койом дешип. Толошсун салыгын да, соцфондун да. Патент бизди коргобойт деп, эч биринердин ыры плагиатка текшеришсе отпойт, анткени сплошной плагиат, а кыргызпатент эн биринчи плагиат ырды коргобойт и откорбойт дагы. Уят болбойле тологуло, элден мненер артык. Баары суйлошуп алганго кыргызпатентге жабышып шылтоо кылышып
+4
Snejana
2017-10-05 19:09:21
Толошсун ай сайын 5000 сом. Байкуш Ата-эне баласынын конулуно карап, анан эл эмне дейт деп, алды карызга батып той откорушот, карапайым Ата-эненин канын соруп бутушту ушулар. Эки ырын фонограмма менен ырдап, очойгон акча алып кетишет, арзаныраак ырдашса, "мамлекетке баксын"деп очоюп отуруп алышмак турбайбы. Эмне артисттер ХХХ бекен. Толошсун! Жогорудагы артист сооройлор уялбай байкуш боло калышканда кантейин.
+3
Kali9_official
2017-10-05 20:44:52
Ар ким өз укугун билдирүүгө укуктууго туура түшүнүү керек деп ойлойм.Мен Айгерим Расул кызына кошулам.Чындыгында эмне көп ырчы бийчи көп.2000жылкы балдар тамада болуп жүрүшөт.Билими барбы,талантты барбы ошого да көңүл буруп карашса жакшы болмок. Маданияттыда өнүктүрүү керек биринчиден талантына карап.Азыр аты чыга албай жаткан таланттууларды көрүп ичим ачышып калат.
0
gulniza-ali
2017-10-05 21:50:47
irchylar, bir interviewsunda maktanyshat menin stavkam chon, toygo kop chakyryshat dep, anan turup az akcha alabyz dep...

bazarda suukta oturgandar da toloshot.

yrchylar kop bolso 30 min ubakyty ketet. 3 min yry bar...

0
Jenat
2017-10-06 15:53:58
Байкуш ырчылар, тамадалар куз мезгилде гана болгону 3 ай акча жакшы табат, а сезон эмес учурдачы кышында кайдагы той уйдо иши жок жатканы учун толойбу ? Мага ушул жагы кызык болдуго
0
Miya
2017-10-06 23:17:50
Jenat,кыргыз Эли той топурду жакшы коробуз! Кышын жазын коноктособуз! Булар жумушсуз эч качан олтурбайт жок дегенде айвна мин доллар табат! Короалбастык эмес бул! Демократия мамлекетте жашайбызбы ОЗУ?
0
molorbaev
2017-10-07 08:26:31
Jenat, ошон учун ыктыярдуу патент алгыла деп атат да. Сезонго гана толойт, иштеген 3 айына. Эгерде милдеттуу патент алчу болсо, анда жыл бою толомок.
0
Miya
2017-10-06 23:04:07
Биздин ырчы, тамадаларды ушунчалык жадный деп ойлобопмун! Байкуш карапайым элдер эле кыйналып, булар хан сарайларда жашап жыргайт экенда! Баары патент алат! Булар акпы?
+1
orxidey
2017-10-07 01:33:57
Толош керек акчасынын 10% эмне болмок ызы чуунун кереги жокко дейм маданият адамдарына.
0
iman34
2017-10-08 01:03:41
Чынындыгында бизде колдоо жок.мисалы чет олкодо ырчы тойдон эмес дисктерин сатып же альбом чыгарып акча табат.Ошондуктан алар бай.Мисалы орусияны карагыла Алла Пугачева,Киркоров,Басковторду айтпай эле коелу андан коро Полина Гагарина Ани лорак Дима Билан Сергей Лазаревдер.Себеп алар бирге эле той дер отурушпайт.Мамлекеттен колдоо бар.А биздечи чондор оздорун гана ойлошот.Качан ичсем не жезем кайда барып эс алсам деп.Маданият окулдору озунун кучу менен эле келатат кайсы Адам депутат колдопжатат??
0
Miya
2017-10-10 02:12:17
iman34, карапайым элдичи? Оюнда баары жыргап ырчылар кыйналып жатабы? Баарыбыз кыйналып журобузго. Кайсы сфера жакшы? Баары эле ошондой! Барыда кредит!
0
Kumarchik
2017-10-10 08:53:15
Салык салыш керек
0
Merin
2017-10-20 11:51:44
в Европе даже няньки платят налоги... это же большой труд .... но все же оплачивают налог..
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан