Руслан Акун режиссёрлук кылып, башкы ролдорду Азамат Уланов менен казак актёру Тауекел Мусилим ойногон "Апамды издеп" тасмасы Казакстандын улуттук "Тулпар" киносыйлыгына татыды. Уюштуруучулар сынактын масштабын кеңейтүү үчүн бул жылы “Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясын киргизип, кыргыз тасмасы жеңүүчү деп табылды. Руслан Акун: “Буга чейин Нурбек (ред.: Айбашов, тасманын продюсери) экөөбүз тасмаларыбыз чет өлкөнү багынтса деп кыялданчубуз. Буюрса, четинен кыялдарыбыз ишке аша баштады. Албетте, сыйлыгыбыз келечекке чоң стимул болот”,- дейт. Сыйлыгыңыздар кут болсун!