КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада башка шаардык өнөктөштөр менен ийгиликтүү иш алып барасыз. Жолго чыгуу күтүлөт. Көздөгөн максатка тездик менен жетүү үчүн талантыңыз жана чыгармачылыкты пайдалансаңыз жыйынтыгы жаман болбойт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Жакын адамдарыңыздын ийгилиги кубантат, эс алуулар орун алат. Үй-бүлөлүү болсоңуз абайлаңыз, бул жумада башка адамдарга карата сезимдер пайда болушу ыктымал.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кесиптеш, курбулар менен көп алака кыласыз. Жагымдуу сүйлөшүүлөр орун алат. Унаа, жол, документ маселеси оң жагына чечилет. Туугандар менен баарлашуу, жакшы кабарлар сизди кубантат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Шаршембиден тарта жумушуңузда ийгиликтер күтөт. Бул ийгиликтер жашы улгайган же таасирдүү адамдар тарабынан келет. Айлык маянаңыздын кошулушу же сыйлык акчанын колго тийиши күтүлөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Алыскы шаарларда жашаган туугандар жана кесиптештер менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Эс алуулар, романтикалык жолугушуулар болот. Лидерлигиңиз күчөп жатканын байкайсыз. Көңүлүңүзгө жаккан айымдар, мырзалар кирешенин кирүүсүнө себепкер болушат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиз бул жумада болуп көрбөгөндөй жагымдуу болуп чыга келесиз. Аял болсоңуз мырзалардын, эркек болсоңуз айымдардын жүрөгүнө чок саласыз. Өзгөчө шармга ээ болосуз. Дал ушул сапаттарыңыз көп нерселерге жол ачат. Колуңузга акча тиет. Купуя нерселер оңой ишке ашат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Курбу, кесиптеш, туугандарыңыз менен биргеликте чогуу иш алып барасыз. Көп көйгөйлөр жөнгө салынат. Айрыкча мыйзам, жолго чыгуу, унаа, документ суроолору ойдогудай орундалат. Жакшы кабар угасыз. Жашыруун романтикалык жолугушууга дуушар болушуңуз толук ыктымал.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Шаршембиден баштап колуңузга акча тийиши күтүлүүдө. Андыктан азыртан баштап аракет көрүңүз. Бул акчалар сиз элге берген карыз же кредиттик акчалар болушу да мүмкүн. Достор жана кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Жумушуңуздан кам санабаңыз, баары ойдогудай болот. Ден соолук жагы оңолуу стадиясында.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын экинчи жарымында лидерлик, кадыр-баркыңыздын жогорулай баштаганын байкайсыз. Жеке иштериңиз да жаман болбойт. Бөтөн шаардык адамдар жана туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Эс алуулар орун алат. Жумушуңузда сизге көз кырын салгандар чыгат. Андыктан даяр болуңуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз бул жумада жалгыз жана купуя аракеттердин астында көп ийгиликтерди жаратасыз. Тагыраак айтканда, акчаны тартуу, үй чарба иштерин чечүүдө алгылыктуу нерселерге жетишесиз. Бөтөн шаардык адамдар менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Бирок эртерээк кетип калыңыз. Бирөөсүнүн кылтагына илинип калууңуз мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын көпчүлүк бөлүгүн достор, өнөктөштөр менен чогуу өткөрөсүз. Күн тартибинде: акча, кумардуу романтика жана буюмдар маселеси. Каалооңузду ооздуктай билиңиз. Антпесеңиз, баары жакшы болгон ченде да өкүнүп каласыз. Туугандар, кошуналар менен алакалар жакшырат.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Шаршембиден баштап жетекчилик сизге жакшы көңүл бөлөт. Айрыкча айлык маянаңызды көтөрүү маселесин жетекчиликке тартынбай айтыңыз. Ошентсеңиз жыйынтыгына өкүнбөйсүз.